Атай Өмүрзаков: «ТҮЗ ЭЛЕ ФИНАЛГА ӨТКӨН БИЗ БОЛДУК»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Бий менен бүтүндөй Кыргызстанды гана эмес, дүйнөнү багындырып келаткан бийчи Атай Өмүрзаков командасы менен кезектеги бийиктикти багындырды. Ал өзү түптөгөн «Тумар КР» тобу менен биргеликте Германиянын Висбаден шаарында өткөн «Das Supertalent» сынагынын 8-сезонуна катышып, түз эле финалга жолдомо алды.

– Атай, куттуктайбыз! Силердин жараткан ийгилигиңер үчүн абдан кубанычтабыз! Кепти силер багындырып келген сынак тууралуу баштасак. Кандайча сынакка катышып калдыңар?
– Рахмат, жакшы болот. Биз барган сынак Германиядагы эң популярдуу долбоор экен. Сынактын уюштуруучулары өздөрү мага байланышып, катышууну суранышкан эле. Мен аларга «Тумар КР» тобунун видеосун жибергенде топту да чакырышты. Ошентип чогуу номер даярдап, катышып келдик.

– Калыстарды таң калтырган бул номерди канча убакытта даярдадыңар?
– Бул номерди мурун «Тумар КР» тобу бийлечү. Сынак үчүн бир аз өзгөртүү киргизип, 4 балага ылайыкташтырганбыз. Айта кетчү нерсе, топтогу 3-бийчи бала жаңы кошулду. Аты – Баяман. Аны мен бир жыл мурун Оштон тапкам. Ошко жумуштар менен барсам, бир бала «Сизге бийлеп берейинби?» деп калды. Анын бийлегени балдарга анча деле жаккан жок. Мен анын потенциалы бар экенин байкап, «Бишкекке кел, сенин батириңе, бүт баарына каражат берейин» деп чакырып алдым. Баяман келип, биз менен даярданып жүрүп, жарым жылда абдан өстү, жогорку деңгээлге жетти. Топто ага чейин эки бала алмашкан, анын биринчиси да, экинчиси да мындай бийлей алышчу эмес. Мурун мындай бала жок болчу, чындыгында.

– Калыстар тобу силерди дүркүрөтө кол чаап, колдоп, арасында көзүнө жаш алгандары да болду. Бийиңер ушундай таасирдүү болот деп күттүңөр беле?
– Сынакка Германиядагы атактуу инсандар «Modern Talking» тобунун солисти Дитер Болен, немис модель, дизайнерлери калыстык кылды. Модель жана хореограф Брюс Дарнелл алгач биздин кайсы мамлекеттен келгенибизди түшүнбөй жатты. Мен да орусча же англисче сүйлөгүм келген жок. Алар түшүнбөсө деле эне тилимде өзүбүздү тааныштырдым. Сөзүмө түшүнө бербеген алар баштай бергиле дешти. Бийлеп бүткөндөн кийин сөздүн деле кереги жок болуп калды окшойт. Модель мырза ыйлап жиберди. Абдан толкунданткан учурлар кесилип кетиптир. Көрүүчүлөр бизди кетирбей кол чаап, кайра бийлеп бергиле деп суранып 15-20 мүнөттөй кармап турушту.

– Анан да силерге дароо финалга жолдомо беришкендери сыймык жаратты...
– Ооба, биздин бийибизге баа беришти, чынында. Ошол жерде «келгиле, баш байгеге коюлган 100 миң еврону силерге эле берип салалы» деп жатышты. Анан кайра эрежеге баш ийишибиз керек деп, бизге жарым финалга катыштырбай туруп түз эле финалга жолдомо беришти. Финал декабрда Германиянын Кёльн шаарында болот. Кыргызстанда даярданганга жакшы шарт болбогондуктан, Украинага баралы деп жатабыз. Ал жакта тааныштар бар. Буюрса, декабрда өтчү финалга катуу даярдык көрөбүз.

– Жалпысынан канча атаандаш бар эле?
– Негизи, ушул сезонго бул жылы катышкан таланттардын саны 46 миң болуптур. Дүйнө жүзү боюнча чогулгандыктан таланттар көп болчу. Бирок бизде да өзүбүзгө ишеним бар эле. Баш байге фонду 100 миң еврону түзүп, Лас-Вегаска жолдомо берилет экен. Биздин ал жакта бийлеген бийибиз интернетке жүктөлгөндөн кийин бир саатта эле
100 миң киши карап, 5000ге жакын комментарий жазылды. Мындай кароо долбоордун тарыхында болгон эмес экен. Ал жактан да алдыңкы көрсөткүчтө турабыз.

– Рахмат маегиңе, Атай. Декабрда барып, жеңиш менен келишиңерге тилектешпиз. Ийгилик силерге!

Биздин мекендештерибиздин бийин көрүп калыстар көздөрүнө жаш алышты.

Баяман колун артына кайрып бийлегенде баары таңыркап калышты.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(54)
06.10.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар кыргыздын атын чыгарып журо бергиле!
07.10.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар алга!!!
07.10.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар алга!!!
07.10.2014. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!!!'
07.10.2014. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атай ушунча элдин алдында, чет жерде кыргызча суйлогонун кыргыздар учун бир аз болсо дагы жениш болду жана ушул женишти тартуулаганын учун силерге чон рахмат. Эми финалда жакшы бийлеп, биринчи орунду утуп алышынарга Кыргызстандын эли баары эле тилектеш болуш керек. Силерге ийгилик. Эми декабрда боло турган финалда бийинерге коштолгон музыканарга кадимки эле кыргызыбыздын комузунун добушун эстрадага кошуп койсонор абдан сонун болмок. Себеби жаны бийлеп баштаганында биринчисиндеби же экинчисиндеби
07.10.2014. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комуздун коштоосундагы музыкан абдан сонун угулган, мумкун болсо ал музыка болбосо дагы иши кылса комузду кошуп койсонор, жарым финалда кыргызча суйлогондой эле элдин алкышына мындан дагы коп ээ болот беленер деген менин жекече оюм. Рахмат!
07.10.2014. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soonun janylykko.Alga baldar,finalda jenishke jetishenerge tilekteshpiz!Biz siler m.n syimyktanabyz!
07.10.2014. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер!!! Окуп жатып козго жаш келди. Кыргызымды тааныткан ушундай эр азаматтарыбыз коп болсун.
07.10.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,Атайчик!Бар бол,сени менен сыймыктанабыз!Ийгиликтер болсун,Жараткан колдосун.Аттин,акчам болгондо ушул жигиттерге жардам бермекмин.
08.10.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ggvatua, jardam berem degen oyunan senin.
07.10.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озуна чымын чиркей кирип чыкканын билбей каласында талантына таазим этип тан калып.. ийгилик силерге..
07.10.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samat-89-kg, комментиң аябай жакты :)))
07.10.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайдын КРга кошкон салымы ото члн эч ким мынчалык сыймык тартуу кыла электир. Азаматсынар силерге чооон ийгилик жана жетишкендик каалайм. Декабрда да женишке жеткиле.
07.10.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сиздерге!Баяман менин жердешимго молодец ишине ийгилик!
08.10.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erniza, ushu jerdesh -perdesh degeninerdi koigulachy!!!
08.10.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар @-->- . Ийгилик силерге***
08.10.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
И баса айта кетейин дегеним ТНТ каналда танцы деген сынак болуп жатат. Ушул келаткан субботада Атай тобу менен чыгат экен .
08.10.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктанам,Атай Respect! Чехияда Атай белгилуу
08.10.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!
08.10.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Атай дагы дагы таланттын ташкындап аша берсин!
09.10.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай-ар дайым бар бол жана аман бол!!!
09.10.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A birok biz syimyktangan Ataidy jana KG Tumardy bul jakta b.a Germanianyn Synalgylarynda Kyrgyzdar emes, Orustar katary korsotup jatywat! Janagy kotormochu sahnada degen oruscha suilop turdu eehhh chirkin! kyrgyz bolgonduguna karabastan!
09.10.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Кечээ парламентте (ЖК) Атайга наам беребизби деп талашты, бир законду карап жатып. Аябай капа болдум, ушундай таланттарга бербей кимге бермек эле. Кыргыздын атын дуйного таратып жатышса ээх чиновниктер. Эл бар оздору баалап алышат.
09.10.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар. Видеосун коруп аябай кубандым. Кыргыз эли силер менен сыймыктанат. Дайыма ийгиликтер коштоп, олкобузду ааламга таанытып журо бергиле.
09.10.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100мин евро ну утат буйурса, анан "шефтер" налог кана деп чыга калышат...
11.10.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай биз сени менен сыймыктанабыз алга!
Ал эми сенин талантынды коро албай, сенден озунун кор тирилиги учун акча сураган Т. Сариевге уят! сиз урматтуу Т. Сариевич калмак окшойсуз демекчимин.
11.10.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Атай кайсыл жерде болсон да кыргыздын желегин желбирет биз ишенебиз сага.Атай колундан гелсе кыргыздын туусунан гийим тиктирип гийип чыксан мындан да лучше болмок аган Зарибек.
12.10.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун кайдан корсо болот айтып койгулачы
13.10.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir83, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/uservideo/128550/
12.10.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayaman super eken !!!
13.10.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksat-kg, курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
13.10.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Видеону коруп сыймыктандым! Кыргызча суйлогондон жаштар уялышат, азаматсын Атай!!!
14.10.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтсынар Чыныгы кыргыздын патриот жигиттери.
25.10.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эң сонун ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо