Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЯЛЫН МУУНТУП КӨЛГӨ ЧӨКТҮРҮП САЛГАН КҮЙӨӨ 3 КЫЗЫН ЭНЕСИЗ КАЛТЫРДЫ

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

Үй-бүлөлүк чыр-чатак, убактылуу көңүл калуу, кызганыч, таарыныч... Мунун баары чогулуп келип адам өмүрүн алып тынганы адамдардын кызуу кандуу болуп баратканынан кабар берип жаткан жокпу? Азыркы жаш үй-бүлөлөр жеке араздашуу маселесинде ачууга алдырып, аягын трагедияга айланткан учурлар да кездешет. Аялын муунтуп сууга салып жиберген күйөө 3 кызын энесиз калтырды. Кандуу окуя Каракол шаарында катталган.

«ЖАРАШУУ ТУУРАСЫНДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮ ЧЫРДАШУУГА АЛЫП КЕЛГЕН»
Каракол ШИИБине 22-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын тургуну Улан Муканбетов аттуу жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, «аялымды муунтуп өлтүрүп, сууга салып жибердим» деген арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге ӨКМнын кызматкерлери барып, суудан аялдын жансыз денесин алып чыгышкан. Окуя тууралуу аталган кылмыш ишин иликтеп жаткан Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү САМАТ АЛАМАНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– 1977-жылы туулган Улан Муканбетов аттуу жаран өз кылмышын моюнуна алып милиция кызматкерлерине кайрылган. Шектүүнүн тергөө учурунда берген көрсөтмөсүнө караганда, ал жубайы Гүлнур Ниязова менен 2002-жылдан бери мыйзамдуу никеде турушкан. 2014-жылдын апрель айынан тарта үй-бүлөдө пикир келишпестиктер пайда болуп, эки башка жашап жүрүшкөн. Улуу кызы менен кичүүсүн келинчеги алып, ортончу кызын атасы карап жүрчү экен. Бул аралыкта Улан куруучулук иштери менен алектенип жүрсө, каза тапкан Гүлнур Ниязова чачтарач катары иштеп келген.
Кылмышка шектүү 21-октябрь күнү келинчегин көлдүн жээгине кезигишүүгө чакырып, ал жакта жарашуу, үй-бүлө очогун кайрадан тутантуу тууралуу кеп козгогон. Күйөөсүнүн сунушуна маркум макул болбой, ортодо чыр чыгып кетет. Араздашуу күчөп, ачууга алдырган Улан Муканбетов ошол жерден аялын колу менен муунтуп салган. Окуя шектүүнүн унаасынын ичинен болот. Эсин жоготкон аялын эмне кылышты билбей жансыз денеден арылуу үчүн аны көлдүн жээгине алып барып сууга таштап жиберип, өзү из жашырып кеткен.
Шектүү «келинчегимди өлтүрүп коюуга кызганыч себеп болду» дейт. Учурда бул боюнча тергөө иштери уланып жаткан учур. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, бирок корутундулары чыга элек.

Маркумдун эжеси НАЗГҮЛ ИСРАИЛОВАга байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Күйөө балабыз Гүлнурду башка менен жүрөт деп күнөөлөп кызгангандан өлтүрдүм деп жатыптыр. Ал маалыматы жалган. Сиңдим февралдан бери эле ата-энесинин үйүндө жолдошуна таарынып келип жашап жүргөн. Ал эми өзүнүн башкага үйлөнгөнүнө 1 ай болгон. Ошол күнү Гүлнурду жумушунан күтүп аңдып туруп, машинасына салып кетиптир. Кыздарын да мектептен чыкканда бизге айтпай алып кетип, издетип сарсанаа кылып эле жүрчү. Акыркы күндөрү сиңдим экөөнүн аябай эле ыркы келишпей калган. Азыр кыздарынын үчөө тең биздин колдо.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
03.11.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа
03.11.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай эмне деген кылмыш,кызганыч эн жаман нерсе нерви жука адам кызганчаак болсо ушундай ишке барат деп толук ишенсе болот.
03.11.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызганыч комедия эмес трагедия деп бир жерден окуган элем.
04.11.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын.
04.11.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа, менин атым жонумо куюп койгондой окшош экен!
05.11.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
istina, саламатсызбы! Ката оңдолду. Рахмат!
06.11.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О кудай бул кандай деген жашоо, заман эмес адам бузулган мыкачылык менен өлтүрүп эмне пайда деймда.
06.11.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз даже нормальный ажырашканды уйроно албай койдук го
06.11.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекей наристелердин энесиз калганы аябай окунучтуу болуптур
07.11.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу уйлонуп алып анан кайсы бети менен жарашалы деп барды, уйлонгонун билип туруп аялы макул болбойт да. Байкуш наристелерди жетим кылыптыр жок жерден.
07.11.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан кыздарына кыйын болот Эми бир апасыз отушот, атасы уйлонуп ала берет, кыздарын ойлосо болмок!
08.11.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыздарына кыйын болуптур,алар деле бироону апа деп апа мееримин коргусу келет эле да
09.11.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ото татал нерсе тура.кудай маркумдун кунолорун кечирип,жанын жаната кылсын.кыздарына бакыт берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо