«БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ АНЫКТАДЫ

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

Өзүнүн миллиондогон байге фондусу аркылуу мекендештерибиздин капчыгын толтуруп, казынасын кеңейтип келе жаткан «Элдик лотерея» соода маркасы кезектеги утуштардын ээлерин кубандырды. Баса белгилеп айта кетсек, 15-октябрда ойнотулган «Белек» лотереясынын баш байгелерин,
8 000 000 жана 400 000 сомду жеңүүчүлөргө тапшырды.

Болуп көрбөгөндөй ири сумманы, тактап айтканда, 8 000 000 сомду Чүй облусунун жашоочусу НАЗИРА айым утуп алды.
– Мен борбор калаабыздагы соода түйүндөрүнүн биринен лотерея сатып алгам. Утуп алуу оюмда деле жок болчу. Эми минтип чоң утушка ээ болуп отурам. 8 000 000 сом утуп алганыма дале ишенбей турам. Акчаны кайда жумшаарымды ойлонуп жатам. Акча колума тийгенден кийин кыймылсыз мүлк алып коюуну болжоп жатам. Ошондой эле чет өлкөлөргө саякаттаганды да унутта калтырган жокмун.

 

Бул ирет 400 000 сомдук утушту Нарын жана Бишкек шаарынын тургундары Төлөнбек менен Атыр айым утуп алышты.

Атыр, Бишкек шаарынын тургуну:
– «Алкан» базарынан 2 билет сатып алган болчумун. Бирөөсүнөн минтип 400 000 сом утуп отурам. Буга чейин деле ойноп жүргөм. Бирок утушка ээ болгон эмесмин. Азырынча акчаны кайда жумшаарымды ойлоно элекмин. Жакындарыма жардам кылып, калганын өзүмдүн керектөөмө жумшайм го. Утушка ээ болгондон кийин «Элдик лотереяга» ишенип калдым. Кезектеги боло турчу лотереяга да эки билет алып койдум.

 

 

Төлөнбек, Нарын облусунун тургуну:
– ЦУМдан эки билет сатып алгам. Биринен 200 сом, ал эми экинчисинен 400 000 сом утуп алдым. Бул утушка чейин деле көп жолу ойноп келгем. Утуп алууга ишенимим чоң болчу. Лотерея ойнотулгандан кийин сайтка кирип текшерип көрсөм, 400 000 сомдук утушка ээ болуптурмун. Жакында үйлөнөйүн деп жаткам. Бул акчаны үлпөт тоюма жумшайм. «Элдик лотереяга» кааларым, ушундай оюндарды уюштуруп, элди байыта берсин демекчимин.

 

 

«Элдик лотереянын» PR менеджери АЛИНУР ОРМОН УУЛУ:
– «Элдик лотереянын» алкагында ар бир айдын ортосунда ойнотулуучу «Белек» лотереясынын жеңүүчүлөрү үчүн бул күн бактылуу күн. Баш байгелерди,
8 000 000 сомду Чүй облусунун тургуну утуп алса, эки мекендешибиз 400 000 сомдон утушту. «Береке» лотереясы 31-октябрда КТРК каналында саат 19:00дө ойнотулат. Анын жалпы байге фонду 78 000 000 сомду түзөт. Баш байгеси 22 000 000 сом болот, мындан тышкары 10 адам 1 000 000, 100 адам 50 000 сомдон утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Оюндун эрежелери жана ойнотулган байгелердин тизмеси менен билеттин арткы бетинен таанышса болот.

Султан Төрөбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
03.11.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буйрусун утуп алган акчалары Бактылуу адамдар экен.
03.11.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизден эч эле чыкпайт го
04.11.2014. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Утуп алгандар оздорунун адамдарыда. Бул деген бизнес
07.11.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул лотореяга эч эле ишене албайм.Өзүлөрүнүн адамдарына эле бере бергендей сезиле берет кал эле реклама кылып.Эгер чындап эле утуп алган болушса анда куттуктайм,керектерине жарасын!
08.11.2014. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болоктор эле утат экен
08.11.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыныгы эле оюн эч кандай бизнеси жок, утуп алуу бактындан
08.11.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыныгы эле оюн эч кандай бизнеси жок, утуп алуу бактындан,бакыт кутуп турган болсо сен да утуп алышын мумкун
09.11.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ишенбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо