КЫЗЫ ӨЗ ЭНЕСИН БАЛТАЛАП САЛГАН

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

Адамзатына жарык дүйнө тартуулаган энелерге баласы ажал алып келмек тургай орой сөз айтып, өйдө кароого да акысы жок. Энелер миң ирет жаңылыштык кетирип, туура эмес кылган күндө да тизе бүгүп таманынан өбө турган ыйык зат экени бүткүл адамзатына маалым. Бирок бул көрөңгө четте калып, төмөнкү окуяда эне өз баласынан ажал тапкан.

МИЛИЦИЯГА ӨЗҮ КАБАРЛАГАН
Каргашалуу окуя 30-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында катталды. Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кылмышка шектүүнүн өзүнөн маалымат келип түшкөн. Ал үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам апасы менен уруша кетип, үйдө жаңжал жаралганын айтып жана аны тескеп койгула деген өтүнүчтө жардам сурап кайрылган. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын үстүнөн чыгышкан. Кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары КУБАНЫЧ АКМАТОВ маалымат берди:
-30-сентябрь күнү болжол менен кечки саат 21:00 чамасында Кочкор-Ата шаарындагы Хилинск көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 55 жаштагы Мавлюдахан Кайназарованын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип маркумдун 31 жаштагы кызы Айгүл Маматкасымова кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алды. Шектүү жана анын каза тапкан апасы экөө Орусиядан 6-сентябрда Кыргызстанга келишкен. Экөө тең Орусиянын Тюмень облусуна караштуу Ханты-Мансийск автономиялуу округунун Сургут районунун жарандары болушкан. Айгүл Маматкасымова 2003-жылы, апасы 2004-жылы Орусиянын жарандыгын алышкан экен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын туугандары дагы суралды. Шектүүнүн атасы менен апасы ал кичине кезинде эле ажырашып, эки бөлөк жашашкан. Мавлюдахан Кайназарова кызын жалгыз тарбиялап чоңойтуптур. Туугандары Айгүлдү «кичине кезинде психикалык жактан жабыркап жүрчү, бирок терс көрүнүштөрүн байкачу эмеспиз» деген маалымат беришти. Анын паспортунун ичинен психиатрдын телефондору жазылган визиттик карта табылды. Ал орусиялык психиатр экен. Айгүл Маматкасымованын психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турарын аныктап берүүсүн өтүнүп Орусиянын тиешелүү жактарына кат жолдодук. Ал жактан жооп келсе, ага экспертизанын жана тергөө иштеринин жыйынтыктарын кошуп тиешелүү жактарга өткөрөбүз.

«ТАМЕКИ ЧЕГЕСИҢ, КӨП БАСПА ДЕП УРУШ ЧЫГАРДЫ»
-Окуя тууралуу кылмышка шектүү Айгүл Маматкасымова бир нече версияларды айтып чаташтырып жатат. Ошол күнү энеси менен кызынын ортосунда жаңжал болгон. Шектүү «ал күнү мен бир аз спирт ичимдигин ичип алгам» деп жатат. Бирок соттук-медициналык экспертизада анын канынан спирт ичимдиги табылган жок. Үйүнө кеч келип, короодо тамеки чегип отурган кызын көргөн апасы «сен ашыкча көп басасың, ар жакта жүрүп кеч келгениң аз келгенсип тамеки тартып алыпсың» деген катардагы энелик сөзүн айткан. Буга ачууланган кызы энеси менен кайым айтышып, экөөнүн ортосунда уруш чыгат. «Апам мага кол көтөрдү, жулмалап, бети-башымды тытты» деп айтып жатат. Бирок текшерүүгө алганда тытылган же көк-ала болгон жаракаттар экөөндө тең байкалган жок.
Эми өлгөндөн кийин адам анын артынан ар кайсыны айта берет да. Мисалы, Айгүл Маматкасымова каза болуп калган апасын «Баңгизатын колдонот. Мурда да уруша кетип, мени темир түтүк менен башка чапкан. Ошондуктан мен минтип оорукчан болуп калдым» деп айтууда. Албетте, мындай кылмыштан соң соттук-медициналык, соттук-психикалык экспертизалардын топтому дайындалган. Ал эми маркумдун канында баңгизатын колдонуп жүргөндүгү тууралуу белгилер чыккан жок. Учурда тергөө иштери уланып жаткан учур.

«ҮЙҮМДҮ ТАЛАШЫП ЖҮРҮШЧҮ ДЕЙТ»
-Окуяга маркумдун 80 жаштагы апасы да аралашып жатат. Аны биздин аймактык тескөөчүлөр деле таанып бүтүшкөн. Күнүгө ар кимдин үстүнөн «казанымды, чака-чайнегимди көтөрүп кетти, уурдап кетти» деп эле арызданып жүргөн киши дешет. Ал эми шектүү болсо «Апам экөөбүз турган үй мага таандык. Аны таенем да, апам да менден алып коюуну көздөп жүрүшчү» дейт. Кылмыш болгон күнү таенеси деле башка үйдө уктап жаткан экен. Эне-баланын ортосунда жаңжал деле чыкпаган өңдүү.
Маркумдун бетине отун жарган балтанын мизи менен 2 жолу сокку урулуп, көзүнүн алдынан жаагына чейин ачылып калган. Дубалга чачыраган кандан улам апасы бир капталы менен жатканда келип балта чапкан сыяктуу белгилер бар.
Учурда шектүү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Айгүл Маматкасымованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(61)
14.10.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уктап жаткан жеринен барып чапкан балта менен кошуналары айтышыптыр.олтуруп алып анан тайнесин кошунаныкына озу алып чыгып отуруп турсун деп озу милицияга кетиптир. Кызы наркоман экен эле деп Кочкоратада элдер ушинтип айтып журушот.
14.10.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах,оозумдан созум кетип,бир гана эмоциялар...
14.10.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым кайда баратабыз
14.10.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга баргандар мындай эмес,алыста журуп энемди корбогонумо 3 жыл болсода апамдын козуно караганга зар болуп келем.Энем учун жанымды бергенгеда даярмын.Оз эненди олтургонго кантип кудуретин жетти?Кудай озу сактасын ээ.Тообо кылдым.
14.10.2014. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манкурт.... Деги эле, ата-энесин олтургондорго "олум жазасын" беруу керек.
14.10.2014. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфирулла. Алла баарыбызга ыйман берсин.
14.10.2014. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ai toboo janybarlarda oz enesin olturuudon korkot,bul adamgo e!!!
14.10.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин созу чын болду экен?
14.10.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журуш-турушу деле начар , психикалык жактан кыйналса , апасын олтурсо бул кызды орду токо турмодо деп ойлойм
14.10.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онбогур, Эми кандай эашоо болот((((((
14.10.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер апам менен тил табыша албасан,болок эле жашасан болмок.Мен кызды деле кунолоюойм,себеби биз анык окуяны билбейбиз.бирок азыркы учурда чон аялдардын деле уяты жок,ош базарда чон айалдар эркектей согушнушот!Кызы качып эле кетсе болмок башка жака! акчанын айынан болбойт,жон гана сабатсыздык
14.10.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам олтургонду,олум жазасына тартыш керек!
14.10.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас го ужас,голливудчулар укса дароо бир кино чыгарса керек
15.10.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочкор атанын хилинский кочосундо ушундай окуя болгону мени аябай окундурду мен соседтеримен сураштырамгоо газетадан окуп шок болуп атам
15.10.2014. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кылмышкерлердин бетин неге жабышат эл корсун да ким экенин зордукчуларды да жабышат эл таанып корсо качкыдай же коргонуп жургудой болсун да бул кыз болбосо да башкасы эртенки куну кайра эле кылмыш кылсачы
15.10.2014. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элиме ыйман берсин жашоо не болуп баратат элибиздин 80 пайызы журок оорукчан болуп калдык го
15.10.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atayp saluu kerek
15.10.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас, ушундай да болобу, ишенгим да келбей жатат. Кудай сактай кор. Журогу таш го бул кыздын. Эмне деген мыкаачылык. Элестетким да келбейт Уфф Оз башы менен кетсин тфу тфу
16.10.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз менин оюмча оорукчан,же мас болсо керек же наркоманбы?айтор соо адам мындай ишке колу барбаса керек деп ойлойм.
16.10.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздан сакта аллахым
16.10.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Психикалык жактан жабыркаган адамдын белгилери. Бул сыяктуу адамдар озун жоготкондо эч кимди тааныбай калат. Эмнеси болсо да, Аллахым уул-кыздарга ынсап берип, ар ким ата-энесин сыйласа экен.
16.10.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа,мындайлар болбосун.
16.10.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарды ата энеге жакын болушат деп айтышчы эле бул эмне кылганы. кудай озун сакта!
17.10.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MARINA78, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
17.10.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай ыйман бере кор мындай шайтан баскырдан сакта
18.10.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психикасы жайында болсо мындай иш кылмак эмес.
18.10.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай эле сактасын мындай окуядан мындан нары болбой эле койсун
18.10.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоббооо буул чегип еле алган го
18.10.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш эмнеге кана алып барбайт эмне себертен олтургонун бир озу бир кудацым билет. Мындай адамдарга наркы луйно бул дуйнодо орун жок болсо керек
31.10.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кылмышка шектуу адамдын аты жонун жазбаш керек, эртен соттун чечими менен акталып кетсе сиздерди аброюма залакасын келтирди деп сотко бериши мумкун.....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо