
АШКАБАК КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 1 килограмм
Кумшекер – 800 грамм
Жаңгак – 150 грамм
Апельсин ширеси – 2 аш кашык
Гвоздика (татымал) – 2 даана

Даярдоо ыкмасы:
-
Ашкабактын кабыгын аарчып, данегин тазалап, муздак суу менен жууп алабыз.
-
Орточо көлөмдө төрт чарчы кылып туурап, чарага салабыз.
-
Үстүнө кумшекер салып, ашкабактын ширеси чыксын үчүн 1-2 саат тыныктырабыз.
-
Жай отко коюп, апельсин ширесин кошуп аралаштырып, 10 мүнөт кайнатабыз.
-
Оттон алгандан кийин муздатып, эт туурагычтан (блендер болсо да болот) өткөзөбүз.
-
Кайра жай отко коюп, гвоздика кошуп, 20 мүнөт кайнатабыз. Түбүнө жабышып калбасын үчүн жыгач кашык менен аралаштырып туруу зарыл.
-
Оттон аларда майдаланган жаңгакты кошуп жакшылап аралаштырабыз. Өзгөчө даамга ээ кыям даяр.
КУЙМАК
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 400 грамм
Жумуртка – 2 даана
Ун – 150-200 грамм
Айран – 100 грамм
Кумшекер – 3-4 чай кашык
Туз – татымына жараша
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
-
Кабыгы аарчылып, тазаланган ашкабакты майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, идишке салып, 200 градус ысытылган электр мешине 15 мүнөт коё турабыз.
-
Идишке жумурткаларды чагып, айран, туз, кумшекер кошуп аралаштырабыз. Үстүнө унду аздан себелеп, жакшылап чалабыз.
-
Аралашмага ашкабакты кошуп, текши ботко абалына келгичекти аралаштырабыз (миксер болсо жакшы).
-
Көмөч казанга май куюп, куймакты эки тарабынан тең кызарта бышырып алабыз. Дасторконго куймакты каймак жана бал менен кошо бериңиз.
«КЫЯЛ» КОТЛЕТИ
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак (тазаланган) – 500 грамм
Манна акшагы – 100 грамм
Сүт – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Уй этинен фарш – 400 грамм
Пияз – 2 даана
Кумшекер – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм
Нандын күкүмү – 100 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
-
Ашкабакты ичке тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, туз кошобуз. Көмөч казанды жай отко коюп, ага 2 аш кашык май куюп, ашкабакты салып бышырабыз.
-
Үстүнө кумшекер, сүт куябыз. Манна акшагын чуурутуп салып, текши боткого айлангыча аралаштырабыз.
-
Ботко кайнагандан 5 мүнөттөн кийин оттон алып, сууганча коюп коюу керек.
-
Пиязды майда туурап, фарш кошуп, өзүнчө көмөч казанга кууруп алабыз.
-
Сууган боткого жумуртка кошуп жакшылап аралаштырабыз.
-
Боткодон котлеттин формасын жасап, ортосуна фарш салабыз.
-
Котлетти тоголоктоп, нандын күкүмүнө оонатып, эки тарабы тең кызаргыча майга кууруп алабыз.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg
Керектуу рецептер экен. Рахмат.