КЫРГЫЗСТАНДЫК ЫРЧЫЛАР СЫНАКТАРДЫ ДАЛЕ БАГЫНТЫШУУДА

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Кыргыз эли таланттарга бай десек жаңылышпайбыз. Акыркы кезде жаш таланттардын чет өлкөлүк музыкалык сынактарга барып, ийгиликтерди багындырып жаткандары сүйүнтөт. Буга чейин ырчы Аяна Касымова орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, жарым финалга жолдомо алганын жазган элек. Таланттуу кызыбызга долбоордун финалына да ийгилик буюруп, финалга өттү. Кызынын жеңишине кубанган атасы Айзар мырза: «Башында Аяна финалга өтпөй калган эле. Негизи эреже боюнча катышуучулар белгилүү бир упайды топтосо гана финалга өтөт экен. Жетиштүү упай топтогон 9 киши дароо эле финалга жолдомо алышты. Ал эми 10-финалистти упайы нормага жетпей калгандардын арасынан тандашып, кызыбызга ийгилик кушу буюрду. Биз өтпөй калдык деп Бишкекке келе бергенде уюштуруучулар телефон чалып, сүйүнчүлөшкөнүнөн кайра Орусияга жол тарттык. Азыр 24-октябрда болчу финалга чоң оркестрдин коштоосунда даярдык көрүп жатабыз»,- деп билдирди.
Андан сырткары эсиңиздерде болсо, бир кезде кыргыз шоу-бизнесинде «МКД» деген эки жигиттен турган топ бар эле. Кийинчерээк алар таркап, өз алдынча ырдап кетишкен. Алардын бири айтылуу Эстебес Турсуналиевдин небереси Төлөн Турсуналиев былтыр Вьетнамдын Ханой шаарында өткөн «АБУ-2013» эл аралык фестивалына катышып келсе, бири ырчылык карьерасын Казакстанда улантып келе жаткан Анатолий Цой. Мына ошол Анатолий жакында гана Казакстандын атынан украиналык «Меладзеге баргым келет» музыкалык реалити шоуго катышып, 3-туруна жолдомо алып келди. Боордош өлкөнүн атынан чыгып жатса да карьерасын Кыргызстандан баштаган мекендешибиздин ийгилиги кубандырбай койбойт.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
27.10.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анатолий Цой,тортунчу турга отту.Григорий Юрченко и Димитрий Корякин менен биргеликте.Бул группа ото кучтуу талапкер азыркы учурда.Мага эн кызыгы Цой кайсы олконун жарандыгында экен?Кыргызстандык экенин угуб бир чети кубансам,бир жагынан тан калдым :-)♥
27.10.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
голос долбооруна барат деген бала чыкпадыго же мен корбой калдымбы
27.10.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kyrgyzdyn atynan ele chyksa bolmok eken meili emi iigilik
29.10.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айымачы х фактор
30.10.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.juma мен да корбодум,чыкпады го.Суперден окуп аябай кутуп кордук эле уй-булобуз менен
30.10.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир да калтырбай кордум эмнеге катышпай калды экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо