Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу: «ЖАЛГЫЗДЫКТАН КОРККОНГОБУ, ЖУМУШ МЕНЕН ӨЗҮМДҮ КУРЧАП АЛГАМ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Бул жигиттин телеканалдагы карьерасы 2008-жылы башталган. Ал ортодо ал маданий иш-чара, той, кечелер, масштабдуу концерттерди алып барып, элге аты кеңири таанылды. «2-3 жылдан кийин кыздарды тандап каламбы деп корком» деген Эркин мырзанын сахна артындагы жашоосу көпчүлүктү кызыктырса керек.

– Эркин, бизге бойдок жигиттин күнүмдүк режими кандай өтүп жатканы тууралуу айтып бербейсиңби?
– Акыркы үч айдан бери той, кече, иш-чараларга заказ көп болуп, тынбай калдым. Мисалы, күнүм 11-12лерде башталат. Тура калып өзүмдүн иштерим менен алектенем, социалдык тармактарда отурам. Эфирге даярданам. Кечки 4-5терде чакыруу менен кетем. Ал жактан үйгө келгенче эки болот. Экиден кийин уйку жок. Сыналгыны коюп, дүйнөлүк жаңылыктарды көрүп баштайм. Антпесе такыр эле деградация болуп кетем да. Ошентип түнкү 3-4төргө чейин жаңылыктарды көрүп, анан жатам. Кайра эле 12лерде турам. Ушинтип күндөрүм кайталанып өтүп жатат.

– Ушундай тыгыз режимде жүрө берип чарчап калбайсыңбы?
– Чарчоо бар. Бирок бир жагынан көнүп деле калдым. Мен үчүн шаршемби дем алыш. Анткени ал күнү эфирге чыгам. Ишенесизби, эфирден кадимкидей моокумум канып, эс ала түшөм.

– Жеке жашоого убакытты кантип табасың?
– Досторум деле менин иш графигимди түшүнүшөт. Жайында үч туулган күн болду, үчөөндө тең менин графигиме карап жылдырып белгилешти. Аларга ыраазымын. А жеке жашоодо болсо, кандай десем... Статус жок, бирок жактырган кыздар бар. Убакыттын аздыгынан, жумуштун көптүгүнөн ушундай болуп жүрөт. Бир чети ушундай жашоого көнүп деле калдым окшойт. Кээде бош болуп калсам «иштебейсиң, жалкоосуң» деп өзүмдү жей бермейим бар. Мааниси жок, пайдасыз нерсе болсо да жасашым керек, кыймылдашым керек. Же жалгыз калуудагы коркунучпу, өзүмдү толугу менен жумуштар менен курчап алып, жеке жашоого убакыт аз калып калат.

– Билишибизче, сенин досторуңдун арасында кыздар көп. Эркек менен кыз дос болбойт дегенге ишенбейсиңби?
– Ал туура эмес түшүнүк болуш керек. Себеби эркектер түшүнбөгөн майда-чүйдө көп нерселер бар. Аялзаты бизге караганда сезимтал келет. Биз ойлобогон майда нерселер кийин чоң маселе жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, мисалы, Нурзат (ред. Токтосунова)
мага башкача көз караш, ракурстан карап кеңештерин айтат. Ага кошумча эркек достордун пикирлерин угуп, анан жыйынтык чыгарам. Ошондо көп учурда туура чечим болот.

– Эгер сүйүү менен достукту тандаш керек болгондо кайсынысын тандайт элең?
– Менде бир учур болгон. Университетте окуп жүргөндө досум экөөбүз тең бир кызды жактырып калдык. Анан экөөбүз кеңешип, сеники-меники деп бөлүшүп жүргөнчө ал кыз үчүнчү бирөөнү тандап кеткен. Ошондо аябай кызык болгонбуз.

– Анда кийинки жолу кыздардын көңүлүн алганга жакшы эле сабак болуптур да?
– Жүрөктү эч качан укпай, акылга баш ийиш керек экенин билдим. Жүрөк сокур болот деп коюшат, анан да туруктуу эмес. Акыл аркылуу сүйүү бул жакшы. Балдарыма жакшы апа болчудай, перспективасы жакшы экен деп анан сүйүү пайда болот деген ойго келдим. Жакында эле Олеся деген кесиптешим «биз сүйө турган куракта эмеспиз» деген жакшы кепти айтты. Убакыт өткөн сайын сокур сүйүүдөн алыстап, ой калчап сүйө турган абалга келип калат экенсиң.

– Кандайдыр бир деңгээлде сенин айтканыңдын чындыгы бардыр. Жашы өткөндөн кийин өтө күчтүү сүйүү келет деп да айтышат го. Ага кандай карайсың?
– Эми ал 50 жашка жеткендеги кезде да. Аны да көрө жатарбыз. Бирок сүйүүдө, жеке жашоодо, турмушта стандарт жок. Сизге сүйүү, балким, төрт бурчтук болуп көрүнүшү мүмкүн. Мага үч бурчтук болушу мүмкүн дегендей. Ар кимдин өзүнүн кабыл алуусунан болсо керек. Эгерде сүйүүнүн формуласы, стандарты болсо, анда баарыбыз бактылуу болмокпуз да.

– Ушул кезге чейин эсте калган махабатың болсо керек?
– Окуучу кезде мен ботаник болуп, башым китептен чыкчу эмес. Студент болгондо жашоо деген ушундай турбайбы деп кызык жашоо башталган. Түн ичинде туруп алып ыйлаган күндөр болгон. Бир жолкусунда бир кызды жактырып, ал башка бирөө менен жүрүп кеткен. Ага ыр жаздым, көп ойлорго баттым. Эч нерсеге көңүлүм тартпай, кан басымым көтөрүлүп кыйналган учурлар болду.

– Кыздар азыр жигитке өздөрү сөз айтып калышпадыбы. Мындайга сенин көз карашың кандай?
– Андай нерсеге көз карашым түз. Бул да жакшы нерсе. Айрымдар оюндагы нерсени айта албайт. Мен үчүн эмес, уялчаак балдар үчүн айтайын, бир жакшыга бир жаман, бир жоошко бир тың дегендей. Жоош бала болуп, каалаганын айта албай жүрө берсе ага тың кыз керек да. Анан кыздын сөз айтып, сезимин билдиргени балага жакшы эле болуп жатпайбы.

– Менин келечектеги жубайым мындай болсо экен деген стандарттарың барбы?
– Ооба, өзгөчө азыр тойлорду алып барганда менин аялым да ушундай болот бекен? Кийинген табити, бою кандай болот экен деп ойлой берем. Бирок ошол туура эмес экен. Мисалы, бирөөнүн көк көзүнө кызыгып, менин келинчегимди көзү көк болуш керек деп кыялданып алып издеп жүрө бересиң. Же ал табылсачы. 30 жаштан ашкан соң эркектер буту кыйшык, бою кыска экен деп тандап калат эмеспизби. Мен ошентип тандап калгандан корком. 30га барып тандап калсам таза эле ит болдум го.

«Супер футбол - 2013» иш-чарасында Нурзат экөөбүз эки чылбыр бир тизгинди колго алганбыз».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Сүйүүсүн билдирген кыздар болгон" дейт Эркин Рыскулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
10.11.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жөнөкөй, жылдыздуу, адамдын көңүлүн оорутпаган инсандар бар экенине көңүлүм жылыйт.
10.11.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баштагы суротто ХХХ кимге?
Модератор admin_superstan түзөттү 10.11.2014 17:00
10.11.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo, сүрөттү жакшылап көрүүнү сунуштайм. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз!
10.11.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo waaax xa xa ezesin go chun ele.
11.11.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу баланын жонокойлугу жагат.Качан караба изденип жургонун коросун.Биринчи чыкканда алып баруусу эч жакчу эмес,бирок азыр тажрыйба топтоп такшалып калыптыр.Ийгилик!
SUPER.KG видео
11.11.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин доске, жетишкен ийгиликтеринди коруп аябай суйунуп отурабыз. Америкага келатканымда белек кылып берген койногун дагы деле турат:) Буюрса барганда аманатынды колуна тапшырам. Иштерине ийгилик!
SUPER.KG видео
11.11.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гейлердин парадынан кордум эле ушу баланы
SUPER.KG видео
12.11.2014. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур акылдуу жигит экени корунуп турат.
SUPER.KG видео
12.11.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо бизге ийгилик каалаптыр....шашып суйлойт мага жагат
SUPER.KG видео
12.11.2014. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын Малахову бар болунуз
12.11.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли сыймыктанган мыкты Жигит!!!
SUPER.KG видео
12.11.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айзатка-молодец! растешь и цветешь на глазах, репортаж- очень увлекательным получился, не просто вопросы и ответы, а живое общение.
12.11.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунчеле Андрей Малахов)))))))))))))))))))))))))))))))))
SUPER.KG видео
12.11.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдык сапатын,талантын баалайм ушул жигиттин . Бактылуу бол демекчимин.
12.11.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жандуу маек болуптур рахмат
SUPER.KG видео
12.11.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atambai,
Эскертүү! Курамы окшош сайтка шилтеме калтырууга жана жарнама кылууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
12.11.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
burger,
Жеке айтышууларга тыюу салынат! Эскертүү!
SUPER.KG видео
12.11.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек бериптир! Ийгилик
12.11.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир концертте уйду туураган эле ошондон кийин таанып калгам! Ийгилик.
SUPER.KG видео
12.11.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзаттын сыргасы сепочкасы шакеги абдан кооз экен,жана жакшы маек курушуптур азаматтар
SUPER.KG видео
12.11.2014. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Эркин кыргызда ушундай ак конул жайдары берешен жигиттер коп болсун. Ишинде ийгилик коштоп бактылуу бол кесиптеш.
13.11.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы убакта 25 тен откон бойдок кыздардын, балдардын копчулугу эле жалгыз калгандан коркуп, оздорун бут жумушка арнап журушот. Батыштын бул таптагы вирусу бизге да жуга баштаган сыяктуу...
SUPER.KG видео
13.11.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жогоруда калтырылган коментарийлерге кошулам,Айзатты мен байкадым аябай такшалып баратат азамат,дагы да ийгилик!ал эми Эркин мыкты жигит экенин байкадым,апамдын апамдын деп турганы жакшы экен.ийгилик!чын эле баарыбызга бакыт жаасын.
SUPER.KG видео
13.11.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур
SUPER.KG видео
14.11.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай соонун ачык адам...Аллахым сизден ыраазы болсун,ар дайым ден соолукта болунуз!!!
SUPER.KG видео
14.11.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быды-быды-быды? (((Создоруно тушунбойм)))
15.11.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуртур!!! Аябай жонокой, токтоо жана ыймандуу жигит экендиги билинип турат.ИЙГИЛИК!
16.11.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын.... жакшы кыз таап бактылуу омур сургуло....
21.01.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuzya-ss, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо