АГА-КАРЫНДАШ ТААНЫШЫН ЭТ ТУУРАГЫЧ МЕНЕН САБАП ӨЛТҮРҮШКӨН

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Жакында эле Чүй облусунун Москва районунда катталган кандуу окуя көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Бир тууган ага-карындаштын катышуусундагы адам өлтүрүү фактысына ортодогу аласа-бересе себеп болгон.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Чоң Чүй каналынын Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы бөлүгүнөн саат 13:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз айымдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганы тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, маркумдун колу-буту айымдар көтөрүүчү сумканын боосу менен байланып, сууга ыргытылганына күбө болушат. Сумканын ичинен чөнтөк телефондун эки даана SIM-картасы жана эки даана таш табылган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында маркумдун өздүгү такталып, ал 1960-жылы туулган Калбү (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу айым экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай кылмышка шектүү катары бир тууган ага-карындаштар – 50 жаштагы Айгүл жана 58 жаштагы Муратбек аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркум сабалып өлтүрүлгөнү маалым болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусунда, кандуу окуя 18-октябрь күнү Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан өздөрүнүн үйүндө болгон.

«МЕН ӨЛТҮРДҮМ, АГАМ ЖАРДАМДАШТЫ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү АЙГҮЛ окуя кандайча болгондугу тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Мен Калбү менен мурдатан тааныш болчумун. Андан 140 миң рубль карызга алгам. Карызды ушул жылдын октябрь айында кайтарып беришим керек эле. Бирок кайтарып бере албай калдым. Ошол күнү Калбү карызын доолап келди. Ортодо чыр-чатак болуп, жыйынтыгында аны мен эт туурагыч менен чаап өлтүрүп алдым. Анан кылган кылмышымды жашыруу максатында агам экөөбүз маркумдун жансыз денесин арабага жүктөп барып сууга ыргытып жибердик. Агамдын аны өлтүрүүгө тиешеси жок, болгону мага жардамдашты.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА»
Жогорудагы окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 246-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана жасоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр Айгүл жана анын агасы Муратбек тергөө абагында. Алар кылган кылмышын моюндарына алышты. Мындан тышкары кылмышка шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда кочкул-жашыл түстөгү баңгизатына окшош жыттанган 35,5 килограмм белгисиз зат табылган. Ал зат азыр экспертизага жөнөтүлүп, эмне экендиги аныкталып жатат.
«Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары маркум тааныштарына жардам берем деп, тилекке каршы, алардан ыраазычылыктын ордуна минтип ажал таап отурат. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү акыйкат жаза күтүп жатат деген ишенимдебиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(20)
10.11.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акча акча акча. колунан келбесе эмнеге карыз алат. соо эмес экенда башынан эле.
10.11.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э тооба кылдым азыркы заманда адамдар менен мамиле кылыштан да коркосун.
10.11.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коокуй Белаводс дейби Кудай сакта биз жашаган жерде болгон турбайбы журоктун ушун алган.
10.11.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikuw ayal ajaat a4yp, jardam berem dep ,ajalyn tapkan ekenda.kudai ozyn saktai kor.tigilerdi tiewelyy jazasyn alat dep oiloim.
10.11.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
140мин учун бир адамдын омуру.. Эмне деген шумдук
13.11.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umnitsa, azyr 500 som u4un olot.
10.11.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр ушундай акча керек болуп сураарда жакшысын анан сурасан жамансын. кайра сага ажылдашат
10.11.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллазым озун ыйман ынсап бер арбир пендене байкуш эже карызды беришине берип алган рахмаатын оордуна олум коруптурда жаткан жериниз жайлуу болсун
10.11.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо! эмнелер эле болуп калган бул адамдар! Кылган жакшылыгына ушундай жооп алыптыр да бечара. Калбуу жаткан жерин жайлуу болсун
10.11.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жакшылыкка жамандык" деп ушуну айтат да,тообо карызды алгандан кийин кайтаргысы келбеген го... Байкемде куноосу жок дейт,ещё как куноосу бар. Маркумду жашырганга жардам берген. Мындайларды жазалаш керек,башкаларга себеп болсун...
10.11.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, гезиттин ар санында журоктун ушун алган кылмыштарды окуп замандан, жакшы-жаркын жашоодон тунулуп кетчу болдум... Деги ошончо кылмышкерлер кантип турмого батып жатышат? Кыргызстанда озу болгону саналуу эл болсок, анын жарымы чет жерлерде, жарымы абакта... Мынча неге мыкаачылар кобойдуу?! Акчанын айынан адамдардын олумдору кыйылып, зордук-зомбулуктар куч алып... Акыр-замандын жакындаганы го....(((
11.11.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы аксакал,карындашы балпайган байбиче боло турган куракта кылган кылмышы журоктун ушун алды го(((.
11.11.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы соучастник болуп калды кылмыш ишин жаап жашырган жана жардам берген деген айыптоо менен камалат. Укук коргоо органдары адилет чечим чыгарса.карыз барганда кулуп барып ыйлап келет деген ушул да.
11.11.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iii toboo
12.11.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman boluptur.
12.11.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур. Кандай болгон кундо да,жазаларын алышсын.
13.11.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча адамды эмнелерге гана алып келбейт
13.11.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мындай жаман иштерден!
13.11.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akcha koldun kiri bugun bar erten jok.Jaratkan Allahym baarybyzga yiman ynsaap bersin!!!
14.11.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А жап болуптур бирин олуп бирин калгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо