Асема Токтобекова: «АТАМДАЙ БОЛГОН АДАМ СҮЙҮҮСҮН АРНАП, ОЙГО КЕЛБЕГЕН КАДАМДАРГА БАРГАН»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

«Боз салкын» тасмасы убагында кандай дүң болгону эсиңиздеби? Айрым актёрлор бир киного тартылып, анан жок болуп кетет эмеспи. Ал эми аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан Асема талантын андан ары өркүндөтүп, кинолордун көркүн ачып келет. Ал гана эмес кинорежиссёрдун тамагынан да ооз тийип, «Көк жал» фильмин кино сүйүүчүлөргө тартуулады.

– Кандайсың, Асема? Жакында чыккан «Көк жал» тасмаңдын сценаристи, режиссёру да өзүң болдуң. Андагы ачык кадрларды өзүңө ылайыктап жаздың беле?
– Жакшы, рахмат. Мен тасмада ачык кадрлар жок деп ойлойм. Сценарий жазылып жатканда бөлмөдө мындай буюмдар турат, мындай кыймыл-аракет болуш керек деп майда-чүйдөсүнө чейин баяндалбайт. Окуяны тарта келгенде ойлорум, пландарым көп өзгөрдү. Негизи, башында сценарий Болот Тентимишовго ылайыкталып жазылган. Ал кишинин башка съёмкасы башталып калып, «бир жума күтө тургула» деди, биз кинону баштап алган элек, күтө алган жокпуз. Ордуна Азат деген башка актёрду тарттык.
Ал эми кыздын ролун мен эмес, башка ойномок. Фильмди тартууга киришип Стамбулга барганыбызда каражат жагын үнөмдөө үчүн өзүм ойнойм деп чечим кабыл алгам. Кино тартам деп кандай гана кыйынчылыктарга кезикпедим. Түркияда керек болсо отургучтарын, бак-дарагын тартууда да мамлекеттин уруксаты керек экен. Ошондой тоскоолдуктар көп болуп, Түркиядагы эпизоддорду деле Кыргызстандан тартууга туура келди.
Ачык эпизоддор орун алган деп жатпайсызбы, башкы каарман жигит негизи сөзү, көз карашы, баскан-турганы менен айымга болгон сезимин билгизиш керек эле. Бирок олбурлуу Азаттан (кинодогу ысымы Умар) мушкердин образы жакшы чыгарын байкадым. Ошондуктан берейин деген оюмду көрөрманга даана, так жеткирүү үчүн айымды так көтөрүп алган, сылап-сыйпаган жерлерди кошуп жибергенбиз. Анын үстүнө кол кармашуу, кучакташуу деген көрүнүштөр кинолордун баарынан эле кезигет, кадимки эле көрүнүш эмеспи.

– Мындай эпизоддорду кайын журтуң, жолдошуң кандай кабыл алды?
– Жолдошум кинонун продюсери катары баштан-аяк жанымда жүрдү. Биздин кыйналып жатканыбызды көрүп, бул жерин мындай кылып салалы деген идеяларын айтып жардам берип жатты. Кайын журтум ачылыш аземинде болушту, алардан мактоону гана уктум.
Баарынан да өзүмдүн атамдан коркуп кыжалат болдум, анткени ал катуу киши. Ачылышында Асема деп бирдеме айтайын деп келе жатканда эле ар кайсыны шылтоолоп, азыр деген боюнча качып кетип жаттым. Бирок ыйлап отурганын көрүп, кубанычтын ыйы го деп койдум. «Дагы көрсөтчү» дегенинен алып бардым, көрүп алып дагы ыйлады.

– Өзүңдү-өзүң тарбиялап, кылган ишиңе байкоо саласыңбы?
– Ооба, өзүмдү-өзүм тарбиялаганга устамын. Алгачкы тасмам «Боз салкынды» экрандан көргөндө уялып, ата-энемдин бетин карай албай жаман болгом. Кийин ушул сапаттан арылуу үчүн өзүмдү тарбияладым. Бирөө жарым «гезитте жүрөсүң, киноңду көрдүк» десе да толкунданбай калгам. Дегеле шоу-бизнес мени сырттан карап, өзүмө-өзүм баа бергенге, өзүмдү тарбиялаганга үйрөттү.
Бир жолу мен ырларын угуп чоңойгон эле эже буркуратып чылым чегип, сен ким элең дегендей керсейген мүнөзүн көрсөттү. «Мындай турчу» деп түртүп да кетти. Дагы бир жолу шоу чөйрөдөгү эле кызга бир кечеден жолугуп калсам, «сен дагы эле тирүүсүңбү?» деп жатпайбы. Ошондо унчукпай эле кала бергем. Мындай сөздү азыр уксам «ооба, сенин маанайыңды чөгөрүп дагы деле тирүүмүн» демекмин. Азыр баягы Асема жок. Өзүмө-өзүм тура алам, коргой алам.

– Дүйнөлүк киноиндустрияда актрисалар төшөк аркылуу башкы ролдорго бекитилет деген сөз көп айтылат. Кыргыз киносунда ушундай көрүнүш барбы?
– Кыргыз киносу Голливуд эмес. Төшөк аркылуу ролдорго бекиген кыздарды өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин айта албайм. Беш кол тең эмес, ар кандай адамдар болушу мүмкүн.
Өзүмдүн жашоомо кайрылсам, мен акмын, ошондой иштин аркасынан ролго жетип, атымды жасаган эмесмин. Бирок көбүнчө үй-бүлөсү бар, жашы улуу режиссёр агаларыбыз жаш актрисаларга көз артышат.

– Сен ошондой жагдайга туш болдуң беле?
– «Боз салкын» тасмасынан кийин атагым чыгып кетти. Андай болот деп күткөн эмесмин. Анан эле чыгармачыл адамдар менен көп аралаша баштадым. Аты элге таанымал, үй-бүлөлүү, атамдай болгон адам сүйүүсүн арнап, ойго келбеген кадамдарга барган. Анын аялы билип калып, сүрөттөрүмдү өрттөп чоң жаңжал салган күндөрү да болгон. Мен азыр ал адамдан алыс жүргөнгө аракет кылам. Бир чөйрөдө болгондон кийин жолугушуп калат экенбиз, ошондо көрмөксөнгө салсам деле болбой, «ай, эмне учурашпайсың?» деп чакырып алат.

– Бойдок кезде кыздарда тандоо көп болот эмеспи. Жолдошуң Акжолдун кайсы сапаты көңүлүңдү имерди эле?
– Ушул кезге чейин мен тааныбаган эле жигиттердин «Асема менен жүргөм» деп мактанганын угуп келем. Мындай кептерди угуп калып, тобо деп жакамды кармайм. Эркектер ашык болгон айымына жетпей калса ушундай адамды жийиркенте турган сөздөрдү чыгарышат экен.
Жолдошум Акжол экөөбүздүн ортобузда өтө чоң сүйүү болгон. Сүйүү болсо эч нерсени деле аңдабай калат экенсиң.

– Үйдө бийлик кимде? Акжол таарынбастыр, эмнегедир сенде го деп ойлоп жатам...
– Мүмкүн, менин энергиям ашып-ташып турат, ошон үчүн мен башкаргандай көрүнөттүрмүн. Бирок бийлик жолдошумда. Чыгармачылыгымдабы, башка иштердеби «мындай кыласың» деген сыяктуу үй-бүлөлүк мыйзамдарды жолдошум чыгарат. Мен баш ийип, айтканынан чыкпаганга аракет кылам.

– Ырчы, актриса катары көп иш-чараларга барасың, ошондо балдарды ким карайт? Мисалы, тамакты ким жасайт, үй-бүлөлүк жашоо аксап калбайбы?
– Үйдөн көп чыкпайм. Бир чыксам көп иштеримди бүтүрүп алам. Үйдө эжем бар, ошол киши каралашат. Негизи үй жумуштарына тың элемин. Тиякта-биякта көп жүрсөм эле айрымдар талаалап эле жүрөт деп ойлошот окшойт (күлүп).

– Сүйүүнү сугарып туруш керек дешет, сен сугарасыңбы?
– Жолдошум экөөбүз көп учурда чогуу болбой калабыз, ошол нерсе бизди өтө жакындатып коёт. Ал командировкага көп чыгат. Жолдошум Ошто болгондо мен ошол тарапка баратып аэропорттон жолугуп кетем. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай, сүйүүбүздүн күчүн жоготпогонго аракет кылабыз.

– Маегиңе рахмат.

«Келечекте кайненемдей мыкты аял болгум келет».

«Үй-бүлөлүк мыйзамдарды жолдошум чыгарат».

«Боз салкын» тасмасынан кийин атагым чыккан».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Асема: "Атамдай болгон адам сүйүүсүн арнаган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(70)
SUPER.KG видео
10.11.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай жакшы маек болуптур Αсема ийгилик.
10.11.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема, сизге чон рахмат!!!Ишинизге ийгилик, рахматты айткан себебим, Кок Жалды кордум аябай ичим жылып ыраазы болдум!Тантырап, орусча эмес же кыргызча эмес суйлоп киргиз болгон тасмалардын аягы жоктой, а сиздин тасма эн сонун, жеткиликтуу экен!
SUPER.KG видео
10.11.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштерине ийгилик Асема
10.11.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озумчо ойлоп койдум неге Асеманы "Курманжан Датка" киносуна тартканжок деп. Эзип гана коймок экен да.
10.11.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
атамдай деп мактанбай эле койсо болмок
12.11.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alibekova94, а эмнеге? атасындай эмеспи?
10.11.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
alibekova94 туурасын айтыптыр да атасындай киши болсо ошентип айтат да бул жерден мактанып айткан эмес го,ачык айтыптыр баарын ,жасалма маек бербестен.ийгилик Асема
10.11.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай куйоосу мынча ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 12.11.2014 10:33
12.11.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zamko, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок. 5 күн БАН!
10.11.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз женешка ишинизге ийгилик,уй-булонузго бакыт,
10.11.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уну сонун шынгырап..
10.11.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Kurmanjan Datkaga" chyn ele Asemany alyshsa bolmok eken.Kup ele jarashyp kalmak.
10.11.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
FSB, жок, Асема дагы жакшы актриса, бирок Элина ролун мыкты эле аткарган
10.11.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага жагат.Ону тусу анча болбосо да жылдыздуу айым.
10.11.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulperi.kg,эгер билбей журсон, сулуу айымдар сен айткандай ону да тусу да Асемага окшош болот. Жакшылап бйкап корсон... Жалан баш байге мисстерди Асемага окшош келген кыздар алат. Сулуу кыздар бар бирок жылдызы да тартпайт негедир,а Асемада жылдызы тартат озуно!
11.11.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема дагы мыктыролдорду жарата бер. Уул кызынардын сыйын коргуло!
11.11.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур!
11.11.2014. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз Асема эже негизи мыкты актрисасыз,уй-булоолук бакыт каалайм дайыма бар болунуз,негизи жонокой,жасалмасыз маек берет дайыма ушунузуздан жазбаныз
11.11.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдошу кыргыз эмес окшойтко э?
11.11.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bayas.07

ооба баткенчи)
12.11.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Light, кыппа кыргыз эле,Баткенчи болсо эле кыргыз болбой калабы?Же Баткенде кыргыздар жок дегени турасынбы?
15.11.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dirol,
дегени турбай эле деп койдум окшой уже.тура эмес жазылып кетти окшой капа болбонуз.
11.11.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mig, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
11.11.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мактанып коюптур го,
13.11.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
DNurgiza, мактанган эмес бир сонун маек болуптур. Ушундай жылдызы жанып, элиме кызмат кылам деп умтулуп жаткан жаштарды колдоонун ордуна чондор баш болуп жамандап бут тосуп койгонубуз эле жаман да биз кыргыздардын. Асема акжол сиздин келечегинизге.
12.11.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема азаматсын ! Ийгилик сага.
12.11.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кок жал киносун каерден корсо болот
12.11.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
хехе ай эмне баткендиктер кыргыз эмеспи?адамдар деле кызыыыыык....
SUPER.KG видео
12.11.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сени уй-булобуз менен жакшы коробуз,бактылуу бол!
13.11.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема жакшы актриса!Ийгилик!!!
14.11.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун ийгилигине суйуно билели,анткени андай ийгилик бизде да болот,алга Асема.
SUPER.KG видео
14.11.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
voobshe jakpait, ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 19.11.2014 11:30
14.11.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайненеси Жамал Сейдакматовага аябай эле окшошот экен ....
14.11.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Асема Азамат!!!
15.11.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо чындап эле оло окшош экен э
16.11.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы супер инфо!!! салтка айланган супер концерт жана супер сулуу конкурсу быйыл болобу?
17.11.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра ушундай талантуу кыздарыбызды котормолоп алга десенер
23.11.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асемага эч ким жетпейт чындыгында,талант да бар сулуулугу да бар,акылы да бар экен суйлогонунон эле билинип турат. Ийгилик сага,азаматсын! Душмандарындын коздору агып тушсун!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо