Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Токонова: «МАШИНА АЙДАГАНДАН БЕРИ СӨГҮНЧӨӨК БОЛУП КЕТТИМ»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Назирага телефон менен байланышып, кайсы жерден жолугарыбызды айтканымда эле «ал көчө бир багыттуу эмеспи?» деп тынчсызданды. Жаңыдан унаа дүйнөсүн таанып-биле баштаган ырчы айымды кепке тарттык.

УНААСЫ ТУУРАЛУУ
Үлгүсү – Ауди А4
Эң жогорку ылдамдыгы – 180-200 чакырым-саат
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1800 см3
Түсү – Кочкул көк
Чыккан жылы – 2000-жыл
Баасы – 4 миң доллар
Чыгарган өлкө – Япония

– Темир тулпарлуу болушуң менен куттуктайбыз! Кантип рулга отуруп калгандыгың тууралуу айтып берсең.
– Жаңы жылда «тулпар жылында темир тулпарлуу болоюн» деп аябай тилек кылгам. Тилегим орундалып, жеңил унаа сатып алганыма 2 айдай болуп калды. Бул машина башында жездемдики болчу, ал алганда эле жактыргам. Анан жездемди мага сатыңыз деп жатып акыры алдым. Ата-энем жардам берди, андан тышкары Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө ырдап көбүрөөк гонорар алгам, ошону коштум. Кээ бирөөлөр мен жөнүндө «кантип эле өзүнүн акчасына алды, демөөрчү байкелери белек кылса керек» деген сыяктуу ушактарды айтканын угуп калып жатам. Аларга айтарым, үстүбүздө Кудай карап турат.
Учурда машинам жаңы келген келинден бетер кайсы тууганымдыкына барбайын «жоолук салынып» жатат. Башында унаам бар экенин унутуп 10 сомумду даярдап, маршруттук таксиге түшүп кеткен күндөрүм да болду (күлүп).

– Машина айдаганды кимден үйрөндүң? Жол эрежесин бузган учурларың болдубу?
– Жаңы айдап жүргөндө жаныма айдаганды билген курбуларымдын бирөөсүн сөзсүз салып алчумун. Аларга «артты кара, капталды кара» деп шашкалактап кыйкыра берер элем. МАИчилер мени тоспосо деле аларды көргөндө калчылдап калам. Бирок бир да жолу аларга түшө элекмин. Айдоочулук күбөлүктү окуп алганым менен, шаар ичинде айдагандан кыйналдым.

– Унаалуу болгуча коомдук транспорттордо жүрчүсүң да, жүргүнчүлөр таанып калчу беле?
– Мурда көбүнчө коомдук транспорттордо, шашылышта такси менен жүрчүмүн. Автобуска же маршруттук таксилерге түшкөндө жетчү жериме терезени чукулап араң жетчүмүн. Акыркы күндөрү уяла баштагам. Жүргүнчүлөр «ырчы кыз» деп бири-бирине шыбырашса, кээ бирөөлөр атайын эле мага тийишип «жашоо бир келет» деп ырдап калышчу. Бирок азыр маршруттук таксиге түшкөн кезимди сагына баштадым, себеби музыка угуп кете берчүмүн. Азыр машина айдап баратып музыка уга албайм, алаксып кетемби деп корком. Бирок өзүңдүн унааң болсо иштериң кадимкидей тез бүтөрүн байкадым.

– Жаңы айдоочу сөзсүз кызык окуяларга кабылат эмеспи, сен да андай окуялардан куру калбаган чыгарсың?
– Учурда көчөлөрдүн кээ бирлерин таппай, кайсынысы бир багыттуу экенин билбей кыйналып жаткан чагым. Бир жолу бир багыттуу көчөгө билбей түшүп алыптырмын. Артка кайрылайын десем бет маңдайымдан келе жаткан бир КамАЗ батпай калды. Мен ичимден бул эмне деген тар жол деп коём. Анан бир машинанын айдоочусу «бул бир багыттуу жол» деп белгини көрсөттү.
Өткөндө филармонияда бир концертке даярданмакмын, уктап калып шашкан боюнча эле машинамды айдайын десем от алышы мурдагыдан оор сезилди. Эмне болду экен деп башым жетпей айдап кете бердим. Орто жолго жеткенде жол чырактан токтосом эле ичи бир нерсенин күйүгү жыттанып кетти. Кабатыр болуп ичин карап коюп, кайра айдап кеттим. Көрсө, кол тормозду тартып койгон боюнча унутуп калыптырмын. Аны жеткенде көрдүм.

– Мырзалар «кыздарга рулда отуруу жарашпайт» деп коюшат го. Жолдо сага тийишип же ачууланган мырзалар болобу?
– Байкашымча, кыздар шашпай, кылдаттык менен айдашат. Ал эми эркектер катуу ылдамдыкты жактырышат эмеспи. Жолдо баратканда коркуп, жай айдайсың. Анан артымдагы машиналардын айдоочулары сигналдарын басып, айрымдары алдыма чыкканда мени жаман көздөрү менен карап, колдору менен «жиндисиңби?» деп ишарат кылып кетишчү (күлүп). Тыгында турганда айрым жигиттер терезеден башын чыгарып тийишип да калышат.

– «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» демекчи, машинаңды кандай карайсың?
– Унаам баламдай эле болуп калды, үйрүлүп түшүп, керек болсо сүйлөшкөнгө чейин барам. Башында күнүгө өзүм жуучу элем, азыр болсо унаа жуучу жайларга жуудуртуп жатам. Темир тулпарымды иреттүү алып жүргөнгө аракет кылам. Ичинде концертке кийүүчү кийимдерим, бут кийимдерим көп. Бийик такалуу туфли менен айдай албагандыктан, жалпак бут кийимдеримди салып алам, кээде бут кийими жок, жылаңайлак деле айдай берем.
Акча болсо өзүңө эмес, машинаңа керектүү нерсе алып калат экенсиң. Унаамдын кайсы жеринде кандай чийик бар экенин жатка билип калдым. Рулда отургандын жаман жери, жолдо тыгындарга кабылып, алдыңдан ар нерселер чыга калып же жол эрежесин бузгандарды көрө берип сөгүнчөөк болуп калат экенсиң.

«Тыгында турганда жигиттер тийишип калат».

«Кийим салчу гардеробум унаамдын багажы болуп калды».

Асхат Субанбеков
star@super.kg


Назира Токонова: "Унаам жаңы келген келинге окшоп..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(64)
07.10.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы деген жаман кобойду го чиркин,,,,,,,,
07.10.2014. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да коптон бери тилеген ойума жеткем... Бирок такыр озум Жуубайм. Тушунуп атам кандай суйунуп Атканынды. Кут болсун бирок мага Эч ким жоолук берген эмес(((
07.10.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар машинага кызыкпагыла, машина айдасанар колу-бутунарга кишен тушкону. Анын себеби бутунар-педалдан, колунар-рульдан чыкпайт дегеним.
07.10.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тулпарын кут болсун.Татынакай эле кызсын,бирок кийген кийимине ичим жылыган жок.Элдин кызы болгондон кийин,эки жагынды каранып кийсен болмок даа.
07.10.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтонго уруксат эмес жерге коюп алганын...
07.10.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazira eje temir tulpariniz kut bolsun....al emi ununuzgo soz jok soooonun maga but yrlarynyz jagat abdan jakwy.....jurum turumunuz kiiingeniniz baary jakwy sizge iigilik kaalaim bar bolunuz!!!!!
07.10.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koomduk transporttordon korup kalchu elek emi korboi kalat turbaibyzbyyy
SUPER.KG видео
07.10.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык,жакшы кыз экен.Машинан кут болсун,жалан жакшылыктарга журуп турсун,жакшы машина экен,менин да ушундай машинам болсо,аябай суйунот элем!
07.10.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шоу дуйнодогу адамдар мактанганы кобойуп бара жатат
SUPER.KG видео
07.10.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенжеге окшош экен.АГК'дагы...
08.10.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жагат
08.10.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ кишилер согунот
Модератор admin_superstan түзөттү 08.10.2014 09:49
08.10.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslan1969, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
08.10.2014. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattuu "estreppo" kechiresiz bul kyz yrchylar koboillektele yrdap jurchu bilip alynyz
08.10.2014. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo Naziranyn kachan elge taanylganyn bilesinbi ozu
SUPER.KG видео
08.10.2014. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Butu ХХХ ХХХ aila jok da mindai buttarga uzun da jarashpai je kiska da jarashpai jaman da.
Модератор admin_media түзөттү 08.10.2014 09:28
08.10.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу болуу керек. Ото сабырдуу болуу керек....
SUPER.KG видео
08.10.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Фигурасына жараша кийинсе болмок. ХХХХ ХХХ Кыска койногу такыр жарашпаптыр.
Модератор admin_media түзөттү 08.10.2014 10:15
08.10.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыл кайсы ырды ырдайт
08.10.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында согунчумун.нервная болуп айдайт элем азыр спокойствие тоолько спокойствие:)
мен кобунчо эркек балдарды уят кылганды жакшы кором..мыскылдагансып караганда тим эле жаным кашаят кыздарга караганда 60%балдар праваны окубай эле сатып алгандар.менин досторум бар механикага омуру отуруп корушкон эмес.
09.10.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынын айтсам мен бул ырчы кыз менен коп жолу туулган кун жана башка вечеринкаларда чоогу отуруп калгам. биз бири бирибизди юютюааюнюыбайбыз. биздин общий досторубуз бар экен. мен ушу назиранын бирда ырын укпаптырмын чюыню айтсам. бирок назира токонова деген ат мындюаююй юютюаанымал и кулака угулгандай сезилет. бирок ырын укпаптырмын. вечеринкада отурганда деле аябай шайыр кыз,тарсылдаган эркек муноз согунуп суйлогон эле кыз, мен коргом бул чындык.
SUPER.KG видео
09.10.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу деле эмес экен.Эркекче жургон кыз окшойт уну ошондой экен
09.10.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отоо ашырып мактанып жибериптирго. согунуп жиберем деп .копкон адам согунот да. супер инфо мен да машина алдым 7000 доллор обьявления берип койгулачы эл билсин.
10.10.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Furkat80 senin mashinandy nege jaryyalasyn ХХХ ne?yrchy bolbogon son
Модератор admin_superstan түзөттү 11.10.2014 23:56
11.10.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_sulushka, furkat80, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, жеке айтышууларга жол жок! 3 күндөн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 13.10.2014 09:56
11.10.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира акыркы кундору аябай толуп бара жатат.
11.10.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
арзан эски машинасын мактанбай эле койсо болот эле.
SUPER.KG видео
12.10.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эски машина экенго.
SUPER.KG видео
12.10.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинаныз озунузго сонун жарашыптыр,кут болсун!Аябай татына суйкумдуу айымсыз.Ал эми бир адамды экинчи адамга салыштырып эмне кереги бар ал сулуу бул сулуу деп баарыбыз оз алдынча пенделербиз,баарыбыз оз алдынча жылдыздуубуз да.Анан мындай фигуралуу айымдар да болуш керек,баары эле ийнеликтей боло берсе,толмоч кыздарыбызга жашоо кыйыныраак болуп калат го...
SUPER.KG видео
12.10.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир аз астын жабып алса болмок!!!
SUPER.KG видео
22.10.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулпар кут болсун эжеке,кыргыздын сыймыгы болунуз унунуз эч качан очпосун тулпар менен желдей сызып биздей болгон куйормандарынызды кубантып журо бериниз
23.11.2014. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кундорунуздо жакшы журуп берсин, донголоктору зынк болсун эже буйурсун) а коп согунгон адатыныз барып барып кийинчереек калып сетей озу эле.. анан машина айдаганда нерв иштетпей, спокоойно шашпай айдаганга кондурунуз озунузду.. ошондо жакшы профециональка айдоочу болосуз)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо