ҮЧ КУРБУ (сериал)

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мен кайсы бир күнү аялымдын мага деген махабаты ойгонот деп үмүт кылып жүрдүм. Менден кете албайт деген ишеним да күчтүү эле. Бирок мен аны ушунча жыл жашап билчү эмес экенмин. Баян балдар бирге чыкканда кайненеме таштап коюп иштей баштады. Алгач өмүр бою үйдө отурган аял эмнени кыйратмак эле деп ойлоп, жөн гана мага көрүнүү үчүн иштеп жатат го деп ойлогом. Бирок Баян мени бул жагынан да таң калтырды. Анын бир көздөгөн максатын ишке ашырмайынча артка кайра тартпаган сапатын билчү эмес экенмин. Бир жылда тигүү цехин иштетип, анысы кадимкидей пайда алып келе баштады.
Бир күнү үйдөн чыгып жатып, Баяндын да шашылып бара жатканын көрдүм. Түз эле артынан түшүп, иштеген жерине чейин аңдып бардым. Кылыгыма өзүмдүн жаным кашаят, бирок кызганыч өрттөп жатса эмне кылам? Баян түз эле тигүү цехине кирди. Артынан кирсемби же кирбесемби деп турганда кара Жип келип, ичинен кучагына толтура гүл кармаган жигит түшүп шашыла кирип кетти.
Мына сага, эми өлгүң келсе өлө бер. Кана, эмне кыласың, эмне кыла аласың дедим өзүмдү өзүм шылдыңдай. Кирип барып экөөнү тең өлтүрүп, өзүм кошо өлгүм келди. Ошол мүнөттө мен Баянды биротоло жоготуп алганымды түшүндүм. Күчтүү эркек болсо азыр кирип тигинин мурдун канжалата коюп, аялын сүйрөп алып чыкмак болсо керек. Бирок мен же күчтүү эмесминби, же өзүмдүн күнөөм тоодойбу, үн ката албадым. Көздөрүмдөн жаш ага баштады. Моюнга алыш керек, Баянсыз эч ким эмес экенмин. Таң калганым, мен балдарымдын атасы да эмес экенмин, кыйын саясатчы Дастан да, ийгиликтүү бизнесмен да эмес экенмин. Бардыгы таш талканы чыгып алдымда жатты, максатым жок, өзөгүмдү сыздаткан өкүнүчүм менен жалгыз калдым. Машинемди далдоо жерге коюп ыйлап жаттым, жаш аралаш каректеримди сүртүп, колуна гүл кучактай муңайым күлүмсүрөгөн аялым, аны жалдырай тиктеген тиги жигитти көрдүм. Ал Баянга бир нерсе деп айтып жаткандай, бирок ал макул болбой, колундагы саатын көрсөтүп, машинага түшүп кетти.
Кечинде үйгө бардым. Алдымдан чуркап чыккан Адам менен Аманаттын баштарын сылап ашканага өттүм. Баян тамак жасап жаткан экен.
– Бүгүн кайда жүрдүң?
Баян таң кала кашын серпип коюп үн катпай ишин уланта берди. Жиним менен барып алдындагы табагын жулуп ыргытып жибердим.
– Жетишет, жипсиз муунтпа мени, суроо берип жатканда жооп бергин деп жатам...
Жулунуп колум көтөрүлүп барып Баяндын чоңоюп бакырайган көздөрүн көрүп аргасыз токтодум. Колум шилтенбеди, ал мага периштедей ыйык, наристедей бейкүнөө, куштай алсыз сезилди. Артка чегингеним менен өжөрлөнө бердим.
– Эмне унчукпайсың, ыя?
Ал дагы деле үнсүз.
– Мени өлтүрө турган болдуң сен. Тозоктун оту да мынчалык кыйнабастыр, ташсыңбы же эмнесиң? Ал окуядан бери бир жарым жыл өттү, унутсаң болот да. Мен өлүп баратам, Баян, мен күндөн күнгө артка кетип баратам. Сен менин суум, абам экенсиң. Думугуп өлө турган болдум. Чөгөлөп кечирим сурайын, өмүр бою айтканыңдан чыкпайын. Каалайсыңбы, башка өлкөгө кетели? Болгону минтпечи. Жаным жараланып бүттү. Мен сени, жалгыз гана сени сүйөрүмдү эми түшүндүм.
Ушуларды айтып ыйлап, жалынып-жалбарып жаттым. Чөгөлөгөндөн да намыстанган жокмун. Баян колун бошотуп шалдырай отуруп калды.
– Сүйлөчү, жаным, бир нерсе дечи...
– Ох, Дастан, эмне дейин? Менде сөз калган жок. Мени сени кектеп ушинтип жатат деп ойлобо. Аманатты эмизип баштаган күнү экөөңдү тең кечиргем. Айтчы, жолоочу жолго калпагын таштап салып кайрылып келип издегенче ошол жерде калпак жата береби? Же көңүлдү суутуп, жүрөктү эзгенден кийин, ишеним кыйрагандан кийин бир нерсе калабы? Калбайт экен, Дастан, мен дагы жашагым келет, мен дагы бактылуу күндөрүбүзгө кайткым келет. Баарын унуткум келет. Сага деген сезимим кайра жанышы үчүн мен баарын берет элем. Бирок унута албай койдум. Күндө Аманаттын жүзүн тиктейм, андан Назикти көрөм, күндө Адамды тиктейм, андан сени көрөм. Эгерде жанымдын жарымындай болгон балдарым ошол трагедияны эстетип жатса, кантип мен эч нерсе болбогондой баарын унута алам? Андан көрө ажырашып жашайлы.
– Мага эч кандай сезимиң калбадыбы?
– Эч нерсе калбады. Жек көрүү да, сүйүү да, эч нерсе жок. Могу жерим аңгырап турат.
– Гүл алып келген адам менен жаңы жашоону баштайсыңбы?
– Менин артымдан аңдый баштадыңбы?
– Сен менден өч алыш үчүн эле ошол кадамга барып жатасың. Аны сүйбөйсүң, мени унутуш үчүн ошол нерсени кылганы жатасың, туурабы?
Баян башын чайкай ордунан туруп кетти. Мындан көрө ташка жалынсам андан үн чыкмак, бул эмне деген жан?
Тагдыр мени оңой жазалаган жок. Ошол күндөн баштап максатсыз, жөн гана күн батып, түн кире берчү болду. Ишимден өз эрким менен бошодум, анткени жарытылуу иштей албай калгам. Үйгө деле барбайм, барсам эле чыр салам. Адам алсыздыктан ар кандай жолго барат экен, эми жолдошум арак болду. Ооба, мен баш отум менен ичкиликке берилип кеттим. Кээде эс-учумду билбей калчу болдум. Мындай учурда дос-тууганың деле алыстап кетет экен, жанымда эч ким калбады. Жарым жылдай ушинтип жүрдүм.
Бир күнү эртең менен ойгондум. Кимдир бирөөлөрдүн шыбырашканы угулду.
– Атам мас, жанына барба, азыр кыйкырат,- деп жатты Адам.
– Ыкы, атам эч качан экөөбүзгө кыйкырбайт, апам айтпадыбы, ал ооруп жатат, бир күнү жакшы болот деп,- деген Аманатымдын үнүн тааныдым. Экөө шыбыраша эшиктен аңдып турганын көрүп обдула бердим.
– Кана, жигиттер, келгилечи...
Көздөрүндө коркунуч, бирок чыгып да кетпей, жакындай да албай, экөө бирдей жалооруй тиктеп турушат. Каңырыгым түтөп кетти. Айрыкча Аманаттын көздөрү балбылдап менден өтөт, балдарым мени сагынган экен.
– Эмне, коркуп жатасыңарбы, келгилечи...
Бирин-бири коомай түрткүлөй экөө маңдайыма келишти. Экөөнү эки жагыма алып отуруп өптүм, чачтарынан сылай жыттап да алдым. Баянымдын жыты ушу наристелерде калгандай. Моокумум кана жыттап отурдум.
– Апаң кайда?
– Кетти...
– Жумушка кетти, ата,- деди Адам шашыла. Ушундай баамчыл жигит, менин кабагымдын бүркөлө түшкөнүн сезди окшойт.
– Кана, колумдан тарткылачы, турайын...
Экөө жарыша тарткылашып, кыткылыктай күлүп эркелеп жатышты. Бир кезде Аманат бетимден сылай акырын үн катты.
– Ата, экинчи мас болуп келбечи, биз корктук, апам ыйлады. Бермет эжем ыйлады. Тилек байкем сени мындан кийин үйгө киргизбейм деди. Анан биз да ыйладык,- деди.
Жүрөгүм тилинип кетти. Өз сыйым менен үйдөн чыгып кете турган болдум. Жөн гана бир баштык кийимим менен чыгып кете турган болдум...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(26)
03.11.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун чыгарма
03.11.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча окуусам да аздык кылат...
03.11.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
киносун чыгарса да, сонун кино болмок... Авторго чон ыраазычылык, сонун окуяны баяндап чыгарма жазылган. Албетте бул окуя реалдуу жашоодо болгон.
03.11.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bilal2013, eduardali, маанисиз комментарийлерге тыюу салынган! Комментарийлериңер өчүрүлдү.
03.11.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uf,emi 7 kun kutuu.....kantip chydaaaaim((
03.11.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана керемет чыгарма...
03.11.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жума окуганда ыйлайм тообо,мындай кылмышты озун кечирсен да журогун жан дуйнон кечирбей кыйнай беретда мен ыйлай берип соолуп жоголуп кетсем керек эле Баяндын ордунда болгонумда.
03.11.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутконум эле ушул чыгарма болуп калды,окуган сайын козумо жаш тегеренет,Баян кечирип койчу эми,унутулбаса да балдар учун бактылуу жашагылачы?
03.11.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийинине жеткирип ойной алган актерлордон тандап кино тартса эн жакшы болмок.
03.11.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии оадааа менда окуп козумо жаш келди Баян кечирчи Дастангада кыйын болду ал деле ушундай болуусун билген эмес
03.11.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экообу бактылуу болушат бекен.Кыйнадынар кишини кыйнадынар
03.11.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш дастан колун менен кылганды мойнун менен тартасын дечу беле
03.11.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болот , сонун болот
03.11.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан ! Күчтүү бол. Эч качан эч кимге жалдырап жашаба. Балдарыңдын бактысына мыкты эркек болуп, ичкиликти ташта. Баян каалаганын кылаберсин.
03.11.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киносун тарткылачы айланайын режиссёрлор?!
03.11.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo Janara degeni Emirdin,Bayan m.n Dastandin tagdirin ozu kaalaganday kilip ozgortup aldi,Nazikti go jedi,al emne shaytanbi,
03.11.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avtor choon rahmat,sizdey talanttuular az kezdeshet,sizdin den soolugunuz chin bolup,omurunuz uzuun bolsun,ushunday chigarmalardi kobun jarata beriniz
04.11.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх..., суйуу, сагынуу адамды эмне гана кылбайт, журоктун сыгып, кыйнайт, бакытынан азабы кобуроок. Сонун, таасирдуу чыгарма, окуп алып мен да бироону эстеп, оюмдун баарын ээлей калды...
04.11.2014. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yilagym kelip zorgo okudum aftorgo dank dagy bir juma
04.11.2014. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч тоё окубадым да ушу чыгарманы!!!Кооооооп жазгылачы!Айла жок кутмой (((
04.11.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктырат да бутуруп койот
04.11.2014. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушунусу менен кызык да. ортодогу жарака бутушу кыйын. андан коро сынып кетип анан бутсо жакшы. Суйуу да ушундай. жашоо ушундай...
05.11.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, ортосунан таштап кеткен жоксуңарбы? Мурункусу Баян менен Дастандын диалогунан токтогон болчу го?
05.11.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sapfir86, саламатсызбы!
Жок, чыгарма толугу менен жарыяланып жатат.
07.11.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастанга ичи ачышпайт менин ,баарына озу куноолу.Баяндын баркын билбеген,Назик тируу болгондо Дастан эртеби кеч таштап кетмек болчу Баянды.
08.11.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки саны кайсы күнү чыгат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо