«Кеңеш» тобу, Гүлмира: «МҮЗҮРГӨ ЖАГАМ ДЕП ЖУКА КИЙИНИП ЖҮРҮП ДЕН СООЛУГУМДУН АЗАБЫН ТАРТТЫМ»

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Жубайлар топ түзүп, чогуу иштеп жүргөнү чанда кезиге турган көрүнүш эмеспи. «Кеңеш» тобунун мүчөлөрү Мүзүр менен Гүлмира түгөй боло электе кандай болушкан? Жубайлардын кол кармаша элек кезинен кызыктарды өздөрү айтып беришсин.

Мүзүр: – Тилим эрте чыгып, аябай көп сүйлөчү экенмин. Жаным тынбай эле сүйлөй берсем, үйдөгүлөр какшана эле берет деп атымды «Какантай» коюп коюшуптур. Беш жашка чейин бешикке жатыптырмын. Уйкудан ойгонгондо «менин колумду бошотуп, нан карматып койгулачы» деп кыйкырчу экем. Жөн койсо мектепке барганча жата бермек болушум керек. Бешикке батпай калгандыктан аны менен коштоштум.

Гүлмира: – Мен болсо кичинекейимде өтө ыйлаак кыз болуптурмун. Апамдар менден бир аз эс алып алалы деп чоң ата, чоң энемдин колуна таштап кетишчү. Апамдар келсе эптеп эле кетиштин айласын кылып, «Мени алып кеткиле. Булар мага уй саадырат, үй жыйнатат, кир жуудурат, жадакалса отун да жардырат. Бул кемпир-чал сасык, жуунушпайт, биттер оозуна кирип кетип баратканын көрдүм» деп жалганды эле айта берчү экем.

М.: – 3-класста окуп жаткан кезим го, атам жаңы ботинке сатып берди. Аны мектепке кийип барып, сабак бүткөндөн кийин эшикти карасам жамгыр нөшөрлөп жаап жатыптыр. Чыксам жаңы бут кийимим кир болот деп ойлоп, калп эле эсим ооп жыгылып калдым. 5-6 бала улам алмашып үйгө көтөрүп жөнөштү. Байкуштар суу болуп, анысы аз келгенсип баткакты кечип, эптеп мени үйгө жеткизишти. Дарбазага жеткенде «Рахмат, балдар, жеткирип койгонуңарга. Мен эсимди жоготкон жокмун, жаңы ботинке кийип барган болчумун, булганып калат деп калп эле жыгылып калгам» десем балдар же күлөрүн, же сөгөрүн билбей туруп калышкан.

Г.: – 3-класста болсо керек эле, жат жазуу жазганбыз, анан эжей чакырып, «катаңды оңдо, бир сүйлөмүң туура эмес» деди. Карасам туптуура эле көрүндү, такыр ката таппай койдум. Көк бет жаным эжейиме келип, «эмнеге туура эмес?» деп көгөрүп, өзүмдүкүн бербей туруп алгам. Көрсө, «Эчки көп сүт берет» деген сүйлөмдө «п» тамгасынын ордуна «т» жазып коюптурмун да. Ошентип бир тамга алмашса бүтүндөй сөздүн мааниси өзгөрүп кетерин 3-класста билгем (күлүп).
5-класста апам Нооруз майрамына карата кыргыз көйнөк тигип берген. Эртеси майрамда ошол көйнөгүмдү кийип алып ырдайын десем бут кийимимди таппайм, көрсө, үйгө унутуп кетиптирмин да. Анан капкара резина өтүгүмдү кийип чыгып алып ырдагам. Эртеси мектепке барсам окуучулардын баары мени көрсө эле «тоту куш башын карап кубанат, бутун көрүп арданат» деп мазактай баштады. Ошол мектептен кеткичекти ушул сап мага жабышты да калды.

М.: – Демек, сен кичинекейиңде эле тоту куш болгон турбайсыңбы.

Г.: – Мунун деле ойго келбес жоруктары толтура. Солистка керек деп Алим Токторовдон угуп калып Мүзүр иштеген кафеге барсам, «ырдай албайт экенсиң, бара бер, карындашым» деп койду. «Аракет кылып көрөйүн, мен ырдап жүргөм» десем, «ырдай албайт экенсиң, сендей кыздардын мага миллиону келет» деп маанайымды түшүрүп салды. Анан «Алим байке качан келет?» десем, «жүрү, жакын жерде жашайт, алып барайынбы?» дейт. Бир аз баскандан кийин эле «чоң кыз» деп тийише баштаса болобу...

М.: – Өзүң келсең тийишем да. Ырдаса же бир тонго түшпөйт. Кийин «ушу семиз кыздын эмнесин сүйдүм экен» деп таң калып жүрдүм.
Мектепте жактыруу сезими болгон, «тоок сүйүү» деп коёбуз го. Гүлмираны чын эле сүйгөн окшоймун. Негизи, эркек жар тандоодо ыймандуу, тарбиялуу кыздарды карап калабыз го. Кафеде кыздар чылым чегип, ичимдик ичип отурушканын көп көрчүмүн. Гүлмира болсо мен иштеген кафеге келип, курбулары менен шире, печенье, чипсы жечү да. Ошого карап тандасам керек (күлүп).

Г.: – Ой, Гүлмирага чейин деле, кийин деле сүйүүсү болсо керек. Ушуга жагам деп күнүгө башымды жууйм десең. Суукта эки жука колготки кийип алам, калың кийсем толук көрүнүп калам деп. Анткени мен кыз кезимде 68 килограмм болчумун. Ошол жука кийинип жүргөнүмдүн азабын турмушка чыккандан кийин тарттым. Көпкө боюмда болбой жүрдү.
Мүзүр кафеден сонун тамактарды алып берет, уялып жебей, ачка, ичим курулдаган боюнча кетчүмүн.
Мүзүргө 17 жашымда турмушка чыктым. Мына, 14 жылдан бери бирге жашап келе жатабыз.
Баса, жакында коюла турган концертибизде мен Хүрремдин ролун, Мүзүр Султан Сулаймандын ролун ойнойбуз. Хүрремдей болуп чакчаңдаганды үйрөнүп жатам дебейминби (күлүп).

М.: – Гүлмира айткандай, Хүрреми, Султаны, Сүмбүлү катышкан сонун концерт берели деп турабыз.

«Апам эркек баланыкындай кылып чачымды кыркып салчу. Ыйлап чачымды кырктырбай, өстүрүп жүргөн кезим ».

«Кичинемде тентек кылып агаларымдан далай таяк жегем».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Кесиптештерибиз бизди көп сындашат" дейт "Кеңеш" тобу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(61)
27.10.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу уй-було коз тийбесин ырлары да сонун.
27.10.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болушсун!
27.10.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Жагынам"-деген женил ойдон алыс болсон,мынтип окунмок эмессин.
27.10.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар. Мен сиздерди аябай жакшы кором.
SUPER.KG видео
27.10.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.аябай жонокой,жасалмасы жок жубайларда.орустар айтмакчы булар из народа да.журокко жакын,жылуу оздоруда ырларыда.чыгармачылык ийгилик каалаймын
27.10.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көп деп жазам деп,'п тамгасын 'т тамгасына алмаштырып жазып алганы чатак экен.хаха
27.10.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ото кызыктуу маэк болуптур. Бир да жасалма жалганы жок. Сиздерге чыгармачылык ийгилик, уй-булолук бакыт каалайм
SUPER.KG видео
27.10.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жонокой ачык адамдар экен! ийгилик силерге
28.10.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой мага абдан жагат ушул уй-було,ийгилик силерге
28.10.2014. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolushsun, kyzyktuu maek boluptur

SUPER.KG видео
28.10.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar daiym baktyluu bolgula.mykty ui buloo
28.10.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супердин быйылкы жылдагы "Жылдын супер тобу" наамын женип алуунарга тилектешмин!!! Эн жонокой,эн келишимдуу жубайлар бар болгула!
28.10.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улгулуу уйбуло, бактылуу болунуздар. Жакшы ырларды жарата берниздер.
28.10.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булоосун сыйлайм, ырларын жактырып угам,албан ийгиликтерди каалайм, боорду эзген маек болуптур!!
28.10.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хах ха боорум эзилип калды коп сут берет дегенге...
28.10.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар сезондо чыгышат го булар...Эми кышта чыксанар 2014-жылды жабасынар...
SUPER.KG видео
28.10.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар чыгармачылык ийгилик.Бактылуу болгула апан туура айткан Музурдун жанында дайыма жаркылдап журо бер.
29.10.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм, бар болгула.
30.10.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо менин комментарийлерим эмнеге жок.
31.10.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziko88, саламатсызбы!
Сиз бул макалага комментарий жазган эмессиз.
SUPER.KG видео
31.10.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булонордо тынчылык ишинерде ийгилик болсун ар дайым кыргыздын алдынкы Уй-булолорунон болуп журобергиле.
31.10.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Гулмира эженин суйлогону жагат
31.10.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол ТОТУКУШ
01.11.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры жакпайт .уйбуло катары жакшыле окшойт
01.11.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ийгилик силерге
SUPER.KG видео
01.11.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bularda baary ele jakshy birok bir nerse dagy ele jetishpeit.bul emne boldu eken ?! Araket otto kattu.
02.11.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик сиздерге
04.11.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула ар дайым! Силердин ырынарды кунуно 30 жолу уксамда жадабаймго Чиркин. Талантынар ташкындай берсин.
11.11.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш тобу алга дайым сиздердин ырларыныз аяабай жакшы ырлар мындан ары дайым элдин кызматтъп кылып журо бериниздер музур байке гулмира эже бактылуу болунуздар
SUPER.KG видео
16.11.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба алып барган кыз конулдогудой экен.Эки жаш бактылуу болгула
23.11.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык маек куруп беришиптир, ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо