Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

338 ЖАШ БАЛА ЗОРДУКТООГО КАБЫЛГАН...

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

  • Чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Баткен облусунда жүрүп жаткан КӨК-ТАШ – АК-САЙ ТАМДЫК жолу 1 айда салынып бүтөрүн билдирди.
  • 1-ноябрдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын төлөнүүчү ЖӨЛӨКПУЛДУН минималдык өлчөмү 705 сомду түзөт. Азыр ал 640 сомдон турат.
  • Башкы прокуратура Ош шаарынын мурдагы жетекчилигине «ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ куруу тууралуу чечимди өз билемдик менен кабыл алгандыгына» байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
  • Бишкек шаардык мэриясы 3 миллион евролук ТАШТАНДЫ полигонун ачууга ниеттенүүдө. Ал үчүн атайын 70 гектар жер бөлүнмөкчү.
  • Профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов «өлкөдөгү мугалимдердин 1 САБАКТЫК саатынын баасы 45 сомдон 70 сомго чейин көбөйүшү керек» дейт.
  • Депутат Дамира Ниязалиева жыл сайын 1600 адам МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ жайларды аяктаарын, алардын 1400ү келишимдик негизде окушарын айтты.
  • Бишкек шаардык башкы архитектуранын жетекчиси Бактыбек Абдиевдин айтымында, шаарда 160ТАН АШУУН имарат мыйзамсыз түрдө курулган.
  • Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 8 айында 20 БАЛАНЫ эне-атасы таштап кетишкен.
  • 2014-жылдын күзүндө аскер кызматына 4 МИҢДЕЙ, альтернативдик кызмат өтөө үчүн 7 миңдей жигиттер чакырылуусу күтүлүүдө.
  • «Укук коргоо кызматкерлеринин 70 ПАЙЫЗЫНЫН өзүнүн турак жайы жок, батирлерде жашап жатышат»,- дейт ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев.
  • Европалык союздун өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын айтымында, 2013-жылы Кыргызстанда жаш балдарды зордуктоо боюнча 338 ФАКТ катталган.
  • ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ үчүн жаңы баанын тарифи келерки аптада бекитилет.
  • Бишкек 2014-жылы орусиялыктардын келип-кетүүсү үчүн КМШнын эң арзан шаары деп табылды. Мындай жыйынтык мейманканаларды интернет аркылуу брондоо тейлөөсүндө түзүлгөн рейтингде белгилүү болду.
  • «ТАЗАЛЫК» ишканасынын башчысынын орун басары Павел Клименконун айтымында, таштанды чогулткан кызматкерлер бөтөлкөлөрдү иргеп чыгып, тапшырат жана мунун эсебинен айлыгына кошумча каражат каралат.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо