Отунду үнөмдөйм десең, үйүңдү жылуула

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

Кышкысын «отту күчтөп жагып эле жатам, бирок үйүм тыңгылыктуу жылыбай койду» деп наалыйбыз. Мындай маселенин жаралышына там салууда курулуш эрежелерин толук сактабаганыбыз себепкер. Кээ бири каражаттын тартыштыгынан үйгө керектүү материалды үнөмдөсө, кээ бири «бизге боло берет» деп кенебестик кылат. Кышы бою муздак үйдө «бийлебейин» десеңиз, анда үйдү жылуулоону колго алыңыз. Үйдү жылуулоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Жылуулоочу материалдардын кандай түрлөрү бар жана алардын кайсынысы мыкты? Мына ушул өңдүү суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табасыз.

ҮЙ ИЧИНДЕГИ ЖЫЛУУЛУКТУН ЖОГОЛУУСУ

ДУБАЛДЫ ЖЫЛУУЛОО ЫКМАСЫ

ЖЫЛУУЛООЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ
Үй жылуулоо үчүн чыгарылган материалдардын кандай түрлөрү бар жана алардын кайсынысы мыкты? Үй жылуулоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Мына ушул өңдүү бир нече суроолорго жооп алуу үчүн үй жылуулоо боюнча адис СҮЙҮНТБЕК ТӨРӨБЕКОВду кепке тарттык:
– Үйдү жылуулоочу материалдардын бир нече түрү бар. Атап айтсак, пенополиуретан, пенопласт, пеноплекс, минералдык кебез, базальт, керамзит жана башкалар. Учурда булардын ичинен жылуулукту сактоо боюнча эң мыктысы пенополиуретан болуп эсептелет жана анын баасы да кымбат. Мунун өзгөчөлүгү майда жылчык, тешиктерге кирип, көөп чыккандыгында. Кызмат кылуу мөөнөтү 50 жыл деп белгиленген. Бирок иш жүзүндө аны күндүн түз тийген нурунан сактаса, андан да ашык убакыт кызмат көрсөтөт.
Ал эми жогоруда айтылган башка жылуулоочу материалдар төрт чарчы лист түрүндө же рулон түрүндө болот жана алардын бириккен жерлерин атайын карматкычтар, чаптоочу курулуш заттары менен бекитүү зарыл. Бирок аталган жылуулоочу материалдардын баасы пенополиуретанга салыштырмалуу арзан.
Көпчүлүк шыпты жылуулоо үчүн арзан деп ылай төгүшөт. Бул туура эмес. Биринчиден, ылай кургагандан кийин жарылат да, көптөгөн жылчыктар пайда болуп, үйдүн ичиндеги жылуулук сыртка чыга берет. Экинчиден, ылайдын салмагы оор болгондуктан, бара-бара устундардын ийилүүсүнө алып келет. Ал эми заманбап жылуулоочу материалдардын салмагы жеңил жана жылуулукту жакшы сактайт.

«ЭГЕР ДУБАЛ КАЛЫҢ БОЛСО, АНЫ ЖЫЛУУЛООНУН КАЖЕТИ ЖОК»
– Эгер үй жакшы жылууланбаса, анда анын ичиндеги жылуулуктун жоголуусу көп болот. Үйдүн ичиндеги дубалдардын тердеши, көгөрүшү жана ички шыбактын көчүп түшө баштоосу же туш кагаздын көөп чыгышы да жылуулукка көз каранды экенин унутпашыбыз керек. Андыктан үй курууда курулуш эрежелерин толук сактоого аракет кылуу зарыл.
Кыргызстандын климаттык шартына ылайык, дубалдын калыңдыгы 1,5 кыштан жогору болгону дурус. Эгер дубалдагы кыштын калыңдыгы 2,5 же андан ашык болсо, анда аны жылуулоонун кажети жок. Негизи эле мурда салынганбы же жаңы салынып жаткан үйбү, сыртынан жылуулаган ыкма курулуш тартиби боюнча туура болуп саналат. Ал эми үйдү ичинен жылуулоо айла жоктун иши. Суук түшүп кеткен учурда шашылыш жылуулоо керек болсо же чатырга кирүүгө мүмкүн эмес болсо, анда аргасыз ичинен жылуулоого туура келет.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
20.10.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан кийин кудай буйруса жазга чыкксак,окмотко ишенбей эле ушинтип оз камыбызды коруп кышка болсо кышка жазга болсо жазга аракеттенип жашаш керек болуп калды. СВЕТТИ очуруп быйыл коп уйбулолор кыйнала бекен. Светти урдамай кобойот эми.
24.10.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biiliktegiler tezek tergile dep aita albai oturuwsa kerek
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо