ИШКЕР РАЙКАН АЛКАНОВДУ БЫЧАКТАП КЕТИШТИ

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

25-октябрдан 26-октябрга караган түнү ишкер Райкан Алканов Таластагы үйүнөн 18 жолу бычакталган абалда табылган. Кылмышка шектелип 16 жаштагы (кээбир булактар боюнча 15 жашта) кыз кармалып, сурак берип жаткан учуру. Окуя тууралуу ИИМ төмөнкүлөрдү билдирет.

КАНДУУ ОКУЯ КАНДАЙЧА БОЛГОН?
Кылмыш катталган күнү жабырлануучу Райкан Алканов Талас облусунун жана Талас шаарынын 70 жылдык мааракесине катышканы барган. Кечинде ишкерди айдоочусу Таластагы үйүнө жеткирген. Эртеси, 26-октябрь күнү эртең менен айдоочусу Алкановду алып кеткени үйүнө барып, аны жаракат алган абалда үйдүн 2-кабатынан көргөн. Жабырлануучуну айдоочусу Талас облустук ооруканасына алып барган. Медицина кызматкерлери анын абалы туруктуу болгону менен, оор экенин айтышып, капталынан урулган бычактын соккусу ишкердин боор, көк боор, ичеги, ашказан жана башка органдарына жаракат келтирилгенин кабарлашты. Мындан сырткары баш тарабына да бир нече ирет бычак урулуп, баш териси жабыркаган деген маалыматтар бар.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 16 ЖАШТАГЫ КЫЗ КАРМАЛДЫ, ДАГЫ ШЕКТҮҮЛӨР БАР»
Учурда укук коргоо кызматкерлери тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн толук маалымат берүү мүмкүн эмес экендигин айтышууда. ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалып, учурда сурак берип жатканын айтты:

– 28-октябрда кармалган 16 жаштагы кыз «Райкан Алканов мени зордуктаганга аракет кылган» деп көрсөтмө берүүдө. Анын жалгыз мындай кылмышка баруусу күмөн жаратууда. Кыз жалгыз болгон эмес. Азыркы берилген маалымат менен чектелиш кыйын. Себеби бул кылмышка шектүү дагы башка адамдардын тобу аныкталып жатат. Маалыматтар боюнча 3 кыз болгон. Учурда экөө изделүүдө. Тергөө жыйынтыкталмайынча Алкановго болгон кол салуунун себептерин айтып бере албайбыз. "Үй-бүлөлүк чатак же бизнесине көз артып, ишмердүүлүгүнө бут тоскондор кылыптыр" деген божомолдор ИИМ тараткан маалымат эмес. Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланып жатат.

«РАЙКАН АЛКАНОВДУ ОРДУНАН КОЗГОО КООПТУУ»
Өздүк маалымат булактарыбызга таянсак, Райкан Алканов Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, анын абалы туруктуу болгону менен, медицина кызматкерлери "борборго алып барууга мүмкүн эмес" деп, ордунан козгобой туруу керек экендигин билдиришкен.. Аны ишкердин уулу Чыңгыз Алканов карап жаткандыгы маалым болду. Райкан Алкановдун жубайы анын жолдошуна бычак сайылганын тастыктап, бирок 15-18 ирет эмес экенин "Би-Би-Сиге" маалымдады. Үй-бүлө "азырынча шектене турган адамдарыбыз жок" деп билдирүүдө. Алканов Алик, Чыңгыз, Жамиля, Асел аттуу 2 кыз, 2 уулдун атасы.
79 жаштагы Райкан Алканов өлкөдөгү ири компаниялардын катарындагы «Алканов жана компания» ЖЧКсынын жетекчиси, «ЕврАзЭс Кыргызстан ишкерлер кеңеши» ассоциациясынын төрагасы катары таанымал. Өлкөдөгү ири базар болгон «Дордой» базарынын «Алканов» аталышындагы бөлүгү дагы ишкерге таандык.
Буга чейин Райкан Алкановдун Рашид аттуу уулу өлтүрүлүп, өлүмү криминалдык териштирүү катары сыпатталып жүргөн. Бул окуянын ал өлүмгө тиешеси барбы же жокпу, азырынча белгисиз.

КОЛ САЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ДАГЫ 2 КЫЗ КАРМАЛДЫ

29-октябрда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишкер Райкан Алкановго кол салган деп шектелип изделип жаткан 2 кызды Бишкектен колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Териштирүү иштеринин натыйжасында Таласта кармалган 16 жаштагы (кээбир булактар боюнча 15 жашта) кыз жалгыз эмес экени билинип, дагы 17 жана 32 жаштагы 2 айымга издөө салынган. Алкановго кол салуу боюнча ишкердин адвокаты катышкан маалымат жыйын Бишкек шаарында өткөрүлдү. Анда адвокат Юрий Скатневский шектүүлөр ишкердин материалдык байлыгын карактоо максатында кол салгандыгын айтып, «жабырлануучу жаш кызды зордуктоого аракет жасаган» деген маалыматтар чындыкка коошпой тургандыгын кабарлады. Ошондой эле ишкердин адвокаты Райкан Алкановдун абалы турукташып калганын жана Чүй облустук ооруканасына которулуп келингенин кабарлады.

Райкан Алкановго таандык «Дордойдогу» «Алканов» базары.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(26)
03.11.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Небере эмес, чоборосу менен тен кыздар менен ай ай аай... Соз жок ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 04.11.2014 10:21
04.11.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooki8888, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
09.11.2014. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan, сaлaм aзыркы убaкытa пeдофилдeр кобойуп кeткeн aкчaсы коптор ушундaй болушу мункун
03.11.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аллах билет.
03.11.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай бар го бул чалга дагы,окмот коргобогондуктан ушундай оч алуулар кобойуп кетти...
03.11.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олсон да абийирин менен ол деген ушу да.
03.11.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул киши кандай тушунбойм дайым еле кыздар тоноп кете берет екен болгондода жашы жете елек кыздар
03.11.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип эле кыздар тоношсун?! Кыздардын мээси деле бардыр. Акчасын, байлыгын алгысы келсе, башка деле жол менен саап алышмак. Бул чын эле өчү бардыр да. Байлыкка көпкөнүнөн кыздардын намысына тийгендир.
03.11.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 жаштагы кыз кантип бычактасын?!
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 04.11.2014 10:23
04.11.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bella-life, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
03.11.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той-торополош кишилердин айтканы:бул киши озу текебер,сулуураак кыз-келинди корсо куйоосун козго илбей тийишет дешет,ким билет.....
03.11.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карыган чалдар зына кылса каргыш болсун.- деген Пайгамбарыбыз (САВ).
03.11.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ужас корунуш кыздарга да ушул кишиге да ыйман берсин жараткан
04.11.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))) эмне дейт???
04.11.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары байлыка барып такалат,жана бизде оз ишин мыкты билгендерди буттан тартып тушуруу ,коро албастык деген оорубуз бар.
04.11.2014. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазасын берсин ким куноолуу болсода.
04.11.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир бироонун очу бар болсо кыздарды жибербей эркектерди жибермек да. Бул ХХХ ХХХ ХХХ анан уруш башталса керек
Модератор admin_superstan түзөттү 04.11.2014 10:23
04.11.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursss_Real_Madrid, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
04.11.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
05.11.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
заманыбыз эмне болуп баратат? эми жаш 10 гулунун бир гулу ачыла лек кыздарыбыз кылмышка аралаша баштадыбы? кызык 15 жаштагы кыздын оюуна бул нерсе кайдан келди экен?
05.11.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул катип болсун Тоба кылдым ээ. 15 жаштагы кыз бир бечаранын кызы болсо керек коркутуп моюнуна койдуда
05.11.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажап кылыптыр бай болсо озуно да. Кыздарды сыздатса керек да. Чебереси менен тен кызды.
06.11.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирдемеси бар да кантип ал кыздар мунун жанында болгон ,акчасына чиренип жаш кыздарга менен ойногон болсо керек
06.11.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай озун сакта! Байлык да адамга душман деген ушул да.
08.11.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт дешетко бекеринен ушундай создор айтылган жок демек бул кишинин да куноосу бар карыганда калжандап акчага кооп кудайды унута тушкондурда дагы ким билет кудай билет айыгып кетиниз
18.11.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарыбызда жашыбызда аман есен тыынч еле адам статусундагы адам бололулучу кыргызым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо