Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЖИГИТИ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ. МАДАНИЯТТУУ, ЭСТҮҮ БАЛА ЭКЕН»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Тарсылдап бетке сүйлөгөн, кандай кырдаал, кандай суроо болбосун тайсалдабай так жооп берген бир эжекебиз бар. Табиятынан тың, мырза мүнөз бул айым менен маектешүү ар дайым эркекче өтөт. Төмөндө сөз Гүлшайыр Садыбакасова жөнүндө болмокчу.

– Амансызбы, Гүлшайыр эже? 60 жашка чыгып жаткан экенсиз, карыдым деген сезим каалгаңызды кага элекпи?
– Кудайга шүгүр, аман-эсен кыргыз элимдин, кыздарымдын, сүйүктүү жумушумдун курчоосунда талыкпай иштеп келе жатам. Өзүмдү карыдым деп деле ойлогон жокмун. Тескерисинче, замандын агымы менен турмуштук тажрыйбаларымды колдонуп элиме дагы деле кызмат кылсам деп турам. Жакында карылыктын алды, жаштыктын арты деп 60 жылдык юбилейиме арнап кыргыз элиме той-концерт берейин деп даярданып жатам. Бул концертте менин калемиме таандык обондуу ырларды кыргыз, өзбек, казак элинин белгилүү ырчылары аткарып, тойдун көркүн ачмакчы.

– Демек, жакын арада пенсияга чыкпайт турбайсызбы?
– Менин пенсияга чыкканыма эки жыл болду. Маданияттын өнүгүүсүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн деп өкмөт персоналдык пенсияга чыгарган.

– Маданият демекчи, азыр маданият министрин дайындай албай кыйналып жатабыз. Талапкерлердин бирөөсүн китепканачы, экинчисин актёр деп сындагандар болууда. Кимиси татыктуу деп ойлойсуз?
– Мамлекетибизде кызматка даярдоо, окутуу иштери жок. Эгемендүүлүккө жеткенден бери бизде эркин тандоо. Менимче, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Жылдыз Бакашова көп жыл Улуттук китепканага жетекчилик кылып келсе, Алтынбек Максутов мыкты режиссёр. Кимиси болсо да маданиятыбызды ушул абалдан чыгарып кете алса жакшы. Учурда бул тармактын абалы өтө начар. Бизге алтындан жасалган министрди алып келсе деле мамлекет колдоо көрсөтпөсө маданиятты көтөрүш кыйын деп ойлойм.

– Жакында эле кызыңыз Сайкалдын жигити эл алдында колун сурады эле. Болочок күйөө балаңыз менен тааныштыңызбы?
– Кызым тааныштырды, кичи пейил, тарбия көргөн, эстүү, маданияттуу жигит экен. Мен кызыма «түгөй тандаганда шашпа, жаңылба, бактылуу болоруңа көзүң жетсе мен батамды берем» деп айтып келгем. Болгону башка улутка бербеймин деген болчумун.
Нурлан шакек да салып коюптур, экөө бири-бирин тандаса, жактырып турса мен эч нерсе дей албаймын. Бакыт гана тилеймин.

– Анда Расул Маматкуловдон кийин кыз узатуу кезеги сизде турбайбы?
– Алгач 60 жылдык тойду өткөрүп алалы. Анын үстүнө болочок куда-кудагыйлар Орусияда экен. Ал жакта бизнестери бар турбайбы. Азырынча ал кишилер менен таанышып, той жөнүндө сүйлөшө элекпиз. Тойдун күнүн белгилегенде кыргыз элине жар салып, баарын чакырам.

– Айтмакчы, Сайкал мурунку жигити ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев менен сүйлөшө баштаганда да батамды бердим дегениңиз бар эле?
– Эрнест жакшы бала, студия, концерттерде көрүп эле жүрөм. Эми Сайкал экөөнүн көңүлдөрү келишпесе, мен күнөөлүү эмесмин да. Учурда экөө тең өз сүйгөндөрүн таап кеткени мени кубандырат.

– Илгери «Кыз-Бурактын» курамы Оштун кыздары менен эле чектелип калчу. Учурда топто Чүйдүн, Көлдүн кыздары бар. Сайкал да нарындык жигиттин колун кармады дегендей. Бул борборго жакын болуунун айласы эмеспи?
– Биринчиден, мен Кыргызстанды түрө кыдырып жүргөн адам катары кызыма күйөө тандоодо жерлигине чектөө койгон эмесмин. Экинчиден, «Кыз-Бурак» Ошто төрөлүп, Ошто өстү. Ошондуктан элдер «Кыз-Бурак» десе Ошту элестетип калышкан. Эми «Кыз-Бурак» десе бүткүл Кыргызстанды элестетесиңер. Анткени топ мейкинин кеңейтти. Акыркы бир жылдан бери Бишкекке көчүп келген. Ошондуктан учурда топтун курамында бардык аймактын кыздары бар.

– Сиз Ошто болсоңуз, топту көзөмөлдөй албай калбайсызбы? Анан да Сайкалды бул жакка жиберип коюп жалгыз кол болуп калган жоксузбу?
– «Кыз-Бурак» эч качан көзөмөлсүз калбайт. Бишкекте аларды Жыргалбек Эргешов деген иним көзөмөлдөөдө. Мен жалгыз эмесмин, жанымда 7-класста окуган уулум Эркин, 90догу апам Салия бар. Баягыдай эле бака-шака жашап жатабыз. Андан сырткары үй кызматчы уул, кыздарым бар дегендей.

– Сиздин кыздарыңыз элге темирдей тартипте жүргөн, такыр жаман адаттары жоктой сезилет. Бирок бир кызыңызды өзүнөн улуу киши менен жүрүп, мас болуп келгенде какыс-кукус кылып койдум дегениңизди окуп таң калдым эле...
– Беш кол тең эмес да. Эненин 10 баласы болсо, 10 түрдүү кыялы болот. Андай кызым да болгон, антип айтканым да чындык. Ал кыздын ким экенин айтуунун кереги жок. Учурда үй-бүлөлүү, анын бактылуу гана болушун каалайм. Мен кыздардын жаманын жашырып, жакшысын ашырып тарбиялап келгем, тарбиялай берем.

– Мындан мурунку муундагы кыздарыңыз Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабыловалар «Кыз-Бурактын» хит ырларын биз ырдаганбыз деп жүрүшөт.
– Алар деңгээлине жараша сүйлөй бербейби. Буларга чейин топто популярдуулуктун туу чокусуна чыккан, хит ырларды жараткан төрт муун өткөн. 1994-жылы келген Айжамалдарды мен 2000-жылдары гана элге тааныта баштагам. «Кыз-Буракка» азыр 40 жыл болгон болсо, 25 жыл «Кыз-Бурак» болуп дүңгүрөп турганда келишкен. Алар Гүлшайыр эжесинин эмгеги, каражаты, энергиясынын, эжекелери ырдап кеткен хит ырларынын артынан элге таанылышты. Бир-эки ыр ырдап, сахнада өзүн көрсөтүп ары-бери секирип койсо эле популярдуу болдум деген туура эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып, чет өлкөлөргө чыгып, кыргыздын атын чет жакка тааныткан ырчыны мен чыныгы популярдуу ырчы деп эсептеймин.

– Бирок алар топтон кеткенден бери «Кыз-Бурак» дүң деп жарылып, жалындай албай, түтөп эле тургандай сезилет?
– Учурда «Кыз-Бурак» калыптануу мезгилин башынан кечирип жатат. Мурдагы кыздарым деле 6, 7 жылда ийгиликтерди жаратышчу. Менин баамымда, Сайкалдар дагы бир-эки жылда бийик жетишкендиктерди багынтат.
Жакында эле «Кыз-Бурак» Американын төрт штатын кыдырып, концерт берип келди. Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндарынын ачылышына барып катышып кайтты. Алдыда дагы жакшы пландар көп. «Кыз-Бурак» эч качан картайбайт да, чарчабайт да, дайыма жашай берет демекчимин.

– Тоодой эмгекти жараткан темирдей бекем айымсыз, аялзаты катары сиз да көз жаш көлдөтүп ыйлайсызбы? Жан дүйнө жалгыздыгын кантип жеңесиз?
– «Темир катын» деген атым эле болбосо, мен деле теңгедей аялмын. Менин да ыйлаган, жалгызсыраган, жан дүйнөм эңшерилген убактар болот. 2004-жылы жолдошум кайтыш болуп кетти, ошондо катуу ыйлагам. Ооба, мен ал киши менен ажырашып кеткем. Бирок эне катары, аял катары, адам катары ал жоготууну жүрөгүм аркылуу өткөрдүм. Турмушта кандай кырдаал болбосун көңүлүмө жакын кабыл алам. Ошентсе да мүңкүрөп отуруп калган аялдардан эмесмин. «Гүлшайыр, башты көтөр, сен майтарылбаган, сынбаган кайраттуу аялсың» деп өзүмө өзүм күч, кайрат берем, өзүмдү-өзүм ойготом. Апам, бир туугандарымдын мени сооротконуна караганда өзүмдүн колдоом көбүрөөк жардам берет.
Андан сырткары аял катары Сайкал менен сырдашам. Мурун кызым жаштык кылып сырын менден жашыра берчү. Кагылды-согулду, турмушту түшүндү. Азыр эмне жумуш кылбасын мени менен акылдашып анан жасайт. Келечекте мен позитивдүү, активдүү, бүт баарына тегиз караган, аялдык кылып паска түшпөгөн кайнене болом.

«40 жыл мурунку кырчын кез».

«Бир кездеги мотурайган балдарым азыр чоңоюп, менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга жарап калышты».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Сайкалдын тоюн токтотуп койдум" дейт Гүлшайыр Садыбакасова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(84)
SUPER.KG видео
18.10.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
акылдуу аял екен
SUPER.KG видео
18.10.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gylshair eje Erkek!suiomda molodec
SUPER.KG видео
18.10.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
омурунуз узун болсун,апалар ар дайым бар болсун!кыргыздын Мадоннасы десе да болот эжеке сизди,дагы дагы ийгиликтерди жаратып журо бериниз.
SUPER.KG видео
18.10.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
супер инфо маектин темасын укмуш коюпсунар,Сайкалдын тоюн токтотуп койдум дер окуп алып,эмне балекет болуп кетиптир дер кордум
SUPER.KG видео
18.10.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Saikaldyn jigiti bashta uilongon eken 6 jashar kyzy bar eken
SUPER.KG видео
19.10.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсыз эжеке. маегиниз жакшы болуптур. эркек эжесиз.маек жакшы болуптургоо бирок. кузгуну суртуп койушпаптырдааа.
SUPER.KG видео
19.10.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыйын аял!!! ден соолук!!!
SUPER.KG видео
19.10.2014. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айзат кыз суп сулуу экен гооо
SUPER.KG видео
19.10.2014. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eeex kandai soonun maiek e toiboi kaldym azamatstz kop jashan Saikal da mykty kyz
SUPER.KG видео
19.10.2014. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Daa Aizattyn korynboi kalganyna men da kyjalat bolup jattym ele, jakshy daiyma ushuntip korynyp tur, Maksat menen Aizat daiyma kyzyktuu soonun maiek kurushat azamattar
SUPER.KG видео
19.10.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз Гулшайыр эже ар бир созу даанай таамай чыккан таланттуу инсансыз. Уй булонуздо бактылуу эне таене болунуз.Коп жашаныз.
SUPER.KG видео
19.10.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ejeni murda jon gana syrtynan bilchu elem. Ayavai sonun eje turbaiby, kenje eje , Gulwaiyr ejeni jamandap chyksa jaman koro berchu elem, Kenje eje chynynda sizdi uwundai darajaga jetkizgen uwul eje turbaiby, ejeni korup Kenje eje suilop jatkandai sezildi)) menda jalan baldardyn arasynda chonoigon kenje tai kyz bolgonduktan jurgon juruwum erken baldardai. ))) eje ekovuzga okwogondor kylyktanyp baldarga jagynuu degendi bilbeibiz )) Gul'shaiyr eje den soolukta bolunuz, eki duinodogu bakytty kaalai
SUPER.KG видео
19.10.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз эжеке!Бар болунуз!
SUPER.KG видео
19.10.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулшайыр эже биздин мектепте окуп буткон экен,атам айтат ага тийишкен,кат жазган балдарды кадимкидей сабачуу деп. Ийлилик эжеке.
SUPER.KG видео
20.10.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkek ejei eken ei.azamatsyz dagy sizge ku4 kubat
SUPER.KG видео
20.10.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айым дебей эле эже деп айтпайбы ботом
SUPER.KG видео
20.10.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун маек!!! Эмнегедир Кенже эженин суйлогондорун окшоштуруп койдум Гульшайыр эжеге.
SUPER.KG видео
20.10.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW,
Саламатсызбы! Катачылыктар болуп жатат?
SUPER.KG видео
20.10.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айзатка, молодец! тебе так идет улыбка.
SUPER.KG видео
20.10.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым ден-соолукта болуңуз уул кыздарыңыздын жакшылыгын көрүп жүрө бериңиз!Сиздей жакшы инсандар Кыргызстанымда көбөйө берсин!
SUPER.KG видео
20.10.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан жагат гулшайыр эже мен да мунозум сизге окшош экен аялдар менен коп сулошо албайм мен да
SUPER.KG видео
20.10.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альфа самка
SUPER.KG видео
21.10.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызга жакшы жерден,тектуу жерден куда тушуп келсе баардык нерсени токтото туруп кызды узатуу зарыл деген кепти кулагым чалган эле.Сайкалдын деле бышып турган кези дегендей...
SUPER.KG видео
22.10.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мунозунуз, создорунуз, озунуз ...койчу деги баары жакты. Маегинизди кызыгуу , жылмаю менен уктум. Бар болунуз! Келе жаткан 60жаш курагыныз кут болсун!
SUPER.KG видео
24.10.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тойду токтоткону жакшы эмес го, ыя?
SUPER.KG видео
24.10.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жакты! Эн сонун ырлардын обондорун жаратып журчу экен да корсо!
SUPER.KG видео
26.10.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маанилуу суйлойт экен.
SUPER.KG видео
26.10.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйруса 120га чыгасыз.
SUPER.KG видео
09.11.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеге баа бериш керек. Бирок аябай адамдын артынан суйлогон сапаты жакпайт.Маданияттын адамы маданияттуу болушу керек деп эсептейм.
SUPER.KG видео
02.02.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул маекти коргон сайын коргум келе берет. Ушуну менен 4-жолу корушум.Айзат да мыкты интервью алган молодец. Урматтуу admin_media ушул маеке мен комментарий жазссам керек эле, эмнегедир корундойт да?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо