Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАТИРДЕН КӨЧТҮК БАТИРГЕ...

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

«Үңкүр да болсо үйүм болсунчу» деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Анткени батир издөө, батирден батирге көчүү өзүнчө бир түйшүк эмеспи. Шаарда өз үйүнө жеткичекти батирлеп жашагандар миңдеп саналат. Алардын катарында белгилүү жылдыздарыбыз да арбын. Батирде жашоону башынан өткөргөн атактуулар ал тууралуу кызыктарды айтып беришти.

Роза Шакирова: «ТАМАК-АШЫБЫЗДЫ КЕЛЕМИШТЕР ЖЕП КОЮП...»
– 2005-жыл болсо керек, окууну жаңы бүтүп, «Туңгуч» театрында иштеп жүргөн кезим. Делбир деген ырчы кыз экөөбүз 3 бөлмөлүү жарым үйгө батирге чыкканбыз. Анда жаңыдан атым чыгып, анча-мынча тойлорго да бара баштаган элем. Батирибизге жайгашкан соң шашып тойго кеттик. Тойдон түнкү саат 12де келип, алып келген устукан, тамак-аштарыбызды ашканага коюп уктап калдык. Эртең менен туруп, чай ичели деп ашканага кирсек эле столдун үстүндөгү тамак-ашты 3-4 келемиш жеп жатыптыр. Жаман «наглый» келемиштер экен, бизди көрүп качып да койгон жок. Мен чочуп кыйкырган боюнча эшикке атып чыктым. Катуу жийиркенип койгон окшойм, ошондон тамагым ооруп, көпкө эч нерсе жебей жүрдүм. Келемиш бүгүн тамак-ашыбызды жеди, эртеңкиге калсак кулак-мурунубузду жеп албасын деп кечинде көчүп кеттик. Жер тамдан коркуп калган жаным кымбатына карабай кабаттуу үйдөгү батирлерде жашап жүрдүм. Ошол келемиштерди эстесем дагы деле денем жыйрылып, жүрөгүм айланат.

 

 


Бактияр Токторов: «БАЙКУШ ЫРЧЫНЫН ҮЙҮ ЖОК» ДЕГЕН СӨЗГӨ НАМЫСТАНЫП...»
– Мен үйлөнгөнгө чейин деле, үйлөнгөндөн кийин деле көп батирлеп жүрдүм. Үйлөнгөндөн кийин 10дон ашуун батир котордум окшойт. Батир издеп барсам эле үй бергендер мени таанып алышат. Анан «сиздин үйүңүз жокпу?» десе, оозу-мурдум кыйшайбай «жок, батир сатып алайын деп издеп жүрдүм эле» деп калп айтып коём. Ошентип эптеп мени тааныбаган кишинин батирине кирсем, кошуналары таанып алыптыр. Бир күнү эшиктин жанында «мынабу байкуш ырчынын үйү жок экен, квартиралап жүрөт» деп сүйлөшүп жатышканын угуп калдым. «Бактияр байкуш» деген сөз элге таркап кетпесин деп эртеси ал жерден да көчүп кетип калдым. Кеткенде да жөн кетпей, ошол кошуналарга «мен жаңы үй сатып алдым» деп мактанып кеттим. Ошентип куру намыстанып жүрүп Орусияга барып иштеп, бир бөлмөлүү үй алдым. Балдар чоңоюп бир бөлмөлүү үйгө батпай калдык. Анан үйдү кеңейтиш керек болуп Сокулуктан 20 сотых жери менен үй алып, жанына ойдогудай там салып алдым.

 



Мирлан Баеков: «БАТИРДЕ ЖАШАЙМЫН ДЕП АККОРДЕОНУМДАН АЙРЫЛГАМ»
– Бишкектин мен жашабаган жери калбады окшойт. Үйлөнгөнгө чейин батирлерди байпак алмаштыргандай эле алмаштыра берчүмүн. Жадакалса канча батир алмаштырганымды билбейм. Көз тийбесин, үйлөнгөндөн бери эки жолу эле батир котордум окшойт. Бир жолу мен да элге окшоп адамча жашайын деп 7000 сомго бардык шарты менен кабат үйдөн батир алдым. Анан айылдан жууркан, төшөк, идиш-аяк алып келип жакшы эле жашап жаткам. Биринчи ай бүтүп, экинчи айдын акчасын бере албай калсам болобу. Анан эшикти бекитип качып кеткем. Ал ортодо үй ээси башка кишилерди киргизип коюптур. Акча таап, карызымды төлөп, оокаттарымды алып кетейин деп келип үйдүн кожойкесин таппай калдым. Жаңы көчүп келген кишилерден сурасам «сенин буюмдарыңды билбейбиз, биз келсек эч нерсе жок экен» деп эшигин жаап алды. Буюмдарым калса калар, аккордеонумду таппай калганыма ичим ачышып ыйлаган болчумун.

 

 

 

Клара Алибекова: «ТАПКАН АКЧАМДЫ ҮЙ ЭЭСИНЕ КАРМАТАМ»
– Учурда үйүм жок, батирде турам. Атайын баламды борбордон окутайын деп Жалал-Абаддан Бишкекке келгем. Балам экөөбүзгө бир бөлмөлүү батир кенен жетет экен. Жылуу, бардык шарты бар деп көп кабаттуу үйдөн тандадык. Учурда тапкан акчамды ай сайын үй ээсине кармата салып жатам. Алдап кеткен, качып кеткен же болбосо акчаны кечиктирип берген квартиранттардан эмесмин. Акчаны өз убагында бергенге аракет кылам. Үйдү бошот десе төрт төшөгүмдү көтөрүп башкасына көчүп кете берем. «Өз үйүм өлөң төшөгүм» дегендей, албетте, өзүмдүн үйүм болсо дегенде эки көзүм төрт. Кудай буюрса, аман болсок, ага деле жетербиз.

 

 

 

 

Нурмат Садыров: «МАШИНАМДЫ БАТИР КЫЛЫП АЛГАМ»
– Бир кезде ата-энемдин кой дегенине болбой батирге чыгып алган элем. Анткени кафеде музыкант болуп иштеп жүрүп үйгө түнкү саат 2-3тө келчүмүн. Ошондуктан алардын уйкусун бузуп, сарсанаа кылбайын деп өзүмчө жашадым. Батирде жашап жүрүп музыкабызды даңкылдатып, ырдап, отуруш уюштуруп кошуналардан далай жолу тил уккан күндөр болду. Бул арыздануу үй ээсине жетип бизди кууп салды эле, кудай жалгап, ошол маалда жаңы эле машина алган болчумун, мага батирдин да кереги жок болуп калды. Кафеден чыгам да темир тулпарыма кирип уктайм. Жуунуш керек болсо Мирлан Баековдун квартирасына бара коём. Ушинтип машинамда бир канча убакыт жашап жүрдүм. Үйдүн эң кичүү баласы болгондуктан жакында эле үйгө кайтып келдим.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(30)
06.10.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Убагында Клара менен Байыштын бир каналуу батири болчу, ошону эркектик кылып уулуна таштап койсо болмок Байыш.
06.10.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
башкасы мейли Кларага боорум ооруйт жалгыз баласын тарбиялап келе жатат. Клара ийгилик сага алдыда эч артка кайтпа жашоон алдыда. балан учун жашоо мененкурошо бер.
06.10.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кларага бooрум ачыды,кантсе да жалгыз бoq эне да.Oзу айткандай буйруса батирлуу да бoлoт
06.10.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Клара буйурса жетесиң.
06.10.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Клара эртераак уйлу бол квартиралап жургонбуз дагы. Баардыгынарга Насип этсин уй
06.10.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байыш баласына уй алып берип койбойбу кудаа каласа Бул кундор артта калат иншалла Клара ийгилик
06.10.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шаарда бир уйун болсо сонунда.
06.10.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Klara Alibekovany kichinemde kumir tutchumun men da ushundai yrchy bolsom dep kiyin ele korynboi ketti.Buirusa jakyn arada yilyy bolup kalsyn dep siz ychyn tilek kylam, koldogon adamy bolso dagy da hit yrlardy jaratmaksyz Aa Baiysh jalgyz uuluna karalashat boldu beken yi alyp berip koiso bolmok
06.10.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындыгында Клара башкача кыз эле суктанчубуз убакыттын отушу менен адам деле озгорот тура. Клара концерт койуп келитир десе коргончо шашчубуз. Ийгилик сага клара.
06.10.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чын эле Кларанын ырларын мектеп учурунда ырдап эле журот элем уну бир укмуш айдай кызды жееди Байыш.Озу Кларага татыктуу эмес эле ХХХ ХХХ,буйруса уйлуу болунуз,баланыздын убайын корунуз эч чокпонуз сиз дале 18-жаштай жаш корунос душманды кулуп жениниз
Модератор admin_superstan түзөттү 06.10.2014 16:45
06.10.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka-zaika, мазактоодон алыс болуңуз!
06.10.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динара акуловадан да интервью алсанар болмок
06.10.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызык темаго. Клара эже жакшы ырлардан дагы жаздырып бир кыдырып концет берсениз балким уйлуу болуп калаарсыз мээнет менен уйго жетип буту колду кенири сунууп отурган кандай сонун оз уйун олон тошогун. Байыш баласына карашпйт бекен кантип баш которуп журот мындай эркек баласы менен жубайын ташта башка менен жыргап...
06.10.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клара Алибекова узулбогон умут менен жашаныз, умут тилектер Кудайдын айткан куну соссуз орундалат ишениниз сиз да уй алып жакын арада Супер инфого жар саласыз деген умуттомун эжеке)
06.10.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактияр байке озу да кызык, турмушу да кызык киши экен))) кошуналарынызды алдаганыныз эле жакты))) Азаматсыз байке уй булоолук бакыт узун омур каалайм
07.10.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буйурса баарыбыздын баардыгыбыз жакшы болот,уйлу да болобуз,машинелуу да болобуз,башкасы да болот.
07.10.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu Klara eje, oi -kiyaldarynyzga tilekteshmin!!!:)
07.10.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клара Алибекова мурункудай эле жылдыз болуп жанып кетсе болот кайра, просто жалкоолук кылып атат болуш керек.. Сонун ырларды жаздырып, концерт койсо баары барат, эл ошол кичинекей Клараны сагынып журот. Белди бекем бууп, ишке киришиниз Клара айым! Сиздин таланынызды баалап, сизден коптогон жаны ырларды кутуп, сагынып жургон куйормандарыныз коп. Ийгилик! Элитный уйлордон квартираларды алышынызды кудай насип этсин. Кооп балалуу болуп бактылуу болунуз!
07.10.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клара ачык,жашырбай,туз суйлогондун озу эле бакыт.Башка ырчылар ар кандай жолдор менен артист болуп журушот.Сен азаматсын.
07.10.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Квартиралап жашап жаман кыйналдык . Буюрса ага да жетебиз
07.10.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кларанын бугунку жашоосун коруп чынында боорун ачып кетет, бир убактар теленин жылдызы болуп элдин журогуно ырлары менен орун тапкан бул ырчы кыздын бугунку абалы кейиштуу, наамдар акчалууларда, акчасыз, кадыр баркатан калгандарды эске алып адам ордуна корбой калдык го козубузду май басып, болбогон ырчыларды ырчы деп.... Соопчулукка деп мечит саласынар, башка иштерди кыласынар, ушундай жаштардан, анан кары-картандар уйу,кароосуз балдар уйунон кабар алууга келгенде эч ким табылбай калат....
07.10.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Клара Алибекова менен кантип байланышса болот?
08.10.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekyz22, саламатсызбы!
Тилекке каршы, мындай маалымат менен бөлүшө албайбыз.
08.10.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эже баары жакшы болот Жашоо алдыда
08.10.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны министр аз-маз колдоо корсотуп, 1-2ыр жаздырып, форма тиктиртип, концерттик залды бир кунго бекер берип Кларага жардам кылса аз болсо да жардам болот эле. Бирок бул курулай кыял да(((.
08.10.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кларадай болом деп канчабыз ичибизден тамшанып тилек кылчубуз. Клара менин бактылуу балалыгымды, балалык суйуумду эске салат
08.10.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клара эже жалгыз жаш омурунузду бекер откорбой ыгы келсе турмуш куруп албайсызбы балким сизди тушунуп колдогон кыргызымдын мырзалары бардыр сизге соз айткандан батынып жургондор...
11.10.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо сураныч Клара Алибекова жана анын баласы жонундо Байыш мырзадан интервю алып койбойсуздарбы? Убагында Клара ким еле Байыш ким еле,обидно менмин деп канча жыл теленин жылдызы болуп жургон кыз еми минтип батирлге жашап калганы.
13.10.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara1983, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
15.10.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да квартирадабыз буюрса баары жакшы бт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо