Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Валентина Шевченко, Дүйнөнүн №1-тай боксчусу: «КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫМДАРЫ УШУНДАЙ МУШТАШСА, ЭРКЕКТЕРИНЕН ЭМНЕНИ КҮТСӨ БОЛОТ ДЕП ТАҢ КАЛЫШАТ»

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Дүйнөлүк тай боксу спортунда Кыргызстандан чыккан айтылуу эже-сиңди Шевченколор бир канча жылдан бери мыктылардын башкы сабында болуп келе жатышат. Алар кайсы мелдешке катышпасын, сөзсүз байгелүү орундарга илинип келишет. Кезектеги беттешине Таиландда даярдык көрүп жаткан Шевченколордун кичүүсү Валентина жөнөкөй спортчудан чемпиондукка карай жол, жашоосунда ким жана эмне маанилүү экени жөнүндө биз менен ой бөлүштү.

Аты-жөнү – Валентина Шевченко Анатольевна
Каймана аты – «Ок» ("Тhe Bullet")
Туулган жылы – 1988-жыл, 7-март
Туулган жери – Бишкек, Кыргызстан
Жетишкендиктери – Тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 14 жолку чемпиону, Тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси

«ҮЙ-БҮЛӨМ»
– Биздин үй-бүлө спортко жакын. Чоң атам Аркадий 82ге, чоң апам Нина 80 жашка чыкса да, учурда спорт менен машыгышат. Апам – таэквондо боюнча кара кур ээси, 3-дан. Эжем Антонина экөөбүз айтылуу Павел Федотовдун карамагында таэквондо менен машыгып баштаганбыз. Анда мен 5 жашта болчумун.

«УСТАТЫМ»
– Машыктыруучубуз Павел Федотовдон коркуп турчубуз. Анткени ал талапты катуу койчу. Ал кезде бизден улуураак белгилүү спортчулар машыгышчу эле. Биз аларды көрүп, теңелгенге аракет жасачубуз. Устатыбыз «бир эле спорт түрүн өздөштүрсөңөр, атаандаштын алдында алсыз болуп каласыңар» деп көп айтчу. Анын көзөмөлүндө каратэ, кулатуу, кикбокс, ушу-саньда боюнча нечендеген мелдештерге чыктык. Жума сайын улам жаңы мелдештерге катышкан күндөр өткөн. Ал агайыбыз азыр деле бизди машыктырып келет.

«МЕНИН ЭЖЕМ»
– Менин эжем Антонина Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону. Ал мен үчүн дайым үлгү болчу жана боло берет. Анын рингдеги өзүн алып жүрүүсү, техникасы да өзгөчө.

«АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШТЕР»
– Кыргызстанга тай боксун алгачкылардан болуп биздин машыктыруучубуз жайылта баштады. Бул спорт түрү мага майдай эле жакты. Себеби машыгуулары да, ыкмалары да мен үчүн төп келди. Эң биринчи профессионалдык беттешимди 2001-жылы Орусиянын Краснодар шаарында өткөрдүм. Ал эми 2003-жылы Казакстанда тай боксу боюнча Дүйнөлүк биринчиликти утуп алгам.

«БЕТТЕШТЕРГЕ ДАЯРДЫК»
– Ар бир беттешке «алсыз атаандаш болбойт» деп өзүмдү даярдап чыгам. Каршылашың белгисиз болсо, аны оңой эле утуп алам деп ойлошуң мүмкүн. Бирок ал өзүн көрсөтүү үчүн кашык каны калгыча жеңишке умтулат. Кээде салмак өлчөөдө же беттешке жакын калганда атаандашың сенден кол тамга алып, сылык-сыпаа сүйлөшөт. Бирок беттеште калыс белги бергичекти же бири-бириң менен кол алыша элек жатып бетке муштаган учурлар кездешет. Ошондуктан атаандаштардан бардыгын күтсө болот.

«ЖЕҢИШТИН ФОРМУЛАСЫ»
– Бир жолу бразилиялык спортчуну утуп алгандан кийин ызы-чуу болуп кетти. Көрсө, жергиликтүү мафия бул беттеште атаандашыма байге сайып, утулуп калыптыр. Беттештен соң алар калыстарды коркутуп-үркүтүп, жыйынтыкты бурмалоого аракет жасашты. Беттеш бул ринг ичинде эле эмес, андан кийин да уланарына ошондо ынангам. Ушуга окшош окуялар көп кездешет. Ошондуктан физикалык даярдыктан тышкары, моралдык жактан да даяр болуу абзел. Жеңиштин формуласы мына ушундай кичинекей факторлордон чогулат.

«АЙЫРМАЧЫЛЫК»
– Орусия же Кыргызстанда айымдар арасындагы беттештер мелдештин негизги кармашы катары саналбайт. Ал эми Латын Америкада тескерисинче. Кыз-келиндер арасындагы беттеш негизги жарнама болуп, күндүн беттеши катары аталат. Өзгөчө белгилүү спортчу айымдар катышкан кармаштар болуп көрбөгөндөй ажиотаж жаратат.

«ТАЙ БОКСУ»
– ММА (аралаш уруш өнөрү) менен тай боксун мен оор спорт деп эсептебейм. Тай боксу – бул адамдын өзүндө катылган согуш чеберчилигин кийинки баскычка чыгарган спорт дейт элем. Тай боксу мен үчүн жөн гана спорт эмес, бул менин жашоом. 20 жылдан кийин эмне болот билбейм, бирок тай боксу дайым мени менен болот деп айта алам.

«КЫСТАГАН КАРАЖАТ»
– Мен келишим түзгөн уюмдун талабынын негизинде мелдештерге Перунун атынан чыгууга тийишмин. Алар ар бир мелдешке бир канча миң АКШ долларын төлөп берип, ушундай шарт коюшат. Мунун баары каражатка такалат. Баары өзүң каалагандай болсо туулуп-өскөн өлкөңдүн атынан чыкканга эмне жетсин?! Бирок баары мен каяктан келгем жана кайсы жактын кызы экенимди билишет. Эжем экөөбүздөн Кыргызстан жөнүндө көп сурашат. Ал тургай латын америкалык кээ бир спортчулар Кыргызстанга келип жашап, машыккысы келет. «Эгерде Кыргызстандын айымдары ушундай мушташканды билишсе, анда эркектеринен эмнени күтсөк болот?..» деп таң калышат.

«Ушундай даражага талыкпаган машыгуулардын аркасы менен жеттим. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгү машыгууларга арналды».

«Менин хоббим – ок атуу. Өзгөчө тапанчадан атканды жактырам».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
27.10.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жон эле жашап келем кыргызмын деп...

27.10.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсыл жерден болосун деп сураба,
кандай элден экенимди сынаба
27.10.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
анча мынча сойрук эркектерди жонэле айрыгыдай го
28.10.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kalbek87, ха,ха,ха анын арасында мен да бармын деп койбойсузбу
27.10.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умничка толька вперед)))
27.10.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!
27.10.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!!! аял да болсо ийгилик жаратып Кыргыз элибизге салым кошуп келе жатат спорт жаатында
28.10.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын биз сени менен сыймыктанабыз!!!
28.10.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умничка!!!Мы гордимся тобой!!!
28.10.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат,алга!
28.10.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орус болсода Кыргызстан учун журот молодец
28.10.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мага бул маек абдан жакты.
28.10.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперден сураныч опера ырчысы Ысманов Женишбектен интервью алып бергилечи о личой жизни рахмат заранее
28.10.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ariet7, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
28.10.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын айымдары ушундай мушташканды
билишсе, анда
эркектеринен эмнени
күтсөк болот?..» деп таң
калышат. дептир эркектерибиз Федор Емелянкода ошону куткуло деп жооп бербептирда
29.10.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gylbara, маанисиз жана түшүнүксүз билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
29.10.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Уруштарын королучу.:))
30.10.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчымын деп чоюлган,индус кытай пакистандыктарга тийип,жинге тийген роллтон кыздарга караганда 100 пайызга бийик турат бул кыз орус болсо да,,
30.10.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
президент кыргызстанды таанытып жаткандарга конул болуп демоорчу болсо жакшы болмок,ошондо кыргызстандын атынан бут жерге чыкмак экен.(путин сыяктуу).
30.10.2014. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, путиндин тырнакына тен келебекен биздик ал деген Путинда
30.10.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде талантууларга спонсор боло алышпайт кайра менен кыйын чыгып атат деп артка тартып жайлап коюшат
31.10.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кана озубуздун олкодон чыкса. каражат каражат.
22.12.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muhamad, Talant007, талкуудан алыс билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо