БЕКЧОРО

№211 17-23-ноябрь, 2006-ж.

– Бекчоро, биринчи жолу эл алдына ырдап чыкканың эсиңдеби?
– Алгачкы жолу эл алдына 1-класста «Алиппе майрамында» ырдап чыккам. Ошондо ырдаганым мугалимдерге да, келген ата-энелерге да абдан жагыптыр. Бир агайымдын улам мени кучактап «жакшы ырдайт экенсиң» деп айткандары али эсимде. Ойлосом ошондо ме­нин тушоом кесилген экен. Андан кийин мектепти бүткөнчө кечелердин биринен да калбай ырдап жүрдүм. Мектепти бүткөн соң, эки жылдай айылда ата-энеме жардам берип жүрүп калдым. Жандүй­нөмө чыгармачылык жакын болгондуктан, айылдан Бишкекке келип кафелердин биринде музыкант болуп ишке орноштум.
– Кафеде ырдап иш­төө жаш ырчы үчүн чоң мектеп дегенге кошуласыңбы?
– Албетте, кафеде күнүгө ырдап машыгасың. Бул жаш ырчы үчүн тажрыйба топтоо десем болот. Кафеде музыкант болуп иштеп жүргө­нүмдө 3 жылдын ичинде чыгармачылыкка чындап баш-отум менен аралаша баштадым. Продюсерим Нурлан Мамакеев менен тааныштым. Ошентип, музыка дүй­нөсүнө жандүйнөм менен багыт алдым.
– Бекчоро, өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
– Музыкалык окуу жайды бүткөн эмесмин. Бирок, филармонияда Эсенгул Ибраевдин колунда вокал бөлү­мүн бүтүргөм. Ошондон улам билимим болбосо да түшүнүгүм бар. Бирок, келечекте профессионалдуу ырчы болуш үчүн сөзсүз түр­дө музыкалык билим алышым керек.
– Популярдуу болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуң?
Биринчиден талант, дарамет, аракет. Анан фи­нансы десем ашык болбосо керек.
– Кандай кыздарды жактырасың, айылдык кыздардыбы же шаардыктардыбы?
– Мен кыздарды айылдык же шаардык деп бөлбөйм. Негизгиси, адамгерчилик­түү, назик, сулуу болсо болду.
– Жүрөгүңдөн орун алган адамың барбы?
– Чынын айтсам, мен азырынча өзүмө ылайыктуу кыз таба элекмин.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Учурда мен жалаң чыгармачылык менен алектенип жатам. Чыгармачылыгыма жолтоо болуп калбасын деп кафеде иштегенди да токтоттум. Буюрса, жаңы ыр­ларды жаздырып, эл алдына көбүрөөк чыгып, элдин батасына арзысам деген тилегим бар.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо