Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨКМӨТ КӨМҮРДҮН БААСЫН АРЗАНДАТМАКЧЫ

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Өкмөт 4-ноябрда көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөлдөө киргизди. Көмүрдү казып алуу жана сатуу рыногундагы бааны текшерүүгө алуу, базарларда баа өсүшүн токтотуу максатында премьер-министр
Жоомарт Оторбаев токтомго кол койду. Ага ылайык, кыска убакыттын ичинде ишке аша турган бааны мамлекеттик көзөмөлгө алуу механизми түзүлөт. Ар бир район үчүн көмүрдүн баасынын эң жогорку чеги аныкталып, ортомчулардын санын кыскартууга, ошондой эле көмүр баасына негизсиз кошулган акчаны кыскартууга мүмкүндүк жаралат.
Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай
Тайлаковдун
айтымында, агенттик жакынкы 2 апта ичинде 100дөй көмүр казып алуу ишканаларынын көмүргө болгон өздүк баасын бекитет. «Андан ары ишканалар көмүр казып алгандыгы үчүн баага 10 пайыздан ашпаган сумма кошуп, сатуучуларга чыгарат. Дүңүнөн сатуучулар көмүрдү сатып алган баадан сатыкка кошкон баасы 10 пайыздан ашпашы керек. Кийинки майда соода түйүндөгүлөр, чекене сатуучулар көмүр сатууда алган баасына 5 пайыз кошумчаны гана кошо алышат. Ошону менен көмүрдүн өздүк баасына бардыгы болуп 25-30 пайыз гана кошулушу керек. Ал эми азыркы тапта соодагерлер көмүрдүн наркына 50-70 пайыз кошуу менен жарандарга сатышууда»,- деди Тайлаков.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
10.11.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комурду окмот казбаса кайдан бааны козомолдосун. Баарын жеке ишканалар казат.
10.11.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комурду кымбат баада алып алдык февралдарда тушурот еленерда не мынча убакты.
11.11.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комур арзандаганда жакшы болмок базарларда кыш келелек эле комурдун баасы асманга чыгып кетиго
11.11.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев убагында жарытпай кайра Кумторду канадалыктардын колуна салып берууго "салымын" куч эле, эми биротоло элди кууратайын деген экенсин да, сен бийликте турганда кайра элдин жашоосу куурады го куурады жакшы кун корбой!!! ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 12.11.2014 10:26
12.11.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barpy1, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Азырынча эскертүү!
12.11.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AK-47., сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо