Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОНОЛГОН МИЛЛИОНДОРДУН ДАЙЫНЫ ЖОК

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Өлкөбүздө ири суммадагы акчалар тонолууда, бирок кылмышкерлерди издөөдөн жыйынтык чыкпай келет. Өткөн жылы ноябрда Ош шаарынын аэропортунан 4,5 миллион доллар тонолгон болсо, быйыл 23-сентябрда Бишкек шаарынан 1,7 миллион АКШ доллары тонолду. Тилекке каршы, мындай ири тоноолордун бети толук ачылбай келүүдө.

ИНКАССАТОРЛОРГО КОЛ САЛЫП, 1,7 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ТОНОП КЕТИШТИ
23-сентябрда Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин кызматкерлерине белгисиз кылмышкерлер ок атып, инкассаторлордун унаасындагы 1 миллион 770 миң 457 АКШ долларды жана 6 миң еврону тоноп кетишкен. Натыйжада күзөт агенттигинин эки кызматкеринин бири ур-токмоктон, экинчиси октон жараат алып ооруканага жеткирилсе, 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумду. Маалыматтарга таянсак, аталган күзөт агенттиги жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүп келген. Акча Бишкектеги соода борборлордун биринде эмгектенген түрк ишкерине таандык болгон. Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда жаракат алган эки кызматкер ооруканада, ал эми кылмышкерлер кармала элек.

ОШтогу ТОНООГО БИР ЖЫЛ БОЛДУ, КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛА ЭЛЕК
Өткөн жылдын 9-ноябрынын 10-ноябрына караган түнү Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан куралданган 5 кылмышкер Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургунуна ок чыгарып, анын жанындагы 2 баштыкта салынган акчаны тоноп кетишкен. Жабырлануучу кылмышкерлердин артынан кууп, алардын бирин кармаганга жетишкен. Жабырлануучунун айтымында, баштыктарда 4,5 миллион АКШ доллары болгон экен. Ал акча «Кара-Суу» базарында иштеген бир канча ишкерге таандык болуп, Түркияга алтын-зер буюмдарын алып келүүгө жиберилип жаткан. Кармалган жарандын жанында чет өлкөлүк үлгүдөгү курал жана уурдалган акчанын 1 миллион 129 миң АКШ доллары болгон. Калган акчалар кылмышкерлердин колуна кеткен.
Бул кылмыш боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип дагы 2 жигит кармалып, калган экөө ушул убакка чейин кармала элек. Кылмышка шектүүлөрдүн жактоочусунун жазган арызынын негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерине «кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алган» деген айып тагылган. Бул иш жакында эле жыйынтыкталып, кызматкерлер акталган. 1 миллион 320 миң доллар ээсине кайтарылган. Калган акчалар табылып, ээлерине кайтарылып бериши күмөн.

ОРУСИЯДА ДА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН МИЛЛИОНДОРУН ТОНОШКОН
Ушул жылдын 26-августунда Москва шаарынын тургуну Кыргызстандан барган досун Домодедово аэропортунан тосуп алган. Кыргызстандан барган адамдын жанында көп суммадагы акча болгон. Ошондуктан аларды коштоо үчүн алдын ала инкассатордук унаа жалдап коюшкан экен. Жолдо баратканда инкассатордук унаанын айдоочусу кардарларына жана аларды кайтарып бараткан 2 күзөтчүгө тапанча такап коркутуп, баштыктардагы 1,5 миллион АКШ долларын алып, из жашырган.
2013-жылдын 13-ноябрында эртең мененки саат 9:30дар чамасында Бишкектен барган 39 жаштагы Вячеслав Запрягаев деген жаран Шереметьево аэропортунан чыгып баратканда кара түстүү Мерседес үлгүсүндөгү унаадан белгисиз жарандар ок чыгарышкан. Андан соң Вячеславдын колуна кармаган баштыгындагы 1 миллион 600 миң АКШ долларын тоноп кетишкен. Жабырлануучу колунан жана бутунан жараат алган.

Жогоруда 2 жыл ичиндеги ири суммада тонолгон акчалар боюнча маалымат жазылды. Албетте, мындай сумманы жөнөкөй адамдар уурдабайт. Ошондон болсо керек, кылмыштардын бети азыркыга чейин ачыла элек. Ош ОИИБи да, Бишкек ШИИББи да бул кылмыштар боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартышууда. Айтор, бул кылмыштарда табышмактуу жагдайлар көп, бул окуяларга дагы кайрылганга аракет кылмакчыбыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
06.10.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте булардын устундо биздин чондорубуз тура да:(
06.10.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондор менен чёрныйларыбыз эле жайлайт
06.10.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болсо да бироонун акысын жеп кноого батканын билип атты бекен. Буйрубайт барыбир башк жагынан болсода чыгат...
08.10.2014. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биронуку бироого буйрубайт
12.10.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kama_future_millioner, Эн еле туура айтасын буйрубайт
09.10.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор аралашпаса бизге окшогондор кыла албайт
10.10.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бундайларды чёрныйлар кылат неге чиновниктер тонолбойт жеке ишкерлер тонолот чёрныйларга налог бербей койгон болуш керек чиновниктер берип туратда кобунчо оздору чёрный. эгер ошол чондорду тоноп элге жардам бергендер чыкса колдомокмун жана кошулмакмын жардам бермекмин
10.10.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой адамдын колунан келбесе керек мындай чон сумманы тонош.
10.10.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди "черный"деп атып кетишти андан да дайын жок,бул эми акча экен.биздин улуу урматтууу кызматкерлер коррупцияга алдырбай бир тазалап алышса мындан кийинкилери (айтайын дегеним ошол "черныйлар")да ойлонуп иш жасашмак.окмот жакшы башкарса ушундай чырлар болмок эмес аябай окунучтуу кыргызстан крим чойрого акыркы мезгилде аябай кирип баратканыбыз.
10.10.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kural jaraktardi satip aluuda militsiyalardin kolu bar alar bilet akcha kachan kimden kelet dep,anan ele oshol akchanin kojooyunu turk bolso al kilmish takir achilbayt umut kilbay ele koygula ozum kubo boldum arizdanip turk eken go jon koy dedi (rayonun aytbayin)militsiya nachalnigi militsiyalar ozdoru da bar oshol ishtin ichinde,jok ele degende tabilsa dele para tabilbay atat dep juro berishet kiyindelo jabilat chekit....
10.10.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milisiya izdegen dagy jokta bizdin ylyy urmatuu deputattar ministirleribiz japtyryp koiduda....
10.10.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде коррупциянын куну жарыкда. Кармаган адамдарга деле бир болугун сунса,издеп жатабыз деп кетеберетда.
11.10.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап корсон баардык жакта эле чиновниктер дейт 9 нан 10 караган туну кошунамдын уйуно ууру кирген уурулардын ичинде 2 милиция 4 депутат 3 министр1 президент бар окшойт эле уурдагандары болсо 1 телевизор 3 литр варенье 1 диван креслосу менен анан да кухнядагы мусур салган чакасы ууруларды тааныгандар болсо кошунама келип айтып койггулачы суйунчусу бар (200)сом болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо