Борончу Кудайбергеновдун уулу Улан: «АТАМДЫН АТЫН ПАЙДАЛАНГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

Атактуунун баласы болуш сыймык, милдет. Бул жоопкерчиликти сезип атанын атына кара так, жаман сөз тийгизбейм деген куудул Борончу Кудайбергеновдун уулу атасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 6-сентябрь
Хоббиси – футбол ойногонду жактырат
Учурда – Юридикалык колледждин 3-курсунун студенти
Эки бир туугандын улуусу

– Улан, кайсы кесиптин ээси болууну ойлоп жатасың?
– Учурда Юридикалык колледждин 3-курсунун студентимин. Бул кесипти өзүм тандап алдым. Кичине кезимде ырчы болууну кыялданчумун. Ал кыялым азыр деле бар. Ал тууралуу атам экөөбүз сүйлөшүп жатабыз. Учуру келсе жакшы ырларды жаздырып ырдап чыксам деген оюм бар.

– Атаңдын атын пайдаланып кеткен учурларың болсо керек?
– Атамдын атын пайдалана элекмин. Колдонгонду жаман көрөм. Борончунун уулу дегизип жакшы жагымды көргөзгүм келет. 1-класска №5-гимназияга атам алып барган. Мугалимдер “куудулдун баласы келиптир” деп айтканы эсимде. Кээ бир мугалимдер көтөрмөлөп калышчу, бирок өз күчүм менен окуганга аракет кылдым.

– Эл Борончу Кудайбергеновду куудул катары билет. Үйдө кандай ата?
– Атам сахнада кандай болсо, үйдө дагы ошондой. Тамашакөй, ак көңүл, камкор, мээримдүү, түшүнүктүү, үй-бүлөнү сыйлай билген кожоюн десем болот. Ошондуктан баарыбыз атамды жакшы көрөбүз. Бизге да, чыгармачылыгына да көңүл бурганга жетишет. Биз эмнени кааласак, ошол нерсени алып берет. Жашым 18ге жеткенде машина алып берем деген болчу, күтүп жатам (күлүп). Кичине кезибизде иним экөөбүз атамдын тойдон келишин күтчүбүз. Инимдин уйкусу келчү болсо “байке, атам алып келген нерселерден мага дагы алып коюңуз” деп калчу.
Атамдын ар бир концертин калтырбай көрөм. Атам сахнага чыкканда толкунданып тура калып кол чапкан учурларым болот.

– Атаңды уятка калтырган учуруң болду беле?
– 6-класста окуп жатканда классташтар болуп классты жылыткан батареяны сындырып алганбыз. Бул окуя мектеп директоруна жетип, атамды чакырткан. Ошондо атамды уят кылып алгам. Бизге биринчи жакшы сөз менен айтып түшүндүрөт. Чегибизден ашып кеткенде ата катары токмоктоп да коёт.

– Атаң менен сырдашасыңбы?
– Ата-бала катары сүйлөшөбүз, кеңешебиз.

"Атам эмне кааласак баарын аткарат. Бизди эс алдырып, ойнотконду жакшы көрөт".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Борончу Кудайбергеновдун уулу Улан: "Атамды артист катары көрбөйм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
04.10.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай окшош экен атасына.
SUPER.KG видео
04.10.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akilduu bala eken, ata enesin siylagan.suilogonu jakwi
SUPER.KG видео
04.10.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Борончунун фамилиясы Кудайбергенов, уулунун фамилиясы Молдокматов? Интересно
SUPER.KG видео
04.10.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
анан кандай болмок эле? озун кызык экенсин, атасыныкы Кудайбергенов Борончу Молдокматов болсо баласыныкы Молдокматов Улан Борончуевич болотда
SUPER.KG видео
04.10.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперинфо!!!Bek borbievdin konsertinde jengen Dobulbas gruppasynan maek algyla4yyy suranyyyych!!1 ayabay korgum,bilgim kelip jatat!suranych!
SUPER.KG видео
04.10.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy akylduu bala eken syilogony baary ordu ordu menen azamatsyn
SUPER.KG видео
05.10.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тургузуп бастырып тартып койбопсударда...атасына окшош екен кел бетери...
SUPER.KG видео
05.10.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын созунон анын тарбиясын корууго болот. абдн акылдуулук, токтоолук менен жооп бериптир, уйдогу аурадан! атам келмейинче кутуп келгенде тамактанабыз дегенде, башкача болуп кеттим анткени биздин уйдо да дал ошондой атамды ого бетер сагындырды
SUPER.KG видео
05.10.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала жакшы болсо атага сыймык...
SUPER.KG видео
06.10.2014. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai akilduu bala eken ordu menen tartiptuu ui buloonun balasy ekeni bilinip turat!
SUPER.KG видео
06.10.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асасынын суйуктуу эрке баласы окшойт баласы да атасын абдан жакшы корот окшойт атам атам атам эле дей берет экен азаматсын ылайым ата энени сыйлаган ыймандуу жигиттерден бол
06.10.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата бала окшош экен.
06.10.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтып койо берет пайдаланбайм,деп.
SUPER.KG видео
06.10.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mama devei ele apa dese bolvoibu a maaa maa dep oruschany uksam ele nervim kawaiat
SUPER.KG видео
06.10.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу байке азамат балдарын да сахнада да бут жерде активный экен баладарына да жакшы тарбия бериптир баласынын суйлогонунон эле байкалып турат
06.10.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Атамдын атын пайдаланам" дегенде дагы бир нерсе демексинер ээ?..
SUPER.KG видео
07.10.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
booron4u agabyzdyn ozu ayaly abdan jakwy adam.atasy jakwy apasy jakwy anan baldary da tartiptuu bolot da
07.10.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыл-эстуу бала экени корунуп турат
SUPER.KG видео
07.10.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасына окшош экен , жаркылдаган шайыр жигит корунот
08.10.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бала атасына да апасына да окшош экен
09.10.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
анан кошунасына окшошмок беле деймин да))
SUPER.KG видео
12.01.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо