Алихан: «КЫЗЫМ ЖАШООМДУ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРТТҮ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Бир жылдары сахнада секире бийлеп ырдаган Алихан деген ырчы бар эле. Ал үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыктан оолактап, продюсери Канат Култаевден кетип, жеке ишкерлик менен алектенип калган болчу. Ырчы 30-октябрь күнү кызы Ханзаадага жентек той берип, жубайы Алтынай менен көпчүлүктү тааныштырды.


Кыргыз эмеспизби, адатта, той эмес, концерттер да 1-2 саат кеч башталат. Анын сыңары Ханзааданын жентек тою ортолоп калганга чейин келген коноктордун аягы үзүлбөдү. Тамада Алтынбек Исмаилов той ээси Алиханды кызы, жубайы жана апасы акын Бактыгүл Сейитбекова менен кошо чакырып элден бата алып, тойду ачып берди.

Той каадасын кылып ак элечек кийген акын Гүлжамиля Шакирова аластап бата тиледи. Ошондой эле кичинекей Ханзааданы сары май менен оозантып, атасы, апасына да ооз тийгизди.

Шамдагай ырчы Асел Турдалиева отургандарды улам бийге тартып келгендердин шайын оодарды. Келин бала Алтынайды ортого чыгарып, бир-эки шиңгил ырдатканга да жетишти.

Куттуктоо айтуу кезеги башталып, куда-кудагыйлар бири-бирине жылуу сөздөрүн айтышты. Алиханга ата ордуна ата болуп келген агасы Кадыр мырза атайын Орусиядан келип, келини Алтынайга алтын сөйкө салды.

Алихандын апасы Бактыгүл Сейитбекованын конокторунун катарында акын, жазуучу Бактыгүл Чотурова, ырчылар Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов, актёр Темирлан Сманбеков, куудул Абдылда Иманкулов жана башкалар жүрүштү.

Айбек Карымов Бактыгүл Чотуровага «подходду» жакшы түзүп жатканына караганда жаңы ыр жаздырат окшойт.

Тамада тостко «оптом» чыккан конокторду какшыктап, «таластыктардын 16сы тост айтканга чыкса, бирөө ырдайт, 15и сүйлөйт. Ал эми токтогулдуктардын үчөө чыкса, бирөө сүйлөйт, экөө ырдайт» деп отургандарды жылмайтты. Абдылда агабыз кошумча кылып «токтогулдуктар бийлегенди деле билет» деди окшойт, бийи менен элдин көңүлүн бурду.

Тойдо конокторду тосуп эки-жакка чуркап жүргөн бүгүнкү күндүн каармандарын кепке тартып суроолорго жооп алганга жетиштик.

– Алихан, Алтынай, жентек тоюңар кут болсун! Той деп жүрүп аябай эле чарчаган окшойсуңар?
Алихан: – Рахмат. Ооба, элге той берүү өзүнчө түйшүк эмеспи. Кызыма той берип алсам деп көптөн бери көксөп жүргөм. Бир айдан бери тойго даярдык көрүп чуркап жүрдүк. Кудай насип кылып, ушул күнгө буюруптур, апамдын, жакындарымдын жардамы менен ушул бактылуу күндө чакан тойдун күбөсү болуп отурабыз. Мурун той бергенде түйшүгү анча сезилген эмес эле. Мунусунда өзүм уюштуруп, конокторду тосуп, мал сойдурганга, устукан тартканга чуркап, айтор, кыйынчылыгын жон терим менен сезип жатам.

– Алтынай, сен да Алиханга кол кабыш кылып жатсаң керек?
Алтынай: – Албетте, утушка коюлган белектерди тандашып, көбүнчө апама (ред. кайненеси) жардам берип жаттым.

– Ата-апа болуу сезими кандай экен?
Алтынай: – Аябай жагымдуу сезим экен. Сөз менен айтып бере албайм. Бул сезимди эне болгондор эле түшүнсө керек. Кызыбыз жаңы төрөлгөндө улам-улам ишене албай карай берчүмүн. Кош бойлуу кезимде УЗИден наристебизди кыз деп айтканда Алихан анча сүйүнгөн эмес, анткени уул күтүп жаткан. Мен ага «кыз болсо жаманбы?» деп таарынып калган элем. Азыр кайдан, кызынын жанынан карыш жылбайт, аябай баласаак.
Алихан: – Кыз киши мээримдүү, күйүмдүү болот деп көп айтышат. Ошол чын болсо керек. Кызым менин жашоомду толугу менен өзгөрттү. Азыр бойдок кездегидей кечке көчөдө жүрө бербейм, үйгө эрте барганга шашам.

– Экөөңөр бири-бириңерге окшошкон жарашыктуу түгөй болупсуңар, тагдыр жолу экөөңөрдү кантип бириктирип калды?
Алихан: – Алтынайды кичинесинен тааныйм. Азамат деген агасы менен күрөшкө чогуу барып машыкчубуз. Алтынайдын атасы белгилүү машыктыруучу. Үйүнө барганда эшиктин алдында ойноп жүргөн кичинекей кыз эле, жубайым болуп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Кийинчерээк байкасам, сулуу кыз болуп чоңоюп калыптыр. Башында ага-карындаш катары эле сүйлөшүп жүрүп, кийин ал сезимдер сүйүүгө айланып кетти.

– Алтынайдан мурун Айпери аттуу кызга үйлөнүп, бирок эки айрым жолго түшкөнүңдү билебиз...
Алихан: – Ооба, тагдыр экен, ал жубайым менен жылдызыбыз келишпей калды. Күнөө менден да кетти. «Жаштык – мастык» дегендей, өткөн өттү, кеткен кетти. Негизгиси, мен азыр бактылуумун. Мурунку жубайым абдан жакшы адам, ал тууралуу жаман сөз айта албайм, ата-энеси да алтын адамдар, анын өз бактысын таап кетишин каалайм.

– Алтынай, Алихан сени менен сүйлөшүп жүрүп башкага үйлөнүп алганы катуу тийсе керек?
Алтынай: – Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө үйлөнөлү дегенбиз, бирок менин ата-энем каршы чыгып койгон. Андан кийин Алихан үйлөнүп алды. Ооба, башында аябай жаман болуп, унута албай кыйналгам. Бирок турмушта бирде көккө учсаң, бирде жерге түшөсүң деген чын экен. Мен Алихандын ордуна өзүмдү коюп түшүнгөнгө аракет кылдым. Мурун кыз-жигит болбосок, азыр үйлөнөт белек билбейм.
Кайра табышканыбызга ыраазымын.

– Алихан сени кайсы сапаттары менен багындырып алды?
Алтынай: – Жөнөкөйлүк сапатын баалайм. Камкор ата, кызы көбүрөөк ыйлап калса эле тызылдап дарыканага чуркап калат. Дүкөнгө азык-түлүк алганы барса деле кызына бир нерсе ала келет.

– Эми чыгармачылыкка келсек. Алихан, көптөн бери тыныгууда жүрүп, кайра жаңы дем менен ырдап чыгайын деген окшойсуң?
Алихан: – Ооба, акыркы эки жылда такыр эле иштебей койдум. Себеби үй-бүлөлүк шартка, продюсеримден кеткениме байланыштуу болду. Ырчылыктан сырткары үй-бүлөмдүн чакан бизнестери бар, көбүнчө ошол жумуштар менен алаксып жүрдүм. Эми гана чыгармачылыгыма да көңүл бөлөйүн деп ыр жаздырып, клип тарттыра баштадым. Бул жылдын эсебинен 2 клип тарттырдым.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Алихан үйлөнгөндө унутайын дегем" дейт азыркы жубайы Алтынай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(89)
10.11.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйгон кызына акыры уйлонуптурда, биринчи жубайына конулу жок уйлондубу эле?
10.11.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда биринчисине конулу жок,,башка суйгону бар деп уктум эле.Алихан+Алтынай бактылуу болгула.Кармашкан колунар узулбосун.
10.11.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolgula.
SUPER.KG видео
10.11.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmyrza_89,
Саламатсызбы! "Жентек" деп туура эле жазылган :).
10.11.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшошкон сооонун пара экен! Бактылуу болгула. Аялы аябай жонокой жагымдуу кыз экен.
SUPER.KG видео
10.11.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, begimai89, Nur45,
Саламатсыздарбы! Катачылыктар дагы да кайтланып жатабы? Бизге купуя кат менен кененирээк жооп берип койсоңуздар, рахмат!
10.11.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алихан мыкты жигит,бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
10.11.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайы сулуу экен,шаардык кыз окшойт ачык экен!

10.11.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы сулуул экен
10.11.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жубайы абдан жаапжаш корунот го(мектеп окуучусу эмепи?)эне суту оозунан кетелек деп койчу беле?))))))))
10.11.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы аябай жаш корунот экен мектеп окуучусундай.
10.11.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы жонокой сулуу суйкумдуу экен бактылуу болгула!
10.11.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 jashunda yilonso 96 julku bolyp atpaiby aiabai jash kuz. Ekoo aiabai par eken baktulyy bolgyla.
10.11.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайынененин камырынан дегендей келини кайыненесине абдан окшош экен.
Жаш болсо андан жакшы, эрте төрөп көп балалуу боло алат жана ал күч барда балдарын чоңойтуп алышат.
10.11.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. чын ден соолук, узак омур каалайм. Коп балауу, коп байлыктуу болгула.
Ушул тойдо Роза Аманованын шым кийип алганы жакпады.
25.11.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sherik Эмне кийсен болбойт бекен? Бардык айымдардай эле каалаганын киет да, же сенден сурап кийсинби?
SUPER.KG видео
10.11.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииии... татынакайго, келинчеги менен кызы Бактылуу болгула!
10.11.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгиз козулардай болуп бойтондошот го.келинчеги кореянын кыздарындай жылдыздуу кыз экен.бактылуу болушсун.
10.11.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо бири-бирине аябай эле окшош экен.Жубайлар окшош болушса бактылуу болушат дешчу эле.Бактылуу болгула
10.11.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула ылайым. Ханзаада ширинтай кыз экен. Кызынардын омуру узун, келечеги кен болсун! Дагы кооп балалуу болгула.
Алтынай ырчы Неляга окшош экен татынакай болуп.
11.11.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,кызынар кыргызымдын мыкты чыгаан кыздарынан болсун,бактылуу балалык каалайм анан да кызык 17жашында турмушка чыкса экоо кайсы учурда суйлошуп жургон анан биринчи аялы менен аз эле жашаган окшойт эмнеси болсо чексиз бакыт,жаны чыгармаларды кутобуз
11.11.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында чыныгы суйууго эч нерсе жетпеси далилденди окшойт да.Апасы тандаган кызга уйлонсо да суйуу бул-Суйуу.Чынбы туугандар?
SUPER.KG видео
11.11.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булоолук бакыт чыгармачылык ийгилик
11.11.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдызынар келишет экен бактылуу болгула,кызынардын кызматын коргуло.Силерге эки дуйнолук бакыт каалайм.
12.11.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы ХХХ ХХХ экен эркек куруп калгансып ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 13.11.2014 11:07
13.11.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
narmatov2009, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
13.11.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алихан менен аялы бири-бирине окшошуп кетишет экен))) Уй-булолук бакыт каалайм!
13.11.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келинчеги айабай жашко кайсы жылкы экен?
13.11.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагыда кобойушкуло бакыт калайм
SUPER.KG видео
17.11.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи аялы ХХХ. Москвада иштегенине карап уйлонгонун билгем да. жашоодо акча адамды бактылуу кылбасын тушунгон го
Модератор admin_media түзөттү 17.11.2014 11:07
22.11.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, келинчеги аябай сулуу экен. Алиханга чыгармачылык ийгилик сени сагындык.
SUPER.KG видео
28.11.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алихан керсейген бала экен да аялынын шоруго
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо