ҮЧ КУРБУ (сериал)

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Ушул күндөрү Баян дагы бир нерседен шекшип жүрдү. Бирок ким экенин ачык билчү эмес. Бир күнү Назик менен жолугуп келип кызымды жерден ала коюп боорума кыстым. Ал мурдун чүйрүп жиберди.
– Апа, атам Назик эже жыттанып жатат.
Баяндын көзү алайып, селдейип туруп калды. Көзүн тиктей албадым, анткенге кудуретим жетпеди, көз алдымда өлүп бара жаткандай сезилди. Бирок көңүлүмдүн түпкүрүндө «өх, деги билсинчи» деп жибердим. Кыйкырып-өкүрсө, ыйласа деп жаттым. Ал анткен жок, тез бурулуп ваннага кирди да, кусуп жиберди. Өзүмдү ошол кусундуга аралашып калгандай сездим. Ошол күндөн баштап Баян экөөбүздүн ортобузда үй-бүлөлүк чатак ырбай баштады. Ортодо балдарга кыйын болду. Же мага тарта алышпайт, же апасына. Күндөн-күнгө көз алдымда ушаланып, кыйналып жатканын байкайм да, кыйкырып-өкүрүп алса деп ойлойм. Байкушум ичтен сызып, эмне кыларын билбей жүргөндө мен анын кош бойлуу экенин билдим.
Үйдө үч күн дарыланып жаттым. Оорусам мурдагыдай үйрүлүп түшчү Баян жаныма жакын жологон жок. Болбосо шорпо-шилең кайнатып бере койгондо оозума дары-дармек аттууну жолотпойт элем. Мен да көшөрүп, үч күн бою жалаң дары колдонгонум менен жылыш болбоду. Акыры муздаткычтагы эттен алып, өзүм шорпо кайнатып ичкенден кийин көл-шал болуп тердеп, башым көтөрүлдү. Мен дагы эле эмне кыларымды билбей башым маң. Күндө кечте Назикке жолугуп келгенимди сезген Баяндын акыркы чыдамы түгөнсө керек, бир күнү түйүнчөгүмдү түйүп коюптур.
– Кетейинби?
– Кет, бул үйдө жүргөнүң менен оюң башкада. Мага сөлөкөттүн кереги жок. Кете бер.
Башкасы башка эле, муну уккан 5 жашар кызым чырылдап ыйлап жиберди.
– Ата, кетпеңиз!- деп жеңимен тартып боздогон кенжемдин ошол сөзүн угуп, босогодон сыртка аттай албай койдум. Аялым экөөбүздүн ортобуз күндөн-күнгө алыстаса да, бирок балдар үчүн бирге жашоого аргасыз экенибизди ал да түшүндү, мен да.

ххх

Бирок баары бир бул нерсени чечишим керек болчу. Бир күнү Баяндын өңү керсары тартып турганын байкап, чекесине колумду койдум. Ал колумду силкип ийип ваннага кирип кетти.
– Эмне, боюңда барбы?
– Ооба.
Шалдая түштүм. Көз алдыма Назик мага карматкан эки кызыл сызык тартыла түштү. Мына сага, эми эмне болот?
– Анын да боюнда бар,- деп айтып алдым.
– Кимдин?
– Назиктин.
Баян ичин басып бүк түшө калды. Анын көздөрүнөн тирүүлөй өлтүргөнүмдү билдим.
– Канча ай?
– Эки айлык болуш керек.
Ал темселей басып барып өз төшөгүнө кулады. Бул абалдан башка адамдар кантип чыкмак билбейм, мен алапайымды таппай калдым. Эки жагымда кош бойлуу эки аял. Андан тышкары эки балам. Кимисине барып, кимисине эмне деп айтарымды билбейм. Назик биринчи баласы болгон үчүнбү, өтө оор көтөрдү. Обу жок эле ыйлап, мени беймаза кылып кетпе дей берчү болду.
– Назик, мен 2 күндөн бери сенин жаныңдамын. Баян кош бойлуу, эки бала менен эмне болду? Кабар алышым керек.
Ал болбой колумду курсагына такай калп күлө берди.
– Атасы кетпе, карачы, балаң тепкилеп жатат.
Чын эле алаканымдын алды бүлкүлдөп, жаңы өмүр белги берип жаткандай. Каңырыгым түтөп кетти, чөгөлөй отура калып курсагын сылап, анда жаткан бала менен сүйлөшө баштадым.
– Уулум, жаман атаңды кечирип койчу. Сен жакында төрөлөсүң. Баары жакшы болот. Апаң дайыма жаныңда болот. Мен дагы...
– Уул экенин кайдан билдиң?
– Сен эркек экен деп айттың эле го.
– Атын ким коёлу?- деди Назик эркелей.
– Атын Адам коёбуз. Адамгерчиликтүү, ыймандуу бала болуп чоңойсун.
– Макул.
Гинекологдун айтымында, Назик эркек бала төрөйт. Биз али төрөлө элек наристебиздин атын Адам коюп алдык. Мен эми Назикти эле эмес, анын курсагында жаткан Адамды да эркелетчү болдум. Келерим менен курсагына алаканымды басып Адам менен учурашам, сүйлөшөм. Анын башы кайда, буту кайда экенин издегенимди Назик жактырарын билем. Ал эми Баянга сөз сүйлөп жакындамак тургай, көзүн карай албай жүрдүм. Аны көрсөм эле жүрөгүм сыздап чыгат, үйдөн кеткенге шашам. Анткени кантип күнөөмдү жуушту билбейт элем. Анын да ай-күнү жетип калган. Мүмкүн Назиктен мурда төрөйт же удаалаш. Айтор, экөөнүн тең курсагы жер шарындай чандаят. Кимиси мурда, билбейм. Бир билгеним, Назик эркек төрөйт. А Баянчы?
Бир күнү жанымды чыгарган окуя болду. Үйгө келсем Баян жок экен. Балдарды үй кызматында жүргөн аял карап калыптыр. Балдарымды эркелетип жатканым менен көзүмдү сааттан албай улам карайм. Кызганыч көкүрөгүмдү өрттөп бара жатты. Эмне кыларымды билбейм, ары басам, бери басам. Ушуга чейин Баянды кызганып көргөн эмесмин. Анткени ал бүтүндөй меники эле.
Сыртта турсам машина токтоп, андан Баян түштү. Алдынан утурлай чыксам, ал мени көрбөгөндөй жанымдан өтүп кетти.
– Түн катып ким менен жүрөсүң?
– Айылдан Эмир деген классташым келиптир.
Баяндын өңүнөн да, жүзүнөн да эч нерсени байкабадым. Эртеси кокусунан Назиктин Эмир деген жигит тууралуу Жанара менен сүйлөшүп жатканын угуп калдым.
– Ал кайдагы Эмир?- дедим жөн салды.
– Жанаранын бүтпөс жарасы, ошол деп турмушка чыкпай жүрбөйбү. Ал болсо Баяндан үмүтүн үзө албай үйлөнбөй жүрөт. Негизи, биздин классташыбыз жаман бала эмес, бирок Баяндын айынан башын жоготуп...
Жаным чыгып кете жаздады. Көз алдыма Баяндын машинадан түшүп келе жатканы тартылды. Мени кызганыч муунтуп бара жатканын байкабай Назик бир нерсе деп мойнума асыла бергенде колун алып кагып салдым.
– Эмне болду?
– Эч нерсе.
– Баян тууралуу айтсам ушинтип калдың, ээ?- кекерлей күлгөн Назик көзүмө жаман көрүнүп кетти.
– Мен кеттим.
– Кетсең кет, бирок билип кой, Баян сен ойлогондой периште эмес...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(31)
06.10.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектен сакта!!!
06.10.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуя ото кызык жерине келиптир ээ куйоосунун сезими эми ойгоно баштагандай .
06.10.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул болгон окуя б же питер би
06.10.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
слава богу что у меня нет подружки
06.10.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун чыгарма, эн негизгиси азыркы чыныгы жашоодо болуп жаткан окуя. Сабак боло турган жерлери коп. Баяндын куйоосу ( атын унуттам) озуно ишенген, дайым максатын билген, аял кишинин амалдуу экенин билген адам болсо да адашты.
06.10.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан менен Жанара да журуп кетет окшойт
06.10.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыгылып кеттим окуп буткучо. Назик торой албай калат окшойт ээ.
06.10.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KoZumon jaw agyp ketti...uf,uwundaida bolobu???meninda 3 kurbum bar en jakyn.....kelechek aldyda sak boluw kerek ekenda e mmmm
06.10.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асия эже кобуроктон жазынызчы. Пли.и.и.и.из. Ар аптада ар кайсы каарманга жан тартам.
06.10.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик эмне деп айтат эми Дастанга,ойлогонум эле ушул болуп атат.
06.10.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Суппер инфо, бул чыгарманын китеби жокбу??????
06.10.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cholpon14, саламатсызбы!
Тилекке каршы, жок.
06.10.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо аябай кыйнадынар го журокту сыгып.качан бутот?
06.10.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен чыгарма кудай ар бир уй-булосу бар эркеке ыйман бере кор жолунан адашпасын эч бири
06.10.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун коз жашынан эч кандай бакыт кура албайсын деген чын да.Назикти жек кором
06.10.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик төрөй турган бала Дастандан болсо экен деп тилеп отурам го.
06.10.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin oium4a Nazik menen Bayan bir kundo bir torotkanada toroit anan Naziktiki balkim 4ar4ap kalat anan Bayandykyn uurdap alat bolushu kerek...
06.10.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фантазиянар аябай иштеп кеткенго (каментарий калтыргандар).
06.10.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul butku4o oorup kalbasam ele boldu.
06.10.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф коп коптон жазгылачы чыдамым кетип баратат
07.10.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик олуп калат окшойт при родах, баласын багып алышат Дастан менен Баян.Кийинкисинде кооооооп жазгылачыыыы!
11.10.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
snegurochka11, мен да Ушинтип ойлоп атам эки Баланы эгиз кылып багып алат го деп
07.10.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмирге шанс болуптурда, "Манастан Чубак кемби экен?" Баянга ийгилик.
07.10.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баян эми Эмир менен болсо экен ал аны бактылуу кылат
07.10.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фантазияңар аябай иштеп кеткен го)
Кадырына жетпеген эркекти башына урабы Баян. Эмирди эле карасын эми Дастанга башын оорутпай. Дастан өзүнүн кылганына өмүр бою өкүнө турган болсун.
07.10.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joldoshunun atynan ulantuu kyzyksyz bolup kaldy, kaira kaira kaitalabai ele, Bayandyn aituusu menen jazylsa bolmok.
08.10.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsyzdarby men bul chygarmanyn baaaawyn tappai jatam jardam berip koiunuzdarchyyyyyy
08.10.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
good-girl, саламатсызбы!
Сериалдын төмөн жагында "Башка сандарда" деп белгиленген жерде бардык сандары бар. Ал эми эң биринчи сериясы төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/article/?article=27867
08.10.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(ушундай да адам болобу байкуш Баян...
09.10.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Choon rahmat baaryn okup chyktym ulandysyn chydamsyzdyk mn kutoooom.
11.10.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик эркек бала тороп Тороттон жан бериптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо