Жылдыз Көкүмбаева, Омардын апасы:«ОМАР БИЗ ҮЧҮН ӨМҮРБЕК БОЙДОН КАЛДЫ»

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

«Балам бир күлсө күлөмүн,
Балам деп жашап жүрөмүн.
Балдарың эгер болбосо,
Кызыгы эмне дүйнөнүн...»- деп ыр саптарында айтылгандай, ар бир апа баласы үчүн жашап келет. Анткени бала – бакыт, бала – байлык, бала – үмүт, жашоо. «Уулумдун туулганына эмес, турганына сүйүнөм, жашоодо эне болгонума кубанам» деген ырчы Омардын апасы кулуну тууралуу кеп куруп берди.

«МЕН КЕЛГЕНЧЕ ТЕРЕЗЕГЕ ЖАБЫШКАН БОЙДОН КҮТҮП ТУРЧУ»
-Биз шаарда студент болгондугубузга байланыштуу тун уулум Уланбекти 4 жарым ай болуп калганда айылга чоң аталары алып кетишкен. Көзгө көрүнүп калганда ал балам чарчап калды. Андан кийинки кызым Аида 29да. Үчүнчү уулума заманбап ат коёлу дегенибизге болбой, чоң атасы өмүрү узун болсун деп Өмүрбек атады. Ырчы Омар болгону менен, биз үчүн уулум Өмүрбек бойдон калды.
Өмүрбекти бала кезден аябай эркелетип өстүрдүк. Кичинекейинде аябай жоош болду, тили эрте чыгып, өзү да эрте басты. Балам сууну аябай жакшы көрчү. Жуунтканда ваннадан чыгара албай кыйналчумун. Бирок Көлгө барганда аяш аталары бир жарым жаштагы Өмүрбекти көлгө сала албай аябай убара болушкан. Ошол окуяны эстегенде аяш аталары күлүп калышат.
Оюнчуктарды да таза кармап, сындырбай жакшы ойночу. Эжеси экөө удаа болгондуктан оюнчук талашып көп урушушчу. Кийим алганда атаандашпасын деп экөөнө тең алып берчүбүз. Кокус бир жакка кетип, экөөнү үйгө калтырып койсом, кайрылып келгенде бут коёрго жер калбай калар эле. Укмуш чачып, эрдик жасагансып үйдүн терезесине жабышып, тартылган сүрөттөй болуп мени күтүп турушчу. Басып алгандан кийин бир жерде жаны тынып тура алчу эмес. Байкуш кызым аңга түшүп кетпесин, машинага урунуп албасын деп артынан калчу эмес. Ушинтип чоңойгон сайын шоктугу чыга баштады.
Окуганда деле мектепке эжесин ээрчип барып жүрдү. Танаписте эшикке чыккан сайын чуркап келип ага жолугуп кетчү экен. Чоңойгондо да бул адаты калбады окшойт. Кызым «балаңызга айтыңызчы, мага мектептен чуркап келе бербесин, балдардан уялып жатам» деп калчу.

«КАНИКУЛ БОЛДУ ДЕГИЧЕ АЙЫЛГА ЖӨНӨЧҮ»
-Кыргыз тилин жакшы өздөштүрсүн деп уулубузду №5-улуттук гимназияга бердик. Мектепте жакшы окуду, анын артынан мугалимдердин арыздануусун такыр уккан жокмун. 9-классты бүткөндө классындагы жакшы окуган балдардын баары окуу жайларга тапшырып кетишти. Мугалим эжеси «Өмүрбекти деле бир окуу жайга тапшыртпасаңыз, бул жактагы балдарга кошулса окуусу начарлап кетет» деп калды. Уулумдан сурасак «экономист болом» деди эле, Финансы техникумуна тапшыртып койдук.
Өткөөл куракта уулубузду жаман балдарга кошулуп, туура эмес жолго түшүп кетпесин деп көбүрөөк көңүл бурдук. Үйдө бирөө балдарды тескеп тарбиялаш керек эмеспи. Атасы такыр катуу айтпай, балдарды оюна коюп, алардын айткандарынын баарына макул боло берчү. Мен кичине катуураак болуп, туура эмес кылса урушуп тарбияладым.
Өмүрбек айыл менен шаардын турмушун көрүп өстү. Каникул башталды дегиче кайнатам Таласка үйүнө алып кетип калчу. Кайра 1-сентябрга бир күн калганда капкара болуп бети туурулуп келер эле. Ушундан улам айылдын турмушун бизге караганда жакшы билет.
Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагына барып утуп келген акчасына айылдагы мечитке азан айтчу микрофон коюп берди. Айылга барганда баарынын көңүлүн алганга аракет кылат. Атасы жалгыз эркек, жети кыз. Эжелеринин бирине жолуга албай калса, «апа, баланча апчеме жолукпай калдым, шашылыш болбосо бармакмын» деп өзүнчө кейип калат.

«АТАСЫНА ТААСИРЛЕНИП ЫРЧЫ БОЛДУ»
-Жолдошум жаш кезинде аккордеонун асынып алып айылдагы чабандарга концерт берип ырдап калчу экен. Атасы менен кызы ырдаса, Өмүрбек да кошулуп алат эле. Аларга таасирленип уулум ырчы болуп кетти окшойт.
Ырчы болом дегенин атасы колдогону менен, мен каршы чыккам. Анткени биздин кезде деле ырчылар кенен баса албай кыйналгандарын байкачумун. Ошондуктан уулумдун элдин көзүнөн, сөзүнөн оолак болуп, эркин жүрүүсүн каалагам. Менин каршы болуп койгондугумдан, мага билгизбей «Где ты?» деген ырын жаздырыптыр. Бир кезде такыр үйгө кирбей машинада отурмай адат таап алган. Көрсө, менден жашынып алып ыр жаздырчу экен.
«Жаңы толкун» сынагына көп атактуу ырчылардын арасынан балабыздын өткөнүн угуп сүйүндүк. Сынакты теледен көргөнгө чыдамыбыз жетпей, интернеттен карап, ага алымсынбай сыналгыдан көрүп, атасы экөөбүз бир жерге отура албай калганбыз. Уулумду карасам жүзү купкуу болуп, сүрдөгөнү билинип турду. Энемин да, баламдын бопбоз болуп араң эле турганын карап аяп кеттим.

«ҮЙЛӨНӨРГӨ ЖАКЫН КЫЗЫМ МЕНЕН ТААНЫШТЫРАМ ДЕЙТ»
-Акыркы кезде Өмүрбекке үйлөн деп көп айтчу болдум. «Жашың деле келип калды, биз эртерээк небере жытын жыттайлы» дей берем. Мурунураак үйлөнөм деп чыкты эле, кайра негедир токтоп калды.
Балдарыма кесип менен жубай тандоодо өз эркине койгом. Жубай тандоодо бул кыз жакшы экен деп сунушташым мүмкүн, мен айткан кызды аласың деп таңуулабайм. Кээде «сүйлөшкөн кызың менен тааныштырбайсыңбы?» десем, «үйлөнөргө жакын тааныштырам» деп калат. Буюрса, жакын арада үйлөнүп калар деп турабыз.

Омар: «МЕНИН АЙЫМДАН ДОСУМДУН АПАСЫ МЕНЕН УРУШУП КЕТКЕН»
– Апамдын түн уйкусун бузуп, эмизген ак сүтүн актай элекмин. Анын жытындай жытты эч бир жерден таппайм. Америкага окууга кетип жатканда деле апамды жыттап-жыттап чыккан элем. Ал жакка жетпей эле сагына баштадым. Үйдөгүлөргө апамды жакшы карагыла деп кеткеним менен күн сайын өзү менен сүйлөшмөйүнчө ыраазы болчу эмесмин. Күнүгө акчамды үнөмдөп эки долларды апам менен сүйлөшкөнгө арттырып турчумун.
Мен үчүн апамдын ар бир сөзү дары. Бир гана апамдын сынын кабыл алам. Апамчалык мага эч ким күйбөй турганын, үзүлүп түшпөсүн билем. Мурда апам катуураак кармагандыктан бир көз карашынан коркуп турчумун. Атам болсо эркелетип, менин оюм менен болду. Мектепке чогулушка апам барат дегенде да корко берет элем. Убакыт өткөн сайын, тескерисинче, апам жумшарып, карааныма жалынып калды да, атам катуу боло баштады.
Кичинемде тентектик кылып балдар менен урушуп кеткен учурларым болгон. Бир жолу дос баламды уруп коюп үйгө качып келгем. Артымдан анын апасы келип апамды урушту. Ал кеткенде үйгө киргизип алып апам мени опузалап, «концерт» болгонбуз.
Апамды, Кудай буюрса, жакшы келиндүү кылгым келет. Келинчегимдин ою менен менин ой-максатым туура келсе экен деймин. Экөөлөп анын да, менин да апаларыбызды капа кылбай, ыраазы кылып өтсөк экен деп тилейм.

"Өмүрбек эжеси менен эгиз козудай ээрчишип чоңоюшту".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Омар: "Меникиндей апа эч кимде жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(61)
SUPER.KG видео
12.10.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер ошончолук эле ыймандуу болсонор сайт дегендерге катталбай эле ибадатынарды кылбайсынарбы?чыныгы мусулман адам эч качан бироонун конулун оорутпайт,Омар азамат апасын ушунчалык даназалап мактаптыр,ыйман жонундо суйлоп аткандар "бейиш-эненин таманы астында"деген соз эсинерден чыкпасын!!!
SUPER.KG видео
12.10.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар ишине ийгилик! Апан дайым жанында болсун! Алтын АПАлар ден соолукта болушсун, Апаларга таазим!
SUPER.KG видео
13.10.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ адамдар адамдар кана эле эми ушинтип менин апам сенин апанан жакшы деп эле апаларыбызды омур бою сыйлап урматап отсок. Омар ыймандуу, акылдуу инсан ал силердин апанарды озунун апасынан ылдый коруп же башкача бир мааниде соз айткан жок. Созду туура кабыл алып анан талкуу кылсак. Жараткан Аллахым энелерибизге бекем ден-соолук берсин Оомийн. .
SUPER.KG видео
13.10.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы майек болуптур. Азаматсын!!!
SUPER.KG видео
13.10.2014. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul ezilip kachan uilonot kyinalip kistalip ,kizarip irdait.
13.10.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омар жонокой. Красавчик балааа))))
13.10.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек куруп бериптир,энеден откон ыйык жан барбы озу,сен эненди сыйласан сени кудайым озу сыйлайт!Омурбекке айтаарым канча клибинди корбоюн баары жагат бирок прическанды озгортсон андан да жакшы болмок,мен жаман дебейм прическанды,актерлор ырчылар негизи эле озгортуп журушот,сен да озгортсон болбойбу деген эле соз...
13.10.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасын сыйлаган жубайын кандай сыйлабайт. Татыктуу келинди туш кылсын.
13.10.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик. Азамат.
SUPER.KG видео
13.10.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун маек!))) 14-март))) менин да туулган кунум. Апанызга ден-соолук!!!
SUPER.KG видео
13.10.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Oi toboo,"kyldan kyikym tabasynarda" Jon ele!Omar uchun anyn apasyndai apa jok,a Men uchun duinodo menin APAmdai apa jok!Senin apan moondai degen jokda...sozdun maanisin tuwunup anan suiloo kerekgo,suiloit dese bawyn okup alyp jaza berbei!Azamatsyz,OMAR!Iigilik jana biiktik!!!
13.10.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маанилүү маек болуптур! Молодец!
13.10.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Бейиш эненин таманында!
SUPER.KG видео
13.10.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай эмгекчил баланы тарбиялап остургон ата- энесине рахмат, алгалай бер Омар! Азамат!
13.10.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек Борбиев менен Омарды сүйөм!
13.10.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эжесинин жанына чуркап келгени жакты.элестеттим
13.10.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун бала да ушул. Жанынан корбосом да интервюлары жагат. Аябай коргум келип журуп москвага келет дегенинен суйундум эле келген куну колум бошобой калдыыыыыы...
14.10.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экен энесин сыйлаган адам гана жубайынын эже карындаштарынын жалпы эле оз элинин да кадырына жете алат
14.10.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maa shaa Allah!!! Allahym yimanynyzdy kotorup, enenizge bolgon suiuunuzdu arttyra bersin!
14.10.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jildiz eje en baktiluu ayal ekensiz,tatiktuu bala tarbiyalapsiz,Omardin chigarmasinan da biyik turgan adamgerchiliktuulugu bar eken,intervyularinda baykalat ko. Uy buloluk bakitinar ulana bersin.
14.10.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар аябай жагымдуу ырчыда.Тарбиясы жакшы экени корунуп турат. Апакеси маанилуу суйлогон, акылдуу аял экенда корсо. Уй булолук бактылуулук каалайм!
14.10.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз, апанызга ден соолук тилейм
14.10.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
«Жашың деле келип калды, биз эртерээк небере жытын жыттайлы» дей берем-debei baryp Omardin balasin Amirdy,ozynyn neberesin anan baryp jitabaiby,kalpty syiloboi,ozyloryncho ele Appak bolo berishet
15.10.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Monica, Эмне Омардын баласы барбы?
15.10.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кулагым чалды эле, баласы бар деп
15.10.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы маек чындыгында энени урматоо керек Омар сизге ийгилик!
SUPER.KG видео
16.10.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omardyn togorogu top keliwken jigit eee)). Bizde uwunchalyk yrchy kop birok owolordun arasynan sanaluu ele yrchy jagat maga, Omar,Nurbek Savitaxunov,Malika Dina, Ayperi Kalykova,Kanykei(rok),Sultan sadyraliev,uwulardy kancha uksamda tajavaim, ))
SUPER.KG видео
18.10.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту суйуктуу гезит Супер инфо сиздерге жон гана ыраазычылык жана ырахмат айткым келет, алыс жердебиз кем калбай жумуш учурундада бугун биринчи кун Супердин жаны саны деп окуп турам терен сиздерге ыраазычылык билдируу менен бирге бир суранычым
SUPER.KG видео
18.10.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар еле мумкунчулугунуздор болсо Калыков Дон да интервью алып берсениздер кубанычта болор елем Гулжигит Калыков дон аябай таланттуу жигит
SUPER.KG видео
29.10.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервью темасы туура эмес! Омар, баарынын эле апалары оздоруно жакшы жана эч кимде мындай апа жок дейт. Так что не красиво высказал!
SUPER.KG видео
07.02.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты интервью болуптур. Суйлогон сахнада озун алып жургондугу менен о3унун Жогорку денгээлдеги тарбиясын корсотуп журот. Бул да болсо ата энесинин эмгеги дер билем. Дуйнодо апалар аталар оорубасын. Апандын жанында олтурган ОЗУ байлык деп эсептейм... Бейиш эненин таманынын астында дегендей эле канчалык урматтасак да апакелерибиздин бир кундук уйкусун бузуп туруп сут эмизгенинчелик эмгекке татыбайтго барибир
SUPER.KG видео
17.11.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да апамдай апа эч кимде жок апамдын омуру узун болсун,алтын апалар аман болушсун.Ар кимге оз энеси ыйык....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо