Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАКАО – ДАРЫЛЫГЫ БАР «КҮРӨҢ АЛТЫН»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж

БИР ЖЫЛДА 2 ИРЕТ ТҮШҮМ БЕРЕТ
Какао – дайыма көгөрүп туруучу дарактардын түрүнө кирет. Түпкү ме­кени – Түштүк Америка. Учурда бардык тропиктик өлкөлөрдө өстүрүлөт жана даны менен майы кондитердик азыктарга, медицинада, косметологияда колдонулат. Данынан майдаланып алынган упасы да какао деп аталат жана андан суусундук даярдалат. Какаодон дүйнө эли сүйгөн азык – шоколад даярдалгандыктан ал «шоколад дарагы» деген аталышка да ээ. Учурда Мексикада, Борбордук жана Түштүк Америкада жапайы түрүндө да кездешет. Бийиктиги 12 метрге чейин жетет. Гүлдөрү күлгүн ак түстө.
Дарак гүлдөгөндөн кийин мөмөлөйт. Ал бышкан учурда узундугу 30 сантиметрге, салмагы 500 граммга чейин жетип калат. Мөмөсүнүн ичинен 50гө чейин какао данын эсептөөгө болот. Дарак бир жылда 2 ирет түшүм берет.
Какаонун сорту негизги 4 түргө бөлүнөт: криолла, тринитарио, насиональ, форастеро. Булардын ичинен элиталык сорту болуп криолла эсептелет. Анда кычкылдар аз, ачуу даам дээрлик жок. Жумшак даамдан сырткары жагымдуу жытка ээ.

КУДАЙДЫН БЕЛЕГИ АЗЫР ПОПУЛЯРДУУ СУУСУНДУК
Какаонун колдонула баштоо тарыхы 14-кылымга, Борбордук Мексиканын ацтек элине барып такалат. Даракты алар Кетцалькоатль Кудайынын белеги деп санашып, андан даамдуу какао суусундугун даярдай башташкан. 1519-жылы испандыктар Мексиканы басып алган кезде алар «күрөң алтын» (какао) менен таанышып, аны пайдалануу жана сатып пайда табуу жолун өздөштүрүшөт. Ошентип какао акырындап Европага, анан дүйнөгө тарай баштайт.
Бырышты кетирип, эрте алжып калуудан сактайт
Какаонун курамында: май, белок, крахмал, суу, минералдык заттар, кофеин жана башкалар бар.
Окумуштуулардын изил­дөө­сүнө караганда, какао инсульт, миокарддын инфаркты, рак жана кант диабети оорусун алдын алуучу, жараны тез айыктыруучу жана теринин клеткаларын бат өстүрүүчү касиетке ээ. Какао тамак жана кызыл өңгөч ооруларын айыктырууда да колдонулат.
Мындан тышкары ал мээдеги кан айланууну, эске тутууну жакшыртат. Кары адамдардын эрте алжып калуусунан сактайт.
Какаонун курамында бакыт гормондорун иштеп чыгаруучу заттар да болгондуктан аны ичкен соң маанай көтөрүлүп, адам сергек тартып калары да анык.

Какао дарагынын мөмөсү жана гүлү

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
06.10.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Какаодон жасалган ден соолукка пайдалуу суусундуктарды да жазып койгулачы
09.10.2014. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет өсүмдүк екен, мындай болсо сонун да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо