Айкөл Аликжанова, актриса, модель: «МОДЕЛЬ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНГАН ЭМЕСМИН»

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Сулуулук айымдардын күчтүү куралы деп эсептелет. Айкөл Аликжанова мырзалардын көңүлү түшө турган сулуулардан. Каарманым ушул жылы Англияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2014» сынагына Кыргызстандын атынан катышарын да кабарлай кетели.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Аликжанова Айкөл Аликжановна
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун алдындагы Экономика жана финансы институтунда 6-курста сырттан окуйт
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 84-62-89
Жетишкендиктери – 2011-жылы «Кыргызстандын интеллекттүү периси», 2012-жылы «Туризм сулуусу жана фотого мыкты чыккан периси», 2014-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынактарынын жеңүүчүсү
Кинодо – «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларына тартылган

– Айкөл, акыркы күндөрү сени подиумдан эмес, кинолордон көрүп калдык, кесибиңди алмаштырдыңбы?
– Негизи актрисалык менен моделдик кесип жөн гана хоббим. Өзүмдүн жумушум бар, белгилүү уюлдук компаниялардын биринде корпоративдик кардарларды тейлөө бөлүмүндө иштейм. Жумуштан сырткаркы убакытты гана актрисалык менен моделдикке жумшаганга аракет кылам. Акыркы эки жылдан бери подиумдарга чыгып, көргөзмөлөргө катышуум солгундап калды, анткени иш графигиме туура келбейт. Киного да ушундай эле, эс алуу күндөрү кастингге катышып, режиссёрлор менин бош убактымда тартууга макул болсо гана ишти баштайбыз.

Киного болгон кызыгуу эмнеден улам башталды?
– Мындан беш жыл мурун моделдик карьерамды жаңыдан баштап жатканда эле режиссёрлордон сунуш түшө баштаган. Бирок сунуштаган ролдор көңүлүмө жакпай же шартым туура келбей жүргөм. Эки жыл мурун өзүмдүн оюмдагыдай «Албарсты» деген киного роль сунушташкан, ага ырчы Нурбек Савитахунов, модель Мээрим Атантаева сыяктуу белгилүүлөр катышышмак. Тилекке каршы, актёрдук курам бекитилип, баары даяр болуп калганда кино тартылбай калды. Андан кийин «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» деген тасмаларга тартылдым. Кино тармагында келечегимди көрө алам, учурда тажрыйба топтоп жаткан убагым деп ойлойм.

– Учурда Кыргызстанда сулуулар сынактары тынымсыз уюштурулуп жатат. Бул тармактын жандануусунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Бир нерсени бат үйрөнүү кыргыздардын канында бар эмеспи. Мисалы, киноиндустрияны караңыз, акыркы жылдары кинотеатрларга агылган элдин саны көбөйдү. Бирин-серин моделдердин ысымдары белгилүү болгондо таланттуу фотографтар да пайда боло баштады. Мындан он жыл мурун саясатка ким кызыкчу эле, ата-энелерибиз эле жаңылык көрбөсө, калганыбыздын ишибиз жок болчу. Ал эми азыр кайсы саясатчы кайсы партиянын атынан чыгып жатканы, өлкөдөгү саясий окуялардын бардыгынан кабарыбыз бар. Бул көрүнүш адамдардын кадимки прогресске болгон умтулуусу деп ойлойм.

– Кинодогу ролдоруңдан сага жеке адам катары мүнөздөмө берүү кыйын, өзүң жашоодо кандай адамсың?
– Ооба, кинодогу ролдорумдан өзүмдү табуу кыйын. Көп учурда өзүн-өзү сүйгөн, бой көтөргөн кыздардын ролун аткарып калам. Билбейм, балким, ушундай образ мага жакшы жарашат, бирок өзүм андай эмесмин. Жашоодо позитивдүү адаммын. Көйгөйлөр болсо да жакшы маанай менен чечкен жагат. Ачык, шайыр, жөнөкөймүн деп айта алам.

– Кичинеңде ким болууну кыялданчусуң?
– Чынын айтсам, модель болууну кыялданган эмесмин. Ханбийке, мугалим, ырчы, актриса иши кылып атактуу болгум келчү. Кудайга шүгүр, акыркы учурларда мага кызыккан, сөз айткан, сыйлаган күйөрмандарым пайда болуп калды. Бул деле жетишкендик болсо керек (күлүп).
Өткөндө көчөдө турсам эки кичинекей кыз таанып, кол тамга сурап, сүрөткө түшүп кетишти. Мага суктанып, бактылуу болуп алышыптыр. Ичимден «менин жумушумдун жыйынтыгы ушул экен да» деп аябай сүйүндүм. Ал эми мырзаларга келсек, көпчүлүгү көңүл бурдуруунун агрессивдүү ыкмасын колдонушат. Түртүп кетет же кылык-жоругу менен жиниме тийишет. Аргасыз көрмөксөнгө салып коём.

– «Мага кызыккандар көп болуп жатат» дедиң, атактуулук сени өзгөртүшү мүмкүнбү?
– Ушул нерсени мага апам көп айтат. Биринчиден, менин тарбиям мындай нерсеге жол бербейт. Экинчиден, өзүмдү убагында токтото алам. Үйдөгүлөр мени катуу тизгиндеп турушат.

– Үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Үч бир тууганбыз, мен улуусумун, менден кийин сиңдим жана иним бар. Атам Өзгөчө кырдаалдар министирлигинде кызматкер, апам медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер. Аябай ынтымактуубуз, эс тарткандан эле талаш-тартыш эмне экенин билбей чоңойдум. Анткени апам менен атам такыр талашып-тартышкан жок, экөөнүн ою дайым бир жерден чыкчу. Атам эскичил, салт-санааны карманган адам болгонуна карабастан, бизди каалаганыбызды кылдырып, көп тыюу салбай эркин чоңойтту. Бирок ар бир нерседе чек болорун айтат.

– Кинодон көп сулууларды көрөбүз, бирок баары таланттуу дегенден алыспыз. Кээде режиссёрлор сулуулугуна эле карап тандап калышканбы деген ой келет...
– Режиссёрлор деле бир образды түзүп, ошого ылайыктуу каарман издешсе керек. Кинодо сулуулук деле роль ойнобойт, эң башкысы харизма. Көрүүчүлөрдү харизмасы менен илип кетсе, ошол актрисанын кинодогу өмүрү узун болот. Мен деле жумушумда кээде жини чукул кардарларга туш келип калсам, сүйкүмдүүлүгүмдү пайдаланып, жакшы, жумшак сүйлөп, тынчтандырганга аракет кылам (күлүп).

– Жигит сага сезимин кантип билдириши шарт деп ойлойсуң?
– Бардык айымдар сыяктуу эле кулагым менен сүйөм. Бирок анын аракети да маанилүү. Эгер жигит сөзүнө туруп, айтканын айткандай аткарса, мен үчүн аябай идеалдуу вариант болмок. Мага менин атамдай эркин койгон өмүрлүк жолдош керек. Бирок жашоонун кандай нукта өзгөрүп кетерин эч ким билбейт эмеспи. Турмуш төгөрөгү төп келишкен жигитти деле таразасына салып, кемчиликтерин көрсөтүп коюшу мүмкүн. Андыктан тандоодо жаңылышпай, өзүңдүн адамыңды табуу аябай татаал.

– Караокеде жакшы ырдаарыңды угуп калган элем?
– Кичинемде эле бүт майрамдарда, ал эми үйдө тамагым бүткүчө ырдачумун. Эки жыл мурун «Turkvizyon» музыкалык сынагынын кастингине катышкам. Калыстар «талантың бар, бирок жакшылап иштешиң керек» деген кеңешин беришкен. Мага музыкалык билим жетишпей турганын билем. Ырчылык карьераны баштап алып, аягына чыкпай каламбы деген кооптонуу бар, ошон үчүн азыр бир чечимге келе элекмин. Эгер болочоктогу жолдошум түшүнсө, ырчы болгум келет.



«Бир туугандарым менен жакшы сырдашам».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Айкөл Аликжанова, модель: "Ырчылыкка кадам таштайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(130)
28.10.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз копсо орусча суйлойт башка не кылат анан
28.10.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырдай албай эле кыйкыра берет ко))
28.10.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге көпчүлүгү мындай-тигиндей деп сын айтканды гана билишет? Азамат кыз экен.Ийгилик каалайм,дагы да өсө бер.Кийинки маегинде кыргызча сүйлөп калат деген ниеттемин.
28.10.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз чын эле жанынан молтурогон татына кыз,коптогон ийгиликтерди каалайм,аман-эсен бол ар дайым!!!
28.10.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл журт менин компум видеону ачалбай жатат эмнеге билбейсинерби?
28.10.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakaika, саламатсызбы!
Бардык видеолорду ачпай жатабы? Эгер баарын ачпай жатса, Flash орнотуңуз.
SUPER.KG видео
28.10.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча суйлой албаган "киргиздерди" карап туруп тукуруп туруп басып кетем, мага десе асмандагы айды алып берсин, Кыргыз болуп туруп оз эне тилинде суйлой албаса же оз тилин жерип кыргызча суйлоодон уялса, Кыргызстанда жашабай эле койсун, дегеле бут "киргиздер" Кыргызстандан биротоло чыгып кетсе тобом кокко жеткендей суйунмокмун...

Жасалма сулуу, мен бул кызды сулуу да, кыргыз да эсептебейм. Кыргызстанда ошончо нукура сулуу кызыбыз бар, абийирдуу, намыстуу, каада-салтын, эне тилин
28.10.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
170 см бой менен Англияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2014» сынагына Кыргызстандын атынан катышабы?
28.10.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай карындашым андан коро куйоого тий,бала торо!анан билесин чыныгы аялдык бакыт эмне экенин,же кучун жетээрине ишенсен Курманжан датка сыяктуу кинолорду тарткан режиссерлор менен иштеш,болбосо сен айткан кинонун баары бок -сактар,жыл айланбай озунордун текченерде эле калчу кинолор,мына ушундай карындашым-))))
SUPER.KG видео
29.10.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой бооой)))) жакшы эле интервью бериптир! Эч кандай жасалмасы жок! Молодец!
29.10.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулук бар экен, интервьюну да жакшы бериптир. Ырчы болбой эле койгону онго деп ойлоп калдым....)
29.10.2014. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айкол. сени кундо кором. жумушундун жанынан. сулуулугундан сурдоп кетем. сага куйоо болчу баладан кызганам. журогум сыздап кетет. бар бол. ар дайым жузундон жылмаю кетпей супсулуу болуп журо бер. сен катышкан кинолорду эрикпей кором кайра кайра. суротторунду чогултуп. карыганда сен жонундо китеп жазам!!!
29.10.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
29.10.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай, позитивная эң багкысы кандай сүйлөгөндү билген кыз экен.. тилегине жетсин, бирок өзүбүздүн кыргыз тилибизди сөзсүз үйрөнүп алса өзүнө эле пайда болот.. боло турган кыз экен.. Кыскасы ийгилик! =)
29.10.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
29.10.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы болуп эмне кыласыз андан коро актрисалыкты алып кете бериниз. Озунуз абдан сулуу жана жакшынакай айымсыз Ийгилик каалайм мага жагат ушул кыз. Бой которбойт ашыкча суйлобойт
SUPER.KG видео
29.10.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы болуп чыкпаган сен эле калдын эле. ырдабай эле кой сен.
SUPER.KG видео
29.10.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча билбей атып ырчы болом дейт. уят эле кыргыз туруп кыргызча билбеген. обу жок!
SUPER.KG видео
29.10.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок унуно мактаныпсын го. ушундай обу жоктонуп ырдай бербечи! ыыы деп
SUPER.KG видео
30.10.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tilin m.n ulutsun Tilin jokpu kurutsun! kyrgyzcha uirongulo Aikol.
SUPER.KG видео
30.10.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан соонун,орусча суйлосо да эн жакшы интервью берген.Кээ бир кыргызча маанисиз суйлогондорго караганда...Сулуу,маданияттуу жана абдан жонокой кыз экен.Ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
30.10.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле баарынар кыргызча так суйлогондой жазасынар да.Негизи коро албаган адамдардын баардыгы ушул сайтта.Жакшы нерсени жаман создор менен бузуп жазышат.
30.10.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат аябай маанилуу суйлойт экен анча мынча ырчылардан караганда....бактылуу бол!!!!
SUPER.KG видео
30.10.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айкол менен Малика Динанын аталары бир туугандар мен билгенден. Кыргызча жапжакшына суйлойт!
30.10.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кызы кыргызчаны уйронуп жатам деп кантип кызарбай айтты екен уят еле мен уялып кеттим
31.10.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кызы болуп туруп орусча эле суйлойун дегенине куйуп кетимда ээ .Менда аябай уялып кеттим оруcча эле суйлойун дегенине ээ
31.10.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча эле суйлош керек, бул жерди кыргызстан дейт, эне тилдин баркын кетирип жатабыз ошондуктан кыргыз тилин барктайлы достор.
SUPER.KG видео
01.11.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Да ладно жапжакшынакай кыз экен сулуу сулуу эмес че за тупизм? Вот кыргызы онукпойбуз пока бизде ушундай ичи таар адамдар кооп болгону учун!
03.11.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chininda harizmadi bar , talanttuu kiz. Yigilik!!!
SUPER.KG видео
18.11.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистка да, Айкол да сулуу экен. Кыргызда сулуу кыздар коп боло берсин.
SUPER.KG видео
22.03.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маегине соз, бирок Кыргызча билбегенине анданда соз жок...
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо