Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты: «ӨЗГӨН КҮРҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН БРЕНДИ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК»

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж

24-октябрда Орто Азия чөлкөмү боюнча биринчи ирет Өзгөндө «Биздин жердин күрүчү» эл аралык фестивалы өттү. Бул иш-чарада күрүчтөн жасалган жүз түркүн тамак-аштардан даам татуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен катар өзгөн күрүчүнүн уникалдуулугун даңазалоо, эл аралык деңгээлге чыгаруу жана чет өлкөлөргө экспорттоо максаты коюлган. Фестивалдын башкы демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева болду.

– Ыргал Кармышаковна, өзгөн күрүчүнүн баркын көтөргөн фестивалды өткөрүү идеясы кандайча пайда болду жана ойдогудай өттү деп эсептейсизби?
– Ооба, иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, өз максатына жетти. Фестивалдын жыйынтыгында резолюция кабыл алдык. Ага ылайык, өзгөн күрүчүн экологиялык жактан эң таза азык катары дүйнөгө жайылтуу, Кыргызстанда күрүч өстүрүүдө тамчылатып сугарууга өтүү боюнча иш пландар жазылган.
Иш-чараны өткөрүү идеясы 2012-жылы өзгөндүк бир активист кыз менен таанышып калганда пайда болду. Ал өзгөн күрүчүн чет өлкөлүк сынактарга алып чыгып, сапаты, сыйымдуулугу, калориясы боюнча алтын медалдарды утуп жүргөндүгүн айтып берген. Ошондон кийин мен да кызыга баштадым. Жумушума байланыштуу чет өлкөлөргө сапарга чыкканда ар башка шалы өстүрүү ыкмаларын карап чыктым. Биз шалыны бассейн сыяктуу кылып байма-бай сугарып турабыз, ал эми чет өлкөдө кадимки буудай өстүргөндөй тамчылатып сугаруу жолу менен өстүрүшөт экен.
Албетте, фестивалды өткөрүү оңойго турган жок. Сунушумду өкмөткө киргиздим, бирок акча бөлүнбөдү. Мен аны сураган да жокмун, каражат табууда жогоруда айткан өзгөндүк активист Туйгун Пазылова бир коомдук бирикме менен аракет кылып жатышты. Өзүм да демөөрчү тартканга аракет кылдым. Шалы өстүргөн мамлекеттерди иш-чарага катышууга чакырдым. Япония, Кытай, Корея, Филиппин, Иран шалыны көп өстүрүшөт жана дүйнө жүзүнө экспорттошот. Ал эми өзгөн күрүчүн бир гана өлкө ичинде пайдаланабыз жана чет жакка чыккан мигранттар, студенттер алып кетишет.
Ошентип отуруп Өзгөн шаарынын борборунда Өзгөн мунарасынын астында фестиваль уюштурдук. Эң башкысы, өзгөндүн күрүчүнүн сапаты, дүйнө элинин күрүчүнүн сапаты боюнча илимий конференция өткөрдүк. Мисалы, мен ойлоптурмун, биз өзгөн күрүчүн иштеп чыгарууда жаңы бир ыкмаларга өтүшүбүз керек деп, тескерисинче, илимдин академиктери «силердин күрүчүңөрдүн баалуулугун актоо жолу – илгерки ыкма менен жасалышында» деп айтышты.

– Чет өлкөдөн келген коноктордон импорттоо боюнча сунуштар түшкөн жокпу?
– Өзгөндүн райондук ооруканасы күрүчтөн 94 түрлүү тамак жасап, боз үй тигишиптир. Алардын столунда күрүчтөн жасалган манты, нан, бозону көрүп Япония элчилигинен келген өкүл «биз күрүчтөн Япониянын белгилүү болуп калган алкоголдук ичимдиги «сакени» чыгарганбыз, силердин өзгөндүктөр да күрүчтөн алкоголдук ичимдик жасашыптыр» деп бозону ичип мактап жатышты. Бирок күрүчтөн бозону биз эбактан бери эле жасап келе жатабыз. Шалы өстүрүү аянтын дагы кеңейтип, түшүмдүүлүгүн көбөйтсөк, анда Япониянын белгилүү сушиси сыяктуу жаңы бир тамак түрүн ойлоп тапсак болот. Өзгөн күрүчүн бир гана Өзгөндүн бренди эмес, бүт Кыргызстандын бренди кылышыбыз керек.

– Өзгөндүн кызы болосуз, ашты шилекей куюлтуп жасасаңыз керек. Рецептиңиз менен бөлүшүп кетпейсизби...
– Ар бир аялзатынын аш жасоодо өзүнө гана таандык, башкалар кайталап жасай албаган рецепти болот. Ал көбүнчө апасынан кызына өтчү сыр.
Эң башкысы, ашка кошулуп жаткан күрүчтүн салмагынан адашпаш керек. Пиязын туурагандан тартып бүт көңүл-дитти ашты даярдоого буруу зарыл. Кызыл эмес, сары сабиз кошом, ал ашты өтө таттуу кылып жибербейт. От өзгөчөлүгү маанилүү, ашты мешке бышыруу керек. Мен болгар калемпири кошулган палоону көп жасайм, балдарым да жакшы көрөт. Өзгөн күрүчүнөн жасалган палоону ашказанга оор келет дешет. Жеңил болсун үчүн ашты койдун этинен эмес, уйдун этинен, койдун куйрук майына куурубай, өсүмдүк майына кууруса болот.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg


Ыргал Кадыралиева Өзгөн күрүчүнөн палоо жасады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
01.11.2014. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шилекей агат да. Сонун экен. Эркектин ордуна жаралып калгандай. Тарс-турс кыймылдаганы жакты. Super.Kg ушундай интервьюларды алып тургулачы.
SUPER.KG видео
01.11.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанар Акаевди сотко берем дегенинен жаман коруп калдым эле,Жанар Акаев сонун журналист го,Ыргал айым жакшыле корунос,ичинизде эмнелер болуп жатканын билбейбизда
SUPER.KG видео
01.11.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бесит ушул депутат. Бироонун бизнесин талашкан бир тууганын колдогондон кийин элге эмне жакшылык кылып кыйратмак эле.
SUPER.KG видео
01.11.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бироодун идеясын эле суйлоп атат.
SUPER.KG видео
01.11.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыргал эже этти бычагынызды курчутуп алып анан туурап баштасаныз болмок экен .
SUPER.KG видео
01.11.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тарса-турса кыймылдайтко.
SUPER.KG видео
02.11.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кандай адам экенин талкуулоонун кажети жок. Мага тарс тарс суйлогону жагат. Ойлойм, суйлогондой эле жумушун да тарс тарс аткарат деп. Ал эми агасына келсек, эмне дейбиз? Ким эле болбосун болушат, эгерде далил болбосо. Бирок Жанарды сотко берем дегени туура эмес. Себеби биринчиден, бул агасынын чыры. Экинчиден Жанар болгону журналист, ал оз жумушун аткарып жатат. Кыйын болсо, Жанардын башчыларын сотко бербейби, причем тут Жанар?!
SUPER.KG видео
02.11.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мага бул айымдын жакпаган жери, саясатты тандап, куйоосу таштап кеткени. Мотурайган эки баласын ата мээриминен болгону. Бирге жашаса балдары атасынын бешенесинде болушмак. Бизде короалбастык кучогон. Туура эле айтты, идея бироонуку деп. Мумкунчулук болуп жатканда неге ушундай фестивалдарды откорбошко. Азаматтар. Эми бул айым тили кандай буудай кууруса, ошого жараша элибизге жерибизге куйсо...
SUPER.KG видео
02.11.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ашка даярдык коруп баштагандан, аш бышкыча канча жолу турлонду, кийим алмаштырып, тооба. Ашы корунуп эле турат, аябай сонун демделиптир. Мен да болгар м.н калемпир кошуп демделген ашты суйуп жейм. Ашына 5. Бирок койдун этинен жасаганда +5 болмок.
SUPER.KG видео
02.11.2014. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйү жакты мага. Тили да баээдей экен. Балдарынын өмүрүн берсин!
SUPER.KG видео
02.11.2014. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким билет созуно жараша иштеп айыл чарбага салымыны кошкон депутат болушун каалар елем баарыдын да Биссмилла деп жасаганы жакшы екен!
SUPER.KG видео
02.11.2014. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Yrgal ayim menin kumirim da ! Men ayabai jaktiram!
SUPER.KG видео
03.11.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эже да. Суйлогонун жанынан уксан коп Суйлогонун дагы бир жолу ынанасын)))
SUPER.KG видео
03.11.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozgondyn kyrychyn taanytkany jakshy eken. Baary oidogudai bolso dyikandarga da jakshy ele paida alyp kelmek iygilik kaalaim ozgonymyn kyrychynon ash jegim kelip ketti menin da
SUPER.KG видео
03.11.2014. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozun jakwimin degen piar go, otkondogu agasi kilgan kilmiw owo mn ochtu go.
SUPER.KG видео
03.11.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechekei2011, sobr_89kG,
Далили жок билдирүү жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
SUPER.KG видео
03.11.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечке кутуп кордум,депутат айымды ушунча убара кылыпсынар дагы бышкан ашты же дасторконго коюп тартпапсынар. Жеп корсотуп койсонор кошо жегендей болуп калат элек да. Курсак ачып, шилекей акты...
03.11.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштаган ишинизге ийгилик.бирок Ушул айым негедир суйлогондо кыйынсынып суйлогондой сезиле берет.
03.11.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mery.89,

Бул айым илгертен бери, тээ 1-классынан бери кыйынсынып, зынкыйып жургон кыз. Аны классташтарынан сурасанар, айтып беришет.
06.11.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Wave., мунун ким экенин сурап башыбызга таш тийиптирби, ким экени, тушунугу, денгээлин ЖКтеги омбул-домбул создорунон байкаса болот, уй-булосу ким экени да маалым, кантип бийликке келгени да маалым, эгер менде ушундай тууган болсо арданып кочого чыкпай калсам керек эле... Азыр эми заман ууру-каракчылардын заманы, оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман... Мурун эле жакчу эмес, кечооку агасынын "жоруктарын" уккандан кийин биротоло тунулуп калдым, жылан коргондой ичиркенип...
04.11.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коп соз бирдеке соз баштагыча уктап калмай болдум чынында бар экен бой которгону
05.11.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жеринди кысан бай болосун»деген эже го.Жакшы самореклама болуптур.
05.11.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
benjamin.31 ооба ошо эже))) ошо созунон кийин жакпай калган бул эл адамы болуп туруп журналист баланы ошентип соккон
SUPER.KG видео
05.11.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Ыргал! Гимназияда окуп жургондо эле ушундай болчу,баарын бетке айткан,тарс турс жургон кыз эле,биз сыймыканабыз! Тангатаров рулит.

06.11.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жактарын корсотууго аракет кылып жатат го.Куручту жарыясыз Дале баарыбыз билебиз,куруч кечээ пайда болбоду го...
06.11.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Братишкасы бренд болуп жатты беле откондо эле:D
SUPER.KG видео
14.11.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat. Chyndygynda, baary biz oilogondoi emestir. Bolgonu, Jurnalistterge azyraak asylsa jakshy bolmok. Aitayn degenim Janar Akaev student kezde chyndykty aityp, mugalimderdi chychalatchuu.Janardy jakshy bilem. Al bir gana chyndyk uchun jaralgan jan desem janylbaimyn. Ejebiz erkek munooz bolso dagy,"Аял" degen naamga tatyktuu bolso bolgonu.
SUPER.KG видео
09.01.2015. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.кыскан бай болот-деген ушул депутат беле?Неге антет журналистерге?Чындыкты чыркыраткан журналист го Жанар Акаев!Жанардын жумушу да,чынбы???
16.01.2015. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанчакко
16.01.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошентседа молодец куручту мактап тааныткан чет мамлекеттерге
04.02.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузук;-)
Медиа-портал
24.03.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээхх аш жегин келетго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо