№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
12-октябрь күнү бийчи, дизайнер Айпери Обозова жетектеген «Датка» аттуу бий тобунун кыздарынын 30 чакты концерттик костюмун бирөөлөр уурдап кеткени белгилүү болду.«30га жакын костюм бийчи кыздын биринин автоунаасында болчу. Белгисиз адамдар автоунааны талкалап, ичиндеги кийимдерди уурдап кетишиптир. Костюмдар Ажар деген бийчи кыздын унаасында болгондуктан, ал дароо эле Биринчи Май РИИБине арыз жазган. Уурулар кийимдеримди эч жакка кийип бара алышпайт, сата да алышпайт. Андан көрө алып келип беришсе арызыбызды алып, сүйүнчүсүн бермекмин. Жоголгон кийимдер өз колумдан жаралган эмгектерим, кайра андай эмгекти жаратыш үчүн көп убакыт жана каражат кетет. Уурдалган формаларга кеткен каражаттын баш-аягы 300 миң сом»,- дейт кейиген дизайнер. Ал эми бул иш кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Биринчи Май РИИБине кайрылганыбызда, Турсунбек аттуу тергөөчү чынында эле арыз түшкөнүн жана кылмыш боюнча чараларды жүргүзүп жатышканын маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |