Асел Кадырбекова, ырчы: «АТАМ ДЕПУТАТ БОЛЧУ. АНЫ МЕНЕН ЭМИ КАТЫША БАШТАДЫМ»

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

Жалгыз апасынын гана эрке кызы болуп келген Аселдин чыгармачылыгын атасы колдой баштап, ырчынын кубанычында чек жок. Табиятынан аз сүйлөгөн ырчыны көбүрөөк сүйлөтүп, жан дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдык.

– Асел, куш келипсиң. Бир сааттан ашуун убакыт кечигип келдиң, боёнуп күзгүнүн алдында көбүрөөк болгонсуң го?
– Саламатсыздарбы? Боёнуу жактан тажрыйбалуумун, ага убакыт деле короткон жокмун. Күн суук болуп калгандыктан жылуу кийимдеримди таап кийип, калың кийимге бир аз көнбөй күзгүгө көбүрөөк карандым. Анын үстүнө эшикке чыксам кар жаап, сууктан машинам тоңуп калыптыр. Машинамдын үстүндөгү карды тазалоого, жылытууга убактым кетти. Унаамды карда биринчи жолу айдагандыктан, жай айдап келдим окшойт.

– Боёнуу жагынан тажрыйбалуумун деп калдың, сени "ашыкча чаптап алат, боёнбосо сулуу" дегендерге оюң кандай?
– Бул менин сахнадагы образым. Эгерде мен минтип боёнбосом, назик болбосом сахнада өзүмдү жоготом деп ойлойм. Андыктан ушул ашыкча боёгум, назиктигим менен Асел Кадырбековамын. Боёнгон мага жагат, үйдөн апамдар деле "ашыкча боёносуң" деп айтып калышат.

– Жүзүңдө өзүңө жакпаган кемчилик барбы?
– Мен аябай уялчаак адаммын. Өзүмдү жакшылап карасам кээде көзүм жакпай кетет, кайра оозум жакпай калат дегендей. Кыскасы, менин жүзүм кубулма десем болот. Бирок Кудайга шүгүр, көзү бүтүк, мурду чоң болбой ушундай жаралганыма. Көптөр мени көзүнө сурма жасаткан деп ойлошот экен. Менин көзүм өзү ушундай. Балким, картайганда кемчиликтерим билинип баштаса карылыкка моюн сунгум келбей жасатышым мүмкүн.

– Сулуулар сүйүүгө туруксуз болот дешет, сулуулуктун запкысын тарткан учуруң болду беле?
– Өзүмдү сулуу деп эсептебеймин. Мен сүйүүгө туруктуумун, бирөөнү сүйсөм аны эч качан башкага алмаштырбай акырына чейин сүйөм. Канча жамандык кылса деле жакшы көрүү сезими сакталып кала берет, мен табиятымдан ушундай адаммын. Сулуулуктун запкысын деле көргөн жокмун. Болгону артыңдан жигиттер көп ээрчийт, ага кошо көп ушак ээрчийт экен.

– Ырчы болуш үчүн өң-келбеттен сырткары үн да болуш керек. Музыкалык билимиң барбы?
– Тилекке каршы, музыкалык билимим жок. Буюрса, вокалдан сабак алсам деп жүрөм. Чынында эле менин үнүм жоктур, бирок каалоом күчтүү. Мен эптеп эле же ойноп ырдап жүргөн жокмун. Жүрөгүмдөн аракет кылып ырдайм. Вокалдык тембр жакшы эмес экенин моюнума алам. Айтылат го "1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек" деп. Андыктан мен эмгектенем, менин ырларымды уккан, мени жакшы көргөндөр деле бар. Мен ошолор үчүн ырдайм, жактырбагандар укпай эле койсун.

– Жаңы жаздырган «Эркелет» деген ырың Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?» деген ырына жооп эмеспи? Биздин ырчы кыздар турмушка чыгарда эркелеп калчу эле...
– Жок, Нурландын ырына жооп эмес, жөн гана өзүм эркелегим келди. Турмушка чыгуу менин фобиям десем болот, андыктан азыр күйөөгө тийүү планымда жок. Көптөр айтышат, убакыт келди күйөөгө чык деп. Убакыт келди деп эле күйөөгө чыгып алган болбойт. Көп курбуларым, тааныштарым турмушка чыгып, кайра ажырашып кетип жатышат. Жашоодогу эң кыйын нерсе жар тандоо болуш керек. Жолдошум менин жанымда жүргөн эле адам эмес, балдарымдын атасы болот. Ошондуктан шашпай, жаңылбай жан шеригимди издеп келем.

– Сен издеген жан шеригиң байлыгы ашып ташкан, чыгармачылыгыңды колдогон, бирок карыган киши болуп калсачы?
– "Сүйүү жашка карабайт" дешет. Ар бир адамдын тандоосу бар, сүйүп калсам жашы мени кызыктырбайт болчу. Эгер ошол адам менен өзүмдү бактылуу сезсем, эмнеге болбосун?! Эң негизгиси адамгерчиликтүү, мени түшүнгөн, чындап жакшы көргөн адам болушу керек. Мага канчалык жакшы мамиле кылса, мен ага эки эселеп кайтарганга даярмын.

– Кичинекей Асел кандай кыз болгон экен? Мектепте кандай окучу элең?
– Бала кезде апамдын жанынан чыкпаган, назик кыз болчумун. Ыйлаак, өжөр элем. Жалгыз кыз болгондуктан өзүмчүл болуп өстүм. Үйдөгү апам экөөбүздүн буюмдарыбызды эч кимге карматчу эмесмин. Көз жашым дайыма даяр турчу экен. Таякелерим "сени карап туруп ыйлайт, ыйлайт десе эле ыйлап жиберчү элең" деп күлүп калышат.
Мени ырчы болот деп эч ким күткөн эмес. Индия кинолорун көрүп актриса болсом деп кыялданчумун. Сулуу кыздарды көрүп модель болгум келчү. Чынын айтыш керек, мектепте жакшы окуган жокмун. Эмнегедир билимге көп көңүл бурган эмес экенмин. Өзүм орус мектепти бүткөм. 20 бала 3 кыз дос болчубуз, ошол досторубуз менен эле шалпактап жүрө берчү элек. Азыр терең билим албаганыма өкүнөм.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетпесең болбос...
– Түбүм Кара-Суудан, Ош шаарында өскөм. Учурда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Апам Дилбар тиш доктур, Канат, Мурат деген эки иним бар. Канат Юридикалык академияда окуса, Мурат гимназияда окуйт. Атам Кадырбек убагында чоң кызматтарда иштеген, Жогорку Кеңеште депутат болгон. Учурда жеке бизнестери менен алек.
Эмнеге атаң тууралуу айтпайсың деп көп сурашат. Мен кажети жок деп ойлочумун, көрсө, ал жөнүндө айтышым керек экен. Мурда атам биздин жашообузга кийлигишчү эмес. Эми, буюрса, чыгармачылыгымды да, жеке жашоомду да колдоп, кеңештерин, сын-пикирлерин айтып, жардам бере баштады. Атамдын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Ал жактагы бир туугандарым менен жакшымын, алар менен катышып турам. Жакында эле атам машина белек кылды. Көптөн бери "машина алгым келет" деп кулак-мээсин жей берчүмүн. "Ии" деп эле койчу. Көлдө эс алып жүргөндө күтүүсүздөн эле "машина алып койдум" деп чалып калды. Кубанычтан кантип учуп келгенимди да билбей калдым. Кыялданып жүргөн машинама жеттим.

– Машина айдаганды билчү белең?
– Машина айдаганга аябай кызыкчумун. Досторумдун унааларын айдап турчумун, ошондуктан бат эле үйрөнүп кеттим. Апам "оку, айдоочулук күбөлүк ал, анан рулга отурасың" деп шарт койду. Ошондуктан 3 ай окуп, анан унаа башкарганга уруксат алдым.

– Маегиңе рахмат.

«Супер концерт-2013» тандоосунда «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлгөнүмдө аябай кубангам».

«Кичинекейимде апам экөөбүздүн буюмубузду эч кимге карматпаган өзүмчүл кыз элем».

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Атам депутат болчу. Аны менен эми катыша баштадым" дейт Асел Кадырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(142)
04.11.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men bul kyzdyn yimanduu mahabat degen klibin korup jaktyryp kalgan elem. Jonokoi kyzdai sezilet.
05.11.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uwul koment bergenderdin ichinde asel ozu dele bolso k.k ozun ozu maktap
05.11.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки иним бар деп атасынын балдарын айтып жатабы?
05.11.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пиар кылып сулуу эмесмин деп жатат.назиктиги боюнча жасалма назик.аябай боёнгону билинип турбайбы
05.11.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайыыын тиги видеосундагы джинсы шымын кучугу талап кеткен окшойт бир жакшынакай эле шым кийип албайбы эл козундо болгон сон соц тармактагы актуалдуу талкуу болуп аткан ушу Аселдин шымы окшойт хехехе)))
05.11.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сулуу айым экен. бирок тааныбайм. ким, кайсы ырды ырдайт?
05.11.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт ийгилик!
05.11.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боёнгону Жакпайт !
05.11.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик
06.11.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо сиздерден суранарым Элина абай кызы жөнүндө жазгылачы.анан муруунку чыккан кезин кайдан окусам болот?
06.11.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanych0404, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, Элина Абай кызына байланыштуу макалаларды окуй аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?search_term=Элина+Абай+кызы&where_to_search=article&x=0&y=0
06.11.2014. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистка кыз аябай эле катуу тийген суроолорду бериптир го?
SUPER.KG видео
06.11.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Асел!
06.11.2014. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел соонун кызго тимеле аялдагы сапатардын баары бар назиктиги кыз кылыгы менен деп бекер айтылбайт ! Асел эжеке сага ийгилик жакшы ыр клиптерди кутобуз!
06.11.2014. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик каалайм. Коп коп жакшы ырларды жарата бер.
06.11.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жасалма айым, талантсыз
06.11.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кире албай,таппай жатамго элина абай кызын
06.11.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanych0404, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Элина+абай+кызы&x=0&y=0&media_search=1
06.11.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларын укккам,эсимде жок бирок,боенуп жургону эле жакшы бул эженин......боенбогонун коргон болушум керек бир газетадан))))))))талантынын жоктугун мойнуна алганына баа бердим.......
06.11.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аселди аябай жакшы кором. Ырларынын баарын суйуу менен угам. Болгону болок ырчы кыздарга окшоп озунун атасы менен тен кишиге эрге тийип албаса болду
06.11.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз университеттин химфакында окуп жургондо бир окутуучу айтты эле,кыздар бул жакка билимдуу куйоого чыгыш учун кана тапшырат деп,азыр болсо бул ырчы кыздарга тийиштуу болуп калды,булар бай куйоого чыгуу учун кана оздорун рекламалап ырдап чыгып калышты.
07.11.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап эле мурда М.Иманбековдун "Карындашым" деген клибине тартылганда мага да жаккан эле.Анда ашыкча боенбогон бир татынакай кыз болуп көрүнгөн көзүмө.Азырчы? Азыр гримден жети катмар берип адамдын өзүно тартпай кайра түртө турган кызга айланыптыр.Бирок аз да болсо ырдай алат,бир аз билим алса жакшы эле ырдап кетет.Ийгилик кыскасы!
08.11.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwinizge yigilik
08.11.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eger bilsen sen yr4y boluuga tatyktuu emes ekensin .ozundu bashka nerselerde synap kor..unundun dele ozgo4olugu jok eken
08.11.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eger bilsen sen yr4y boluuga tatyktuu emes ekensin .ozundu bashka nerselerde synap kor..unundun dele ozgo4olugu jok eken
08.11.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ырчы болгусу келет экен, бирок такыр эле уну жок экен...(любительский голос)
09.11.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара Акуловадан да чон коруно баштаптыр .
09.11.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
,,Назикмин" деп айтпай эле койсо болмок. Ошентсе да ийгилик!
SUPER.KG видео
14.11.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы кыз! мага жагат,
ийгилик каалайм.
23.11.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик! Голосу бар, озу деле супсулуу кыз.
SUPER.KG видео
29.11.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel aiym siz sylyysyz,a birok yn degen sizde takyr jok eken,nesi bolso da sizge uigilik
Медиа-портал
28.01.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
унун жок экен не позорь нас
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо