Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАЙЫН СИҢДИСИН ЖЕҢЕСИ ЗӨӨКҮРЛӨРГӨ САЛЫП БЕРГЕН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Адамдардын ортосундагы кек күчтүү болсо, анын аягы жакшылыкка алып келбейт. Ал эми кектин келип чыгуусуна болбогон бир дүнүйө, акча, эч нерсеге арзыбаган бир кесим чүпүрөк сыяктуу нерселер себеп болот. Мына ошондой келишпестиктерге жаш балдарды аралаштырып, аларга зыян келтирген адамдарды укканда кыжырың кайнайт. Төмөндөгү 2 жыл мурун кайын журтунан кетип калган келин "14 жашар кайын сиңдисин 2 эркекке зордуктаткан" деп айыпталып, учурда изделүүдө.

КЫЛМЫШТЫ АТКАРГАНДАР КАРМАЛЫП, УЮШТУРУУЧУ КАРМАЛА ЭЛЕК
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкен айылында бир үй-бүлө үчүн каргашалуу окуя болгон. Үй-бүлөнүн кумшекер алуу үчүн кеткен 14 жаштагы кызы кечиккенинен баары жапырт кызды издеп калышат. Кечке жуук кийим-кечеси айрылып, дене бою көк ала, анан калса зордукталган кыз ыйлап кирип келген.
Жалал-Абад ОИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубаныч Акматов билдиргендей, кыздын апасы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылат. Тестиер кызды зордуктаган зөөкүрлөрдүн сары изине түшкөн милиция кызматкерлери аларды 2 айдан соң, 23-сентябрда кармашкан. Кылмышка шектүүлөр ошол эле айылдын тургундары 1988-жылы туулган Максатбек Жумакалиев жана 1974-жылы туулган Азамат Токтошов болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар жасаган кылмышын моюнуна алып, буга өз каалоолору менен эмес, бөтөлкөлөшү Кымбат Мырзатованын суранычы менен мас абалында баргандыктарын айтышкан. Учурда «кылмышты уюштурган» деп шектелип жаткан айым изделүүдө.

КУМШЕКЕР АЛУУГА КЕТКЕН БОЙДОН ЖОГОЛУП...

Тергөөдө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Окуя болгон күнү жаман нерсе оюнда жок эне 14 жашар кызынын колуна акча карматып, «мөмө бышып калыптыр, кыям жасайбыз, базарга барып, кумшекер алып келе кой» деп Токтогул шаарчасына баруучу маршруттук таксиге салып жиберет. Базарга жеткен кыз кумшекер алганга жетишпей, жолдон агасынын мурунку аялына, башкача айтканда, жеңесине жолугуп калат. Ошол жерден кызды жеңеси «жүрү, үйүм бул эле жерде. Мен да анан базарга келип, майда-чүйдө алып, кайра айылга жөнөйүн деп жаткам. Чогуу кетип калабыз» деп кайын сиңдисин үйүнө ээрчитип кетет.
Жеңесинин үйүнө барып, аркы-беркиге алаксып отурганда эшиктен чала тааныш эки айылдашы кирет. Дасторкон жайылып, сыралар ачылып, бака-шака түшүп, айтор, отуруш башталат. Өзүн ашык сезген кыз «мен кете берейин, апам күтүп калат» дегенине карабай «булар азыр кетишет, коё тур, чогуу эле кетебиз» деп убакытты создуктурат. Ичке бир нерсе киргенден кийин келин эки бөтөлкөлөшүнө мурда пландалган арам оюн ишке ашыргыла деп ишарат кылат. Бирок тиги экөө балапан кызды зордуктоого даабай отура беришет. Буга кыжыры келген келин кайын сиңдисин кыйнап оозуна сыра куюп, кагып-силкип коркутуп койгонго да жетишет.

ҮЙДӨН ИШКЕ АШПАГАН АРАМ ОЙ КӨЛМӨНҮН ЖЭЭГИНДЕ АШАТ
Кылмышка шектүүлөр үйдө дем жетишпей, күн ысып кеткенин айтып, шаардын чекесиндеги көлмөгө түшүп, серүүндөп келүүнү пландашат. Кетем деген кыздын эркине койбой аны да көлмөнүн жээгине жетелеп барышат. Ал жактан да оозуна сыра куюп, кордук көрсөтүп коркутушат.
Ал эми 14 жашар кыз менен жыныстык катнашка даабай турган аларды келин эптеп көндүрөт. Көлмөгө бир-эки ирет чумкуп чыккан экөөнүн сырасын кайрадан толуктап куюп, кызды чечинтип, аны да сууга түшүрүп, айтор, зөөкүрлөрдү кызыктырууга болгон аракетин жумшайт. Макул болбой каршылык көрсөткөн кичине кызды жеңеси бет талаштыра бир муштайт. Дене бою ачылып, жылаңач ыйлап отурган кызды көргөн зөөкүрлөр биринин артынан экинчиси зордуктап, келиндин арам оюн ишке ашырышат. Мындан соң эки зөөкүр жана кылмышты уюштурган жеңе сөрөй курмандыгын окуя болгон жерге таштап, из жашырып кетишет. Зордукка кабылган өспүрүм кыз үстү-башы тытылып ыйлаган бойдон үйүнө келет.

«КЕЛИН КАЙЫН ЖУРТУНА КЕК САКТАП ЖҮРГӨН БОЛУШУ МҮМКҮН»
Жогорудагы кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары КУБАНЫЧ АКМАТОВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Арыз бизге июль айында, окуя болгон күнү эле жазылган. Бирок качып жүргөн кылмышка шектүүлөр 23-сентябрда колго түшүрүлдү. Арыз жазган үй-бүлөнүн мурдагы келини, 1985-жылкы Кымбат Мырзатова учурда изделүүдө. Алдын ала болжолдоолор боюнча, анын жабыр тарткан үй-бүлөдө өчү болуп, нааразычылыгын ушундай жол менен билдирген.
Издөөдө жүргөн кылмыштын уюштуруучусу Кымбат Мырзатованы көргөн-билгендер болсо 102 номуруна кабарлап койсоңуздар. Болжолдоолор боюнча, ал Бишкек шаарында жашынып жүрүшү мүмкүн. Себеби чек ара кызматтарына шектүү тууралуу толук маалыматтарды берип, ал өлкөдөн чыккан жок деген тастыктамаларды алганбыз. Бирок легалдуу эмес жолдор менен өлкөнү таштап чыгып кетиши да мүмкүн.

Учурда жогорудагы кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучу кызга балдар психологдору, медицина кызматкерлери жардамга келип, каргашалуу күндү унуттуруунун жолун издешүүдө.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(47)
20.10.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеңеси да бирөө жарымдын ойлонуп иштелген тузагына түшөөр, жаш кыздын убалы уктатпайт...
20.10.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон эле кишилер кантип дити барды? Женеси журогу оорубай кантип чыдап карап олтурду жанына. Кудай, ушундай адамдарды жазага тарт. Кичинекей кызга тезинен сакайып кетишин чын журоктон каалайм.
20.10.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Келинди эле куноолобогуло да мумкун ага да убагында мындан да жаман кунду корсотушкон,кыска ойго салбай,терен ойлонуу керек!
20.10.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bony-viktoria, кайын журту жаман кунду корсоткон кундо да периште кызда эмне куноо?Бир адамдын тагдырын талкалаптыр(тообо кылдым)
21.10.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bony-viktoria, фуу терен ойлонуп жазганын ушул болсо,лучше унчукбай эле койбопсун!
21.10.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bony-viktoria, аа анан эмне туура кылат деш керекпи куноолобой, канча жаман кунду корсотсо да ошончолук очу бар болсо жаш кыздан оч албай куйосунон алсын урдуруп же сабатып кантсе да эркек чыдамдуу жана жаны да бышык кайра озуно келип калат тиги кызда не куноо болгону секелек кыз азыр 14то болсо келин алар менен жашап атканда 12де эле экен женесине эмне жамандык кыла алмак андан очун чыгаргыдай. Озунун кийинкилигин ойлосо болмок эми куну бутту бир куну барыбир табылат иттей кор болору турган кеп
21.10.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baikush kyzdyn agasy omyr boiu ozyn kynoolop ototko emi kelindin meesi jok kok mee eken
21.10.2014. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир адамдын келечеги талкаланды эхх заман озгорбой эле адамдар айбанга айланып бараткандай карап турсан.
21.10.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очун бул секелек кыздан албай эле кобоптур да жаш кыздын тагдырын талкалады эки зоокүр ошол келиндин айтканын жасаган жиндилер экен го жазасын тартсын эми келинди да эртерэк табышса экен
21.10.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх... Тобоо не десе болот буга. Айбанго. Кандай учур,кек болбосун, кы3да эмне куноо...
21.10.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dario ele regionalist troybalist ,provakator dep cykpagyla.birok akyrky ubakta Jalal Abadta kylmywtuuluk ayabay kuchop baratat.Bolgondo eldi wok kylgan koomduk rezanans kylmystar.Davat iwterin Koburook jurguzuw kerek.kelin jaw ele turup botolkolow bolgonun.baardygy ickiliktin ayinan.Uyuwturuuchu karmala elek koydon momun bolup atywat ekobu.Bettewtirgenden kiin dagy bylyktary chygatgo naalatylar!Belaya goryachka bolup kalgan alkawtar bso bir botolko arak ucun sovestinda jutup koyet
21.10.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, бул гезитке чыккандары эле чыкпай, билинбей калган кылмыштар толтура, кун алыс ар турдуу кылмыштар болуп турат айрыкча Кочкор-ата жана Кара-Кол шаарлары ото криминалдуу КР боюнча. Кечинде кочодо жургондон коркчук биз
24.10.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, бул жерде бир региондо эмес соз, болгону бул гезит КРда эн коп тираж менен чыгат. Кылмышкерди табуунун аракеттери. Бир кундо канча деген катталган жана катталбаган кылмыштар ишке ашат
21.10.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кымбат айымды бир жерден коргондой болуп жатам. Ошол жерден дагы издеп корушум керек болуп жатат. Колума тушуп эле калса, аябай "байкелетем го"....
21.10.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анчалык кайын журтунда очу болсо куйоосунон чыгарса болмок. Кочот кыздын тагдырын талкалабай... ОШ базарда эле журот деп жатышат. Биздин милициялар эле корбой калып атышат окшойт...акмак десе!!!
21.10.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииийййй жаш кызда эмне куноо? Ушул келинди бир жерден коргондой болуп атам бирок эстей албай атам
21.10.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla jazanardy bersin uchoondun .....dar
21.10.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ошондой акмактан
22.10.2014. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Japjaw kyzdyn tagdyry talkalanyptyr da((((((
24.10.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melek1, келиндин жашоосу талкалангандырда ошол кичинекей кыздын ата-энелеринин колу менен. Болбосо ушунча жаш болуп аракеч болуп кетмек беле. Бул жерде информация аз болуп жатат
22.10.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары башынан болсо керек мункун кыздын акеси да келинди таштап койгондур,бирок ошол акесинен оч алуу керек эле наборот кармап алып аялдарга салып берип,байкуш оспурум кыз кыйналды жаш да куноосуз, карындашым коп кыжалат болбо баары жакшы болот,ким эмне кылса соссуз жообун алат
22.10.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо женемден коркуп баштадым(девеле),ушунчалык да зоокур болобу??
24.10.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gemma95, балээ кылбасан эмеге коркосун?
22.10.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарга эмне болуп бара жатат! кылмыш кылаарда эртеңки күнүн ойлошпойт экен да. Кандай гана кылмыш кылбагын акыры түбү жазасын аласың, милиция тарабынан жазаланбай калган күндө деле кудай карап турат, өз бала-чакаңа кайтышы мүмкүн.
22.10.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jash kyz deisiner oshol jash kyzda bir ui buloonu buzushu mumkun.M:men da 13jashar kyzdy(kainsindimdi) estesem chachym tik turat.any men kudaiga saldym.
22.10.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын! Мындай адамдар жок болсо экен Кыргызстанда.
23.10.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы тим эле жакшы каалоо тилектерди айтып ичесинер. Ичкиликтин аягы мажбуру. соо болсонор оюнарда болсо да колкнар бир аз коркот ичип алып каалаганды жасап анан мас элем билбей калыпмын деп. Дининер Ислам. Ислам дининде арак арам макуру. анда эмне ичесинер а. ушул комм жазгандардын да ичишкендери бар. Мусулманбыз Кудайымдын алдына барабыз. каалаганын кылып журушот тооба. педофил дегени бачабаз дегени кобойду. не заман озу.
24.10.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пенделерине озун ыйман, ынсап бер жараткан алла!
24.10.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каждому Аллах воздает по возможности. Даже лист с дерева падает по велению Его.
Судить мы все мастера. Но у каждого здесь свой косяк: Почему девочка маму не послушала (все родители говорят своим детям "эрте кел!")? почему она идет с бывшей женой своего брата? Наверно есть причина, на то, что они развелись? Сейчас 14 летние сообразительнее чем раньше. Может заказчицу в её же возрасте украли и изнасиловали? Человек же таким зверским образом не может же мстить за 5 копеек. Месть слепа, однак
24.10.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кейпинди урайын туру суук кайнисиндисинде эмне куноо жап жаш кыз ...ой йо
25.10.2014. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ тусу суук, , озундо кыз жок бекен шумшук! Кудай озу жазалайт ХХХ ХХХ десе
Модератор admin_superstan түзөттү 27.10.2014 10:28
27.10.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharipa-asia, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
25.10.2014. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikush kizda emne kunoo tagdiri talkalandi,kelindin akulu taiku tura emi ani jakshi nerse kutkon jok kudai eki ese jazasin beret.
bir jaktan korgondoi bolup atam estei albai jatam
25.10.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озу жазаласын.мыкачы,адамдык сапаат кайда калган......
25.10.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келини акылсыз болгон учун кайын журтунунан айдалган болсо керек.?Кызга аябай оор болуптур.Кетип калган женем менен учурашпас болдум го эми
25.10.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир кудайдан жазасын алышат. Тозокту тиги дуйнодо эмес ушу жашоодо эле коруп калышы мумкун. Бул жерде акылдуулар коп,кайын журтунун жаманынан ушундай окуя келип чыкты дегендер. Корот элек силерди,кудай сактасын,ушу сымал окуяга туш болуп калсанар,сайраганынарды алдыгинтип.
26.10.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аии мындайлар качан тугойт
26.10.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келесоого кудай корсотсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо