Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЧ КУРБУ (сериал)

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир топ убакыттан кийин врачтар анын үстүнө киргенге уруксат беришти. Кан көп кетип калгандыктан сактай албай калышканын айтышты. Назик көз алдымда суналып жатты. Азыр туруп мени колдон алчудай, мурункудай эркелеп же ыйлап, же таарынып тултуңдачудай эле сезилип жатты. Анын өлүп калганына эч ишенгим келген жок. Бул дүйнөнүн барына да, жогуна да тойгондой, бардыгына ыраазыдай мемирейт. А мен кантем? Мындан ары кантип жашайм? Аманат кантет? Өзүмдү жоготуп делдейип эле тура бердим. Бир көргөнүм, Назиктин колун кармап боздоп жаткан Жанара. Эки кулагым тунуп калгандай абалда бир гана адамдын үнү жүрөгүмдү тешип өттү. Ал «мени кызым менен кошо көмгүлө» деп чырылдап ыйлап жаткан Назиктин апасынын үнү эле.
– Сен казасына барбай эле кой, уят. Баяндын ата-энеси да ал жакта болот,- деп шыбырады Жанара. Ошентип аны акыркы жолу көргөнүм ушу болду. Назикти туугандары чыгарып кетишкенден кийин Баян эсиме түштү. Телефонумду карасам айдоочубуз Руслан 3 жолу чалган экен. Дароо телефонду тердим.
– Алло, кандайсың?
– Дастан байке, Баян жеңемди азыр төрөтканага алып бардым, ошол жердемин.
– Кайсы дарек?
– Москва көчөсүнүн кесилишинде.
Сөзүн аягына чейин укпай коюп салдым да, машинеге отуруп учуп жөнөдүм. Бирок төрөтканага кире албадым. Мен эми Баяндын бетине караганга, ал төрөгөн наристени колума алганга, ага ата болгонго да акым жок эле. Терезеден тиктеп, көз жашыма муунуп машинада отура бердим. Бир учурда Баян көз жарганын айдоочубуз Руслан сүйүнчүлөдү.
– Уул, уул төрөдү.
Аптыгып кубанганынан албырып турган айдоочум мени карап дел болуп калды. Аргасыз көз жашымды сүрттүм.
– Дастан байке, сизге эмне болду? Жеңем аман-эсен, бала да жакшы дешти. Салмагы, бою дагы нормада деп айтышты.
– Мен... Мен жөн эле сүйүнүп кеттим окшойт. Сен бар, жеңеңдин жанында бол. Эмне десе ошол керектүүсүн камдап бер. Жанында апасы барбы?
– Бар. Сизди жеңеме эмне дейин?
– Билбейм, эч нерсе дебей эле кой. Менин келгенимди деле айтпай эле кой,- дедим да машинеме бурулдум.
Ызама муунуп жаттым. Өз уулум төрөлгөнүнө жок дегенде ушу айдоочудай сүйүнө албаганыма, сүйгөн жарымдын маңдайынан сылап жакшы сөз айта албаганыма, өзүмдү өзүм кор кылып өз бүлөмө батпай калганыма муунуп бара жаттым. Руслан артыман кыйкырып калды.
– Дастан байке, атын ким коёлу?
– Атын Адам койгула.
Оозума эмнеге ошол ат келгенин ушул кезге чейин билбейм. Адам дегим келди. Кийинки кезде Назик экөөбүздүн сөзүбүздүн жарымы Адам болуп калган. Эмнегедир ошол атты ыраа көрүп туруп алдым. Адам деп Назик экөөбүз уулубузга коёбуз дедик эле, минтип Баян экөөбүздүн уулубуз Адам аталып калды.
3 күндөн кийин Аманатты төрөтканадан жалгыз чыгарып кеттим. Врачтар колума салган наристени коомай кармадым. Бетин ачып тик багып карагым келбеди. Наристе менин колума кандай келсе, ошондой үнүн баспай ыйлап жатты. Анын бакырган үнүнөн жанымды коёрго жер таппай жаттым. Же басылта алсамчы...
– Акырын, акырын, уулум. Мына, мен жаныңдамын, мен сени эч кайда таштабайм. Болгону сен ыйлабачы.
Калтыраган бойдон араң машинеге жетип отурдум. Мына колумда бакырып жаткан Аманат! Кызыл эт менен кайда барам, кимге бактырам? Канча отурдум билбейм, маңдайымда айдоочум Руслан пайда болду. Ал басып келип машиненин эшигин ачты.
– Баян жеңемди да бүгүн чыгардык. Азыр үйдө.
– Аа-а,- дедим аргасыз.
– Сизди үйгө келсин деди.
Элейип аны тиктеп калдым. Баланы боорума кысып үйгө кирип барганымды элестете албай турдум. Үйгө жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөп, чекемен чыпылдаган тер чыгып жатты. Мен акыл токтоткуча эле үйгө келип калдык. Босогодо турам, же кире албайм, же кайра кайрылып басып кете албайм. Байкасам, бала ыйлап жатып үнү бүтүп калгандай, коркуп кетип босогону чечкиндүү аттадым. Конок үйдүн диванында Баян ойлуу отурган экен. Ал мени жай гана тиктеп турду. Анын көздөрүнөн же аяганын, же жек көргөнүн, же сүйгөнүн байкай албадым. Келесоолугум менен ар дайым анда күйүп турган жылуулуктун, мээримдин шамын биротоло өчүргөнүмдү туйдум. Баланы акырын диванга жаткырып үңкүйүп отура кеттим. Көпкө үн катпай отурдук, бала кайрадан ыйлап киргенде гана араң башымды көтөрдүм.
– Мен кетейин,- дедим.
– Кайда барасың?- деди Баян.
– Билбейм.
Аманат катуулап ыйлай баштады. Безеленип ыйлаган үндөн өзүмдү жоготуп, катуу силкилдете баштадым. Баян чечкиндүү басып келди да, менден баланы жулуп алды.
Алда эненин жүрөгү, ай, карегине жашы толуп, калтыраган колдору менен наристенин жүзүн ачкан Баяндын абалын сөз менен жеткире албасмын. Ачкасынанбы же үшүгөнүнөнбү, ыйлап жаткан Аманатты эмизе баштады. Жан талаша бүлкүлдөтө эмип кирген аны, көз жашы көлдөп агып жатса да, эмчеги ийип эмизип жаткан аялымды карап бир өлүп, бир тирилип турдум. Баяндын жаштары Аманаттын жүзүнө тамып жатты. Мындай көрүнүшкө чыдап тура албадым, сыртка чыгып машинеме отуруп туш келди айдап жөнөдүм.
Эки күн үйгө келбей, үчүнчү күн дегенде босогону аттадым. Атайын балдар уктаган учурда келгем. Кирип, көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Биздин бөлмөбүздө эки бешикти алмак-салмак терметкен Баян отуруптур. Ошентип менин жана уулумдун тагдыры ушундай чечилди. Байкушум күнү да, түнү да эки бешиктин ортосунда. Кээде бешиктердин ортосунда отуруп көз ирмейт. Бир эмчегин Аманат, бирин Адам сорот. Экөө бирдей ыйлаган учурда Адамдан мурда Аманатты колуна алат. Негедир ал көбүрөөк ыйлайт. Дайыма Аманат ыйлап жатканда жанымды коёрго жер таппайм. Мага анын үнү заар угулат, чыдабай кетем. Аманатты тиктеген сайын күнөөм көз алдыма тартылат, аны колума алгандан, эркелеткенден качам.
Балдар бир аз тороло баштагандан тартып экөөнү тиктей бере турган адат таптым. Кудай мени дагы бир жазалап, Аманат Назиктин көчүрмөсү болуп бара жатат. Балбылдаган көздөрү, күлгөндө жаркырай түшкөн маңдайы да апасына окшош. Баян ал окшоштукту сезбей жатабы, сезет да, байкушумдун жүрөгү канап жатса керек деп мен бери жакта кыйналам. Ал эми Адам менин көчүрмөм, мүнөзү апасыныкындай. Көздөрүндө мээрим толтура, жашоого күлүп карайт. Аманат болсо көзүн балбылдатып муңдуу.
Канча убакыт өтсө да Баян экөөбүздүн мамилебиз мурункудай болбоду. Мезгил көп нерсени дарылайт дешет, бирок бизге мезгил каршы иштеп жаткандай. Убакыт өткөн сайын ортобуздагы салкындык күчөгөндөн күчөп бара жатты...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(28)
20.10.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ай,окуп алып ыйладым,ЭНЕнин журогу соз жок,рахмат ссиздерге ЭНЕкелер
20.10.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага эми эмне болоор экен. Баян мыкты аялзаты экен
20.10.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан ит экенсин,эркектерди жек коруп кеттим.
20.10.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан бутот,буткучо журогун зыздап бутот го.
20.10.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bema_bema куунажын козун сузбосо бука жибин узбойт еле бул жерде Назик кунолу терен ойлон
20.10.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek bolboi ar baale bolup ketpeit belen, Dastan. It dagy sendei emestir!!!
20.10.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келип кайра эле аялына иши тушуптур да
20.10.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush Baianga ele boorum oorudu,kudai saktasyn myndai azaptan.
20.10.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер ушундай суволушта, эми баласын колуна албай атканын кара. Же кечирип койго жарабай.
20.10.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык эле эне ушундай кылмак менимче коз алдында сыздап курсагы ачып ыйлап турган баланы ким таштап кеткенге журогу чыдамак эле
20.10.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еми дастан емне кылаар екен баяндын суйуусун кайра кайрып алалаар бекен, баардыгынан да аманаттын тагдыры кызык болуп жатат..
20.10.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Аманат, бейкуноо наристе... Тагдыры эмне болот эми.
20.10.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баянды Аманаттыда аяп кеттим
20.10.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sardarbek84,ооба экөөнү аяп ыйлап алдым...
20.10.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энелердин журогу кенен бар болушсун
20.10.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөгүм ооруп кетти.:-( Эч кимибизге мындай тагдырды туш кылбасын
21.10.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eex den dyrkyrop kozymo jash aldym kino kylyp tartsa kandai soonun seriyal bolmok e
21.10.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dastan kunoondu bilesin,boy kotorboston Bayanga jardam berip tunu beshigin kosho termetishsen,jiluu mamile jasasan bolboybu,tultuyup Bayandin meerimin kutposton,ozundu da Bayandi da kiynabastan. Bayan baykush adam go akiri.
21.10.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshondo Amanat nikesiz bala bolup kaldibi?
21.10.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо нелер гана болбойт. Мындай учурда мезгил дарыламак турсун кайра ырбатат. Баян да темир эмес адам да. бирок Баян азамат экен. Суктанып кеттим.
21.10.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ex, jurogum syzdap ketti ((((
21.10.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayan azamat eken.Dastan jok degende kechirim surap koiso bolmok
22.10.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек кишиге эч качан ишенип болбой баратат азыркы заманда. Ойлонсонорчу ай бир аз болсода. Силерди да акыры апалар бул дуйного алып келгенго.
22.10.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан ит экен жок дегенде кечирим сурап койсо болмок. Кудайым ай ушул да жашоо болдубу
22.10.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayandyn adamgerchiliginin,anyn kiri jok jurogunun aldynda baw iydim.Sebebi:ar bir ele insandyn kolunan bul nerse kele berbes.mindin ichinen biroo chykpasa ele.uwun4alyk ku4tuu eken...
22.10.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай ай, окуп бүткүчө, көз жашым агып кетти :(
23.10.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуя кызыгына келдиго е
24.10.2014. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жума куто берип баш жагын унутуп кала турган болдум. Башка авторлорубуз да куттуро берип башты айлантты )) чыгармалар ''шакарап'' болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо