Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИРБЕК ИМАНБЕКОВ: МЫНДАЙ ОКУЯ БУГА ЧЕЙИН ШОУ-БИЗНЕСТЕ БОЛГОН ЭМЕС

№211 17-23-ноябрь, 2006-ж.

Ырчылардын сүйгүнчүгү, канчалаган кыздардын жүрөгүн сыздатып, жада калса көздөрүнөн жаш агызган Мирбек Иманбеков өзүнүн борбордогу экинчи жолку концертин элине тартуулоо алдында турат. Анын бетачар концерти жай айынын башталышында болуп көрбөгөндөй аншлаг менен өткөнү ырчынын күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Учурда Мирбек ыр сү­йүүчүлөргө эсте калаарлык майрам тартуулоо үчүн катуу даярдык көрүп чуркап жүрөт.

– Мирбек, жеке концертиңе күйөрмандарың жакында эле күбө болушту эле.
– Ооба, мындан толук беш ай мурун Бишкекте алгачкы бетачар концертимди бергем. Бирок, ал кезде менде жөн гана даярдык катары мамиле болгон. Анын үстүнө анда бир топ тажрыйбасыз элем. Репертуарым да азыркыга караганда бир топ жарды болчу. Андан бери тажрый­ба топтодум, репертуарымды кеңейттим, жада калса формаларымдын санын көбөйттүм.
– Концертиңди атайын студенттер күнүнө туштадыңбы же кокусунан туш келип калдыбы?
– Өзүм студент болгондуктан, өзүм сыяктуу студент күйөрмандарыма майрам тартуулайын деп атайын ушул күнгө арнап уюштурдум. Анткени, менин күйөрмандарымдын көп бөлүгүн студенттер түзөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстандагы бардык студент күйөрман­дарым­ды майрамы менен куттуктап кетким келет.
– Концерттик программаңда өзгөчөлүктөр болобу?
– Албетте. Буюрса, баштан-аяк жаңы программадагы концерт болмокчу. Бул жолку концертиме өткөн жолкусунда катышпаган жаңы, жаш ырчылар катышышат. Анан Султан экөөбүз атайын ушул концертке арнап жаздырган «Студент кыз» аттуу дуэт ырдайбыз.
– Дагы кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
– Концерт «Жаным» деп аталгандыктан, ушул ыр үчүн атайын заказ менен өзгөчө бир форма тиктирдим. Бул форма өтө чоң каражатты талап кылды. «Жанымды» ырдап чыкканда күйөрмандарыма сюрприз тартуулайын деп турам. Эгер бул оюм ишке ашса, чоң жаңылык болмокчу. Анткени, мындай окуя буга чейин шоу-бизнесте болгон эмес.

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо