№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж

– Өзүм бойдок болгон соң интернеттен өз теңимди издөө адат болуп калган эле. Күндөрдүн биринде Гүлнур аттуу келин менен таанышып калдым. Келбеттүү, көздөрү сырдуу тиктеген Гүлнур күйөөсү менен ажырашканын, эки баласы бар экенин баяндады. Ошону менен экөөбүз кат жазышып жүрүп, жакын боло баштадык. Кээде ал жашоодон жадай тургандыгын кеп кылар эле. Анда мен «антпе, балдарың үчүн болсо да жашашың керек» деп акыл айтып калчумун.
Жай келгенде өзүм жашаган Ош шаарынан Бишкекке иштегени кеттим. Ал жакта жүрүп да Гүлнур менен байланышымды үзгөн жокмун. Убакыт өткөн сайын ал мени өзүнө тартып, сүйүп калганымды билдим. Кайра Ошко келдим. Экөөбүз кездештик. Ал мени уялыңкы көз карашы, назиктиги менен ого бетер арбап алды. Ошол күндөн тарта кыз-жигит катары жолугуша баштадык. Анан үйдөгүлөр мени иштеп келүүгө Орусияга жиберип ийишти. Ошол күндөн бери экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сагынычыбыз улам өсүүдө.
Мен ата-энемдин жалгыз уулу болгондуктан, алар менин 2 балалуу келинди алам дегениме каршы болору анык. Гүлнур «мага айтпай үйлөнүп ал, укканымда бир-эки күн ыйлап басылам да» деп айтып келет. А менин башка кызга көңүл бурмак турсун таанышуудан качып, Гүлнур менен ооруп жүргөнүмө 2 жыл болду. Эмне кылам, кеңеш бериңиздерчи.
Нуралы, 29 жашта, Ош шаары
– Сиздин баяныңызды окуп, суроолор жаралды. Биринчиси, сиз Гүлнурга болгон сезимиңизди канчалык чыныгы жана күчтүү деп ойлойсуз? Бул жаатта сезимдериңизди талдап көрдүңүз беле? Экинчиси, Гүлнурдун эки баласын өз балаңыздай кабыл алганга даярсызбы?
Эгер ушул суроолорго «ооба» деп жооп бере турган болсоңуз, анда ата-энеңизге баарын ачык айтканыңыз оң. Албетте, болочок келинин башкача элестеткен алар каршы болуулары мүмкүн. Бирок сүйлөшкөн адамыңыздын жакшы жактарын белгилеп, жоопкерчиликти толук мойнуңузга аларыңызды, жакшы жашап кетериңиздерди белгилесеңиз, балким, алар көнүшөт.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Анан баягы не деп койчу эле кыз озунун канын ичирип койсо,ушундай болуп калат деп уккам.
Ошондуктан башка эле алне кыласын баш оорутма кылып
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=4