Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ӨКМӨТТҮН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЧЕКТӨӨ ЧЕЧИМИН СЫНГА АЛДЫ

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

«Өкмөт энергетикадагы кризистик абалдан чыгуунун жолун элди жарык менен жылуулуктан чектебей туруп табышы керек». Мындай пикирин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 9-октябрда билдирди.
– Өкмөттүн пассивдүү позициясы, чиновниктердин жоопкерчилик алуудан качуусу энергетика тармагында жакшы такталып, терең ойлонулбаган чечимдердин чыгышына алып келди. Суунун тартыштыгынан быйыл электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү азайганын эл түшүнүп турат. Ошентсе да тиешелүү чиновниктердин кышка жетиштүү электр энергиясын үнөмдөө үчүн элди, өндүрүүчүлөрдү жарыксыз калтыруу чечимин терең жаңылыштык деп эсептейм,- деди президент.
Ажо өкмөткө электр энергиясын башка өлкөлөрдөн да сатып алуу тапшырмасын бергендигин айтат: «Ооба, ал бизде иштелип чыккан электр энергиясынан кымбат болору түшүнүктүү. Бирок Кыргызстандын басымдуу бөлүгү кышкы суукта жарыксыз, жылуулуксуз, телевизор жана башка ыңгай-шарты жок отургандан көрө кымбатыраак болсо да электр энергиясына төлөөнү туура көрүшөт деп ишенем. Өкмөт элге ачык айтууну үйрөнүшү керек. Эгер энергосистемдин коопсуз иштөөсү үчүн убактылуу жарыкты өчүрүүгө туура келсе, аны элге ачык айтуу зарыл. Кандай чектөөлөр болбосун, биринчи кезекте карапайым калктын кызыкчылыгы эске алынышы шарт. Эл ачык-айкын сүйлөшүүнү жактырат. Калк энергетика тармагындагы абалга чиновниктерден кем эмес тынчсызданып турган чагы».
Буга чейин Камила Талиева, Абдылда Суранчиевдер министрлик кызматтан кеткенде «эмнеге энергетика министри алмашылган жок, ириде ошону алмаштыруу керек» деген пикирлер өтө көп айтылып жаткан. Өлкө башчысы да ушундай ойду билдирди. «Осмонбек Артыкбаевди таза, чынчыл жетекчи деп санайм. Бирок бүгүнкү абалда Энергетика жана өнөр жай министрлигине бул тармакты мыкты билген менеджер керек деп эсептейм» деди Атамбаев.
Осмонбек Артыкбаев өз дарегине айтылган мындай сынды негиздүү деп эсептей турганын айтып, отставкага кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
13.10.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу бизде министрлер калпактай эле алмашып журот. Бироонон "толк" чыккыдай эмес. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 13.10.2014 10:48
13.10.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
_KipchaK_, провокацияга жол жок! 10 саат БАН!
13.10.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
БАН берекей жок э.
Модератор admin_superstan түзөттү 13.10.2014 10:48
13.10.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, провокацияга жол жок! 5 саат БАН!
13.10.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик, элге жакшы нерсе кылып ататбыз деп калп эле иштемиш болбой эле койгула.
Силер жон гана элге тоскоол болбогула! Ар ким озунун тиричилигин кылып атат.
13.10.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазда Окмот алмашып жатканда айткам, бул элди сооротуу учун жасалган кадам, эч кандай жылыш, озгоруу болбойт, бийлик убакыттан утуу учун бул кадамга барып жатат, ал эми бийликке убакыт элди, казынаны карактоо, байлык топтоо учун керек деп айткам, баары мен айткандай эле болду же жакшы саамалыктар болуп элдин жашоосу онолдубу, жок кайра кундон кунго бетер, кыйын болуп баратат, бир бензинден мамлекет литрине 10-15 сом жеп жаткан сон... Санаса том том болот, бир соз менен жаш бала да билип калды
13.10.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин ким экенин...
13.10.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурда баардык нерсеге Бакиев кунолуу эле эми акырыыын окмотко шылтайт окшойт.
13.10.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bepiev91, Ошону айтамын да. Азыр оппозицияда эмес сындагыдай иштеш керек.
14.10.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bepiev91, Эртен бир нерсе болсо мен озу ошондо эле айткамын деп актана турган 1 варияант. Солярка арзан бензин кымбат ушуну да бироого туштап кой эми кеч боло электе.
13.10.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очпосо болду толойбуз да эптеп п.с.жеке оюм
14.10.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ойумча электр энергиясынын баасын которуунун жолун издеп жатышат окшойт.(Атамбаевдин айтуусуна караганда)
16.10.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канаткайраттын созуно кошулам,анткени баардыгы которулуп жатпайбы.Электр арзан калып калса анда кандай болот,ойлонгула достор.
17.10.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigito, бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
17.10.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elektr energiyani kotorobuz degendi kagazga orop suylop jatishat,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо