Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР БҮРКҮМ

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан Юруслан Тойчубеков бошотулуп, ордуна САНЖАР МУКАНБЕТОВ дайындалды.
  • 1-октябрдан тартып ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН тарифи калк үчүн 1 метр кубу 12 сом 93 тыйын, коммерциялык абоненттер үчүн 13 сом 81 тыйын деп бекитилип, калк тарифи 3 сом 40 тыйынга, коммерциялык абоненттерге 4 сом 50 тыйынга арзандады.
  • Бишкек шаарында быйыл 140 миң даанага жакын бир жылдык ГҮЛДӨР соолуп калды, ар бир көчөттү тигүүгө 30 сом сарпталган. Баары биригип бюджетке келтирилген чыгым 4 миллион сомду түзөт.
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «ЖЫРГАЛАҢ» шахтасын текшерүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки куткаруучусу тереңдикке кулап кетип, газга ууланып каза табышты.
  • КӨМҮРДҮН БААСЫНА 90 күндүк мамлекеттик жөндөө киргизүү боюнча акттын долбоору сунушталууда. Аны ортомчулардын айынан көмүрдүн баасы негизсиз көтөрүлүп жатканынан улам Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги алып чыкты.
  • «Бишкекжылуулуктармактары» ААКсынын директору Эркин Абдыкалыковдун айтымында, борбор шаарда ЖЫЛЫТУУ сезону ноябрь айынан эрте башталбайт.
  • Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары БАЗАРЛАР Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен соода жайларынын ижара акысынын тарифин макулдашпайт.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо