«Добулбас» тобу:«КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ САПАТТУУ ЫРЛАРДЫ ТАРТУУЛАЙЛЫ ДЕДИК»

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Бүгүнкү каармандарыбыз сахнага жаңыдан чыккан жок. Көп жылдан бери шоу дүйнөсүнүн казанында кайнап, атүгүл өз алдынча ырдап да жүрүшкөн. Акыры үчөө чогулуп, «Добулбас» тобун түзүп, Бек Борбиевдин «Аселдейим», «Бишкекке» аттуу ырлары менен оозго алынып турган убагы.

Аты-жөнү – Ильяз Кудретов
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 17-июнь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаарчасы
Билими – Кыргызстан Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Аты-жөнү – Эдил Маматов
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 30-декабрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь айылы
Билими – Орто
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы (ырчы Мээри Шакулинанын жолдошу)

Аты-жөнү – Кубат Тургумбаев
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 14-январь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Сатыке айылы
Билими – Музыкалык педагогикалык училищени аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Жигиттер, топту түзүү идеясы кимге таандык? «Добулбас» деп атын ким атады?
Эдил:
– Үчөөбүз мурдатан эле чыгармачылык аркылуу байланышта жүргөн жакын достордонбуз. Чогуу топ түзүп сахнага чыгалы, кыргыз элине сапаттуу ырларды тартуулайлы деген ойдо жүргөнбүз. Жакында Бек Борбиев агабыздын чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата өткөн «Делбирим» аттуу сынак өтүп, ага өзүбүздү сынап көрөлү деп катышып, баш байгени утуп алдык.
Ильяз: – Топтун түзүлүп калышына продюсерибиз Мирлан Ниязов да себепчи болду. Мурун ырдап жүргөнүбүздү билген ал бизди чогултуп «Үчөөң чогуу ырдап көрбөйсүңөрбү? Бек байке өткөргөн сынакка катышкыла, аранжировкасын мен жасап берем» деп калды. Топтун атын болсо кыргыздын эски музыкалык аспаптарынын биринин атынан «Добулбас» деп атадык.

– Буга чейин эмне менен алектенчү элеңер?
Кубат:
– Мен мурда ырчы Арсен жана Бактыяр деген жигиттер менен «Мурас» деген топто ырдачумун. Топ тарагандан бери үн жаздыруучу студияда үн режиссёр болуп, көп ырчылар менен иштештим. Актёр болууга да кызыккандыктан, анча-мынча клип, тасмаларга да тартылып калам.
Эдил: – Мурун Аваз Муратов аттуу досум менен «Ырчы жигит», «Ата-эне», «Досторума», «Мусулман» деген дуэттерди аткарып жүрдүк. Кийин өз алдымча «Күтпөйм эми», «Күнөө кимде?» деген ырларды жаздыргам. Андан сырткары ырчылардын ырларына аранжировка жасайм, обон жазып берем.
Ильяз: – Мен 2004-жылдан тартып кафелерде музыкант болуп иштеп келем. Сахнага чыгууну көксөп ырларды жаздыргам. «Жан эркем», «Ашыгым» деген ырларым радиолордо жаңырып турат.

– Жеке ырчы менен топтун айырмасы болот эмеспи. Ыр тандоодо же башка нерселерде талаш-тартыш жаралбайбы?
Ильяз:
– Үчөөбүз издешпей табышканбыз. Жоошпуз, музыкага болгон табитибиз, кызыкчылыгыбыз окшош болгондуктан талашып-тартышпайбыз.

– Топ жаңы түзүлгөнүнө карабай угармандардын кызыгуусун жаратууда. Күйөрман топтой алдыңарбы?
Эдил: –
«Жакшы топ болуптур, ырыңар сонун экен, дагы ырларды жазып жатасыңарбы?» деп жакшы пикирлерин айткандар болууда. Аларды угуп кубанып калабыз.
Ильяз: – Интернеттен көргөн чет өлкөдөгү мекендештерибиз да жакшы ойлорун айтышып жатышат.

– Мындан ары деле чогуу иштей бересиңерби же жеке ырчы катары да чыгасыңарбы?
Эдил:
– Топ катары ырдайбыз. Бирок арабыздан бирөөбүз өзүнчө ыр жаздырып, жалгыз өзүм ырдайм десе деле каршы болбойбуз.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Добулбас" тобу: "Сахнага чыгуу үчүн бизге каражаттын кереги жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
17.10.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгили силерге анда.Эдил Маматовду мурда эле таанычумун,Мэри Шакулинаныг куйоосу экенин билбепмин.Жаны ырлрды да жазгыла ,арканды узун таштагыла демекчимин
SUPER.KG видео
17.10.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аселдейим" менен "Бишкеккенер" менен ооруганыбызга (мен билген адамдарды айтып жатам;)) көп болду))) Ырларыңарды көөп жерде сурап жатканы, силердин ужеле күйөрмандарыңар арбын экенинин белгиси. Азаматсыңар! Жаңы бийиктиктерди багынта бергилеее! Мен жакшы көрөөөм силерди )))
SUPER.KG видео
17.10.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сиздерге!Эдил байкенин ырлары соонун!
SUPER.KG видео
17.10.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да буларды Бектин концертинен коруп,суйуп,ооруп калгам озгочо Эдилдин ырдаганы аябай жакты,ийгилик мындан ары да жакшы ырларды жарата бергиле чынында аселдейим ырын жогорку денгээлде аткарышкан.силерден дагы сонун сонун ырларды кутобуз,Эдилдин аялы бар экени жааль,бирок бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
18.10.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оох мен куткон кушту топ, Эдил Маматов ырларын жагат, эл сыймактанган топ болосунар куда кааласа, Аябай чон ийгилик.....
SUPER.KG видео
18.10.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сиздерге ийгилик каалайм Ильязды 89 болсо керке деп ойлойт элем корсо 92 турбайбы
SUPER.KG видео
19.10.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм жана жакшы ырларды кутобуз Эдил Маматов голос просто суппер
SUPER.KG видео
19.10.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель деймин деген ырдын кайдан кочурсо болот
SUPER.KG видео
19.10.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edil Mamatov Meri Shakulinanyn kyioosy turbaiby, ushul eki tygoi jonunyndo da maalymat berip koisonuzdar soonun bolmok, alga jigitter azamatsynar
SUPER.KG видео
20.10.2014. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добулбас тобуна чыгармачылык ийгилик,талантынар дагы да ташкындай берсин мыкты чыгармаларды жараткыла,анан биз бул маекти коп кутсок эки эле соз суйлоп коюшту го соз байлык кичине кобуроок болсо жакшы болмок
SUPER.KG видео
20.10.2014. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул топтун ырларын кошуп койгулачы ошо Аселдейим,Бишкекке деген ырларын
SUPER.KG видео
20.10.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
media_sky,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
21.10.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топтун аты жакты, жакшы сапатту ырларды жаратасынар деген ишеништемин
22.10.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огоо жердештерго ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
22.10.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ Аселдейим деген ырды уга албай атам сураныч кошуп койгулачы
22.10.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edil mamatovdun 3 balasy jana jubaiy meeri wakulina ekeni menin oozumdu a4yrdy)))))iygilik
SUPER.KG видео
25.10.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эдил маматов 3 баланын атасына окшобойтко жаш корунот экен ийгилик
25.10.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаттуу ыр кутобуз.анда силерден дагы кооп кетипгагу гагу суйдум олдум деп булдурап койбогула да
29.11.2014. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз Кудретов биздин мектеп окучу апамдын классташынын баласы...мектепте окуп жургондоле сынактарга катышып ырдап эле журо берчу бою узууун зынкыйган жигит красавчик !)
Биз сени менен сыймыктанабы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо