Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СИЗ ЖӨНҮНДӨ» ДЕГЕН ЫР ҮЧ СУЛУУГА АРНАЛГАН

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Жан дүйнөдөгү ачуу чындыкты даңазалаганы үчүнбү, айтор, бул ыр уккан адамдын жүрөгүнөн орун алып келет. Андыктан ырдын тарыхына кызыгып кимге арналган, автору ким деп сурагандар арбын. Көпчүлүктүн сунушу менен Эрнест Бөрүбаевдин аткаруусундагы «Сиз жөнүндө» аттуу ырдын тарыхын билүүгө биз да кызыктык.

Ырдын автору ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору САТКАНБАЙ МОМУНАЛИЕВ. Агай ырдын жаралыш тарыхы жөнүндө төмөнкүдөй кеп салып берди.
– Бул ырдын жазылганына 34 жыл болду. Байбичемдин бой жетип, жигиттерди теңине албай жүргөн кези болчу. Мен аны жактырып калып сөз айтып, ыр арнап, кат жазып сүйүүмдү далай жолу билдиргем. Кыз кылыктанып же катка жооп жазбайт, же жактырбай турганын билдирбей күйгүзүп көпкө жүрдү. Ырды ошондой сүйүү отуна куйкаланып турган кезимде жазгам. Алгач жазылганда темасы «Сен» деп аталып, төрт сап эле болчу. Ошентип ыр арнасам да ынабады эле, жубайымды ала качып алдым.
Эмгек жолумду мектепте мугалим болуп иштөө менен баштагам. Ал жакта иштеп жүргөндө адамгерчиликтүү, жакшынакай мугалим айымды жактырып калдым. Ошентип 22 жашымда жубайыма арнап жазган саптарымды 28 жашымда жоопсуз сүйүүмө арнап уланттым. Башкача айтканда, ырдын 2-3-куплети жаралды да, ал «Сизге» деп аталып калды. Үй-бүлөлүү болуп калгандыктанбы, экинчи сүйүүм жактыруудан ары өткөн жок. Учурда биринчи сүйүүм Шарапат менен жашап жатканыбызга 30 жылдан ашуун убакыт болду, 4 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк.
Ырды алгач обону менен укканда аябай сүйүндүм. Окуучум Түмөнбай «агай, бул ырга жыйынтык керек болуп жатат» дегенинен 4-куплетин башка кызга жазылган ырдан алып, темасын «Сиз жөнүндө» кылып өзгөртүп койгом. Ошондо бул чыгарма үч сулууга арналып жазылган. Ырга обон, аранжировка аткаруучу да жарашкан, ошон үчүн эл оозуна алынып кетти.

"Ырдын жаралышына жубайым Шарапат түрткү болгон".

Обончу Түмөнбай Колдошов: «БУЛ ЫРДЫ ӨЗҮМ ДА ЫРДАП ЧЫГАМ»
– Ырга обонду 2013-жылы чыгаргам. Алгач обону жаралган, бирок ылайыктуу сөз таппай, бир топ убараланып жүргөн элем. Бир күнү ОшМУда мугалим болуп иштеген Артур Тургунбаев «сонун текст бар» деп калды. Карап көрсөм, мен эңсеген, мен издеген текст экен, обонго куп жарашып калды. Ыр бир жумада даяр болгондон кийин Сатканбай агайга барып ырдап бердик. Агай ыраазы болуп, бизге оригинал текстин берди. Себеби ырдын сөзү колдон колго өтүп, өзгөрүп кеткен экен.
Агайымдын ырлар жыйнагы камтылган 3 китеби чыкса да, ырына обон биринчи жолу жазылыптыр. Ошол кезде Эрнест Бөрүбаев «Элегия» деген ырыңды мага бер» деп сураган эле. Ал ырды Айпери Кулбаева, өзүм да «Сагындыңбы, мен да сагындым» деп ырдап жүргөм. «Үчүнчү киши ырдаганда болбой калат го, андан көрө мен сизге сонун ырды берейин» деп диктофонго жазылган ырды угуздум. Эрнест байке бир жумадан кийин чалыптыр, «бул ырыңа аранжировка жасатып жатам» деп. «Макул, негизгиси, авторун айтып ырдай бериңиз» дедим. Бул ырды азыр ал ырдап жүрөт. Буюрса, «Сиз жөнүндөнү» аккордеонго салып, өзүм да ырдасамбы деген оюм бар.

«СИЗ ЖӨНҮНДӨ»

Сөзү: Сатканбай Момуналиевдики
Обону: Түмөнбөй Колдошовдуку

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо – бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


 Кыстарылган аудио 

Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(17)
20.10.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох,ушул ырды укканда жан дуйном жанчылып,барчаланып кеткен...
20.10.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dashi, саламатсызбы!
Ката түзөтүлдү. Рахмат!
20.10.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер-Инфо! Мекендеш Darkestrah блэк-метал тобу жонундо бир аз жаза кетсенер.
20.10.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratik, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
20.10.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агай балп эттирип эле баарын айтып салыптыр го, каарыганда. Неберелери чон атам шустрий болгон экен деп калышат экен да эми. Бизге лекция отчу, бир мезгилдер декан да болчу. Ошондо эле кыз жандуу болчу. Старосталар кабинетине кире албай безилдечу. А биздин старостабызды болсо чалп этип эле ооп салганын айтып келген эле байкуш кызыбыз. Эхх, агай.....
20.10.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soonun yr!baarydyk jagynan super!
20.10.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай бул биздин агай! мен ушул ырга жаны эле обон салынганда буттум. Агай кыз жандуу негизи,бирок мен 5 жыл староста болуп агайдан андай жаман онор корбодум стросталарды жаман аттуу кылбагыла! Азыр деле декан.Тумонбай ака биз 1-курска келгенде, 5-курс эле. биринчи жана акыркы конгуроолорду бирге откоронбуз.Экоонордун тен ишинерге ийгилик. Студенттик кундорум ай.Акыркы кундору ушунчалык ОшМУ ж.до коп жазып жатасынар чоон рахмат сиздерге Супер kg
21.10.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прям менин жашоому алып жазгандайго
21.10.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super yr da
22.10.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жакшы ыр саптары, жакшы обон турмуштан алынат, алар журкко да копко орношот.
22.10.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам супер инфо неге азырынча жуктого мункун эмес качан ондойсунар озу???
23.10.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mukan89, саламатсызбы!
Көчүрүү мүмкүнчүлүгү жандырылган. Эгер көчүрүлбөй жатса, кэшти тазалап, аракет кылып көрүңүз.
23.10.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elanda, туура айтасыз, агайыбыз бир аз кыз жандуураак азыр деле. Бирок жакшы отот лекцияны... Билими кучтуу...
25.10.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрнис акенин уну аябай бийик уккулуктуу!мммм угуп эле олтура берчу.операдагылардын да алдынкысы болгудай
26.10.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккулуктуу ыр, создору да жакшы жазылыптыр.
29.10.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн стоун ыр
15.11.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо