ХАНЗААДАНЫ, МИЛЛИОНЕРЛЕРДИ БАГЫНДЫРГАН КАЗАК КЫЗЫ ГОГА

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж

«Казак ханбийкеси», «нефть ханышасы», «куртизанка» атка конгон Гога Ашкеназинин торуна жалаң бай, мансаптуу мырзалар чалынышкан. Казакстандан чыккан кара тору кыз бат эле мырзаларды азгырып, «юбкачан олигарх» атка конгон. Эмесе, 34 жаштагы Гаухар Бергалиеванын кантип Гога Ашкенази атка конгону жана кантип миллионер мырзаларды багындырганы тууралуу кызыктарды тартуулайбыз.

Чыныгы аты-жөнү – Гаухар Бергалиева
Туулган жылы – 1980-жыл
Туулган жери – Казакстандын Тараз шаары
Билими – Оксфорд универститетинин экономика-тарых факультетинде окуган
Учурда – 2 уулдун энеси

НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫНА УУЛ ТӨРӨП БЕРГЕН
Атасы Еркин Бергалиев инженер, компартиянын мүчөсү болуп жогорку кызматтарда иштегендиктен, Гаухар жетиштүү турмушта өсөт. Бала кезинен Москва шаарында жашап, 10 жашында апасы менен Лондонго көчүп келет. 13 жашынан британиялык жеке менчик мектепке окуп баштаган Гаухар тунук акылы, зээндүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, Оксфордго тапшырат. Дал ошол жерден ал бай мырзаларды торуна иле баштаган.
Бир жолку кечеде сулуунун көзүнө отель бизнеси менен алектенген миллионер Стефан Ашкенази илинет. Кечеден башталган сезимдер жалындап, бир нече ай сүйлөшкөндөн кийин Гаухар 23 жашында миллионер мырзага турмушка чыгат. Тараздан чыккан сулуу ошентип жолдошунун фамилиясын алып, Гога Ашкенази атка конгон. Жолдошу менен үч жыл жашагандан кийин Гога Казакстанга келип, жашоосунун жаңы барактарын ачат. Дегенибиз, ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев менен ысык мамиледе болуп, жолдошу менен ажырашат.
2008-жылы «News of the World» басмасы Улуу Британиянын ханзаадасы Эндрюнун Гога аттуу казакстандык айым менен сүйүү романы тууралуу жазып чыккан. Баарынан кызыгы, ханзаада менен романтикалык жолугушууга келеринен аз күн мурун Гога Назарбаевдин күйөө баласына никесиз уул төрөп бергенинде. Көрсө, төрөтканадан жаңы гана чыккан Ашкенази дарыгерлердин тыюу салганына карабай жасанууга 3000 доллар коротуп, корсетти тырсыйта кийип, кезектеги курмандыгы ханзаада Эндрюну багындырууга аттанган экен.
Мындай маалымат интернет айдыңына тарагандан көп өтпөй Гоганын ханзаада Эндрю, нефть магнаты Кулибаев менен түшкөн сүрөттөрү бардык британиялык, орусиялык сайттардан алынып салынганы да көп нерсени айтып турат эмеспи.

«АЙДАР АКАЕВДИН БИРИНЧИ ЖУБАЙЫ...»
Көп жерде Гога 18 жашында Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге турмушка чыккан деп жазылып жүрөт. Бирок ал «Мен жаш кезимден британиядагы Rugby мектебинде окуп, кийин Оксфордго тапшыргам. Кайсы учурда мен кыргызга турмушка чыкмак элем? Бул логикага да туура келбеген сөз» деп айтылган айыңды төгүнгө чыгарган.
Миллионер айым мырзалардын санына эмес, сапатына басым жасап келген. Йорк ханзаадасы Эндрю, Казакстандын президентинин күйөө баласы, «Формула-1» жарышынын менеджери, ишкер Флавио Бриаторе, италиялык ишкер Лапо Элканн, швейцариялык финансист Натаниэль Филип Ротшильд, миллионер Ник Кэнди, лорд Эдвард Спенсер-Черчилль, телекоммуникация магнаты Дино Лалвани, деги койчу, аябай эле көп. Көптөгөн миллионер мырзалардын башын айланткан Гоганын сыры эмнеде дебейсизби? Аны менен бир мүнөт болсо да сүйлөшүп калган мырзалар Гоганын энергиясы ашып-ташкан, акылдуу айым экенин айтышат. Анан да чанда кездешүүчү көпөлөккө салыштырышып, унутуп коюу мүмкүн эмес дешет.

23 ЖАШЫНДА МИЛЛИОНЕР БОЛГОН
Тимур Кулибаев көңүлдөшү Гоганы өзүнүн «МунайГаз Инжиниринг Групп» нефть компаниясынын Лондондогу кеңсесинде аткаруучу менеджер кылып дайындаганын жазышкан. Кийин миллионер айым ал компаниянын башкы директору болуп, «юбкачан олигархка» айланат. Ал эми айрым булактарда Гога 2004-жылы, 23 жашында эжеси экөө газкомпрессордук станцияны курууга тендерди утуп, 270 миллион еврого келишим түзүшкөнү айтылат.
Учурда Гога дүйнөдөгү ийгиликтүү айымдардын катарында. Казакстандан чыккан кыздын азыр Лондондун беделдүү райондорунун биринде жана Москвада хан сарайлары, ошондой эле күчтүү эл аралык бизнес-империясы бар. Нефть бизнесин жолго койгондон кийин бизнесвумен мода дүйнөсүнө өтүп, унутта калган «Вионетт» франциялык кийимдер брендин сатып алган. Учурда жумушуна байланыштуу Миланда жашайт. Ал эми 6 жаштагы Адам менен 2 жаштагы Алан аттуу уулдары Лондондо турушат. Расмий түрдө Гога айым уулдарынын атасын айтпаса да, экөөнүн тең атасы Тимур Кулибаев экендиги айтылат. Миллионер мырза дале Гогадан кол үзбөй, жакшы мамиледе экени, ага Лондондон, Москвадан 45 миллион долларды чапчыган хан сарайларды сатып бергени айтылып жүрөт. Британиялык «Hello» журналынын берген маалыматына караганда, Гоганын экинчи уулу аныкы эмес экенин далилдөө үчүн Тимур мырза ДНК анализдерин президент кайнатасына жана жубайы Динарага көрсөтүп абалдан чыгыптыр.
Айта берсек Ашкенази тууралуу кызыктар бүтчүдөй эмес. Гоганын жашоосу жөнүндө басылмаларда кандай гана кептер жазылбады?.. Бирок миллионер айым бир да жолу ал кептерди тастыктаган эмес.

Тимур Кулибаев Гоганын кош бойлуу экенин угуп, Британиядан чоң хан сарай белек кылган дешет. Ашкеназинин тун уулу Адам азыр 6 жашта.

«Елизавета IIнин 2-уулу ханзаада Эндрю сүйүктүүсүн ханыша менен тааныштырганда Гоганын 3 айлык боюнда бар эле». Мындай ушактар бул сырдуу айымдын артынан көп ээрчийт.

Гоганын дагы бир сүйүүсү – Флавио Бриаторе. Моделдерге көз арткан кыз жандуу бул мырза мурун Наоми Кэмпбелл, Хайди Клум менен да мамиле кургандыгы белгилүү.

«Фамилиямды алмаштыруунун мен үчүн эми мааниси жок. Мен азыр Стефандын Ашкеназиси эмес, өзүмчө Ашкеназимин».

Гога Лондондогу хан сарайына кээде гана барып турат. Кожойкеси болбосо да үйдө эки уулу үчүн 15 кызматкер эмгектенет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(29)
20.10.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш го.
20.10.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындайга айтканда ХХХ ХХХ экенда...
Модератор admin_superstan түзөттү 20.10.2014 14:36
20.10.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
fea1990, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
20.10.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анчалык деле чырайлуу эмес экен. Аурасы күчтүү окшойт.
20.10.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бейишин бул дуйнодо жасап жатыптыр да...
20.10.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эрдик кылса, же баатырлык кылса, элдин жашоосун озгортуп жибере тургандай ачылыш жасаса тушунмокмун. Мындайды окуган анча мынча акылы кемдер барып тажик менен, турк менен, карып калган кореецтер менен, керек болсо пакистанецтер менен, болбосо биздеги базада иштеген негрлер менен "зажигать" этип жатышат. Тушунгуло кагылайындарым. Бизде жургон негрлер жыргагандарынан жургон жери жок аскер болуп.
Модератор admin_superstan түзөттү 20.10.2014 17:36
25.10.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
burger, причем тут кыргыздын кыздары , базадагы негрлер. Коп жана ашыкча суйлогонду жакшы коросунор аялдарга окшоп
20.10.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкадагы негрлердин 30% жогорку билимдуу.Калгандары мамлекеттин эсебинен багылып,болбосо кара жумуштарды жасап келишет.Болбогон иллюзия менен жашаштын кереги жок. Пакистанец, индустар менен жургондорду коруп тунулом. Анан кайра ойлойм.Мусор деле бир жакка кетиш керек го. Индус,пакистанецтердин денгээлине тушконуно караганда,ошого татыктуу кыз болсо керек деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 20.10.2014 17:37
20.10.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
burger, cын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
20.10.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалаң миллионер гүлдөргө конгон көпөлөк экенда.
20.10.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар кимдин оз жолу бар бул дуйнодон жашап отуу учун. Гогага ушундай жол жазылыптыр аллахым озу калыско.
21.10.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялдан ашып ташкан сулуулук деле жок экен же бир адамды тартып турган жылдызы жок,кызык эмнеси менен анча эркектин башын айландырды экен.Оксфорддо окуган болсо акылдуу аял окшойт деп ойлойм
21.10.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зачем 2баланы тороп анан балдарга апа мээрими керек убакта анда санда уйуно барып талаалап жургону. 2жашар уулун аяп кеттим. Балага акчаданда апа мээрими артыгыраак.
21.10.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин оз иши кандай жашайт, ким менен жатат-турат дегендей...
21.10.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу айым экен...
21.10.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец.кыйын аял экен
21.10.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гогада жашоо малина экенда. :)
21.10.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо оозум ачылдыго я
21.10.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гога бир интервьюсунда айткан жери бар, "Нужно было оказаться в нужном месте в нужное время" деп. Энергетикасы менен аурасы ото кучтуу адамдар гана мындай "каймактуу мырзаларды" багындыра алышат. Мындай караганда сулуулук деле анча эмес. Ага караганда биздин кыргыздын кыздары мин эсе сулуу.Мисалы Гоганын сырткы келбети мага жаккан жок. Кара тору, арык, кокурок,жамбаш "нолевой",оозу жасалма. Биринчи суротун анаконда жылаанына эле окшоттум. Оксфордду да конулдошунун жардамы менен бутурсо керек
22.10.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kara kyzdyn agynan emes bagynan degen uwu da.. ..
23.10.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургур бир жеринен бир нерсе калды болду бекен ыя
23.10.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттеги суротторун коруп оозум ачылды... албетте озу билет дечи:суротторунун баарына эле топлесс тушо бериптир
23.10.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ экен да
Модератор admin_superstan түзөттү 23.10.2014 12:29
23.10.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asan-aka, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
24.10.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гога Озу каалаган учун Кудайым ушул даражага жеткирген. Бирок жооп берет барибир. мусулманкабы акыры? адам тандоодон адашпасы керек.
24.10.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии молодец бирок оксфорддо окуса озу деле эптеп болсо да аракет кылса жетишмек ушунун баарына деп ойлойм.энергиясын башка руслого жумшабай....бир эле эркек м.н жашап татыктуу..балдарды тороп жашай бербейт беле..байлыкка чогуп оло тургансыбай
25.10.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун уйун барып коруп келдим Миланда виа Бильиа м.н виа Монтенаполеонеде жашайт экен илгерки хан сарай эми тим эле укмуш музей озунчо эле .ичине кирген жокмун мени ким киргизмек эле..иринчи суперден окуп кызыгып Миланда жашайт десе интернеттен карап уйун таап коруп келдим.
25.10.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш трансвеститтерге окшошко
26.10.2014. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо... Балдарына кийин ушундай жолдо жургонун кантип тушундурот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо