«ОРУС КИНО ТАРМАГЫНДА ЖҮЗДӨГӨН КЫРГЫЗ БАЛДАР ИШТЕЙТ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

Кыргызстандан башка өлкөлөргө кетип, тиричилик камын көрүп жүргөн мигранттарыбыздын саны өтө эле көп. Алардын айрымдары гана окуп, билим алуу максатын көздөп барышса, басымдуу бөлүгү колго тийген жумушту кылып, каражат табууга багыт алышкандар. Арасында майда, бирок маанилүү иштери менен ийгилик жараткандар да жок эмес. Бүгүнкү маектешим Эмил Мукашов «Менин жумушум катардагы эле жумуш. Айырмачылыгы – орустардын маданият жаатында иштеген инсандарынын арасында эмгектенем» дейт. Ал Орусиянын кино индустриясын, кыргыздардын ал жактагы жүрүм-турумун, тагдыр-таскагын баяндап берди.

МУКАШОВ ЭМИЛБЕК КУМАРБЕКОВИЧ
Билими – жогорку
Кесиби – инженер-гидротехник
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 30-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл айылы

«ЭЧ КАЧАН «ЭЧ КАЧАН» ДЕП АЙТПА»
– Москва шаарына келгениме 2 жылга жакындап калды. Бул жакка досумдун чакыруусу менен келгем. Орусияга келерде «башкасына иштесем да курулушта иштебейм» деп өзүмө сөз берген элем. Анткени орустардын «Наша Раша» деген юмордук шоу программасындагы мигранттардын үстүнөн аша чапкан тамашалар эсиме түшө берчү.
«Эч качан «эч качан» деп айтпа» дейт го. Бул сөз мага окшогондорго айтылгандай. Дегеним, Москвага келип, так курулуш объектилеринде иштөөгө туура келди. Максаттарымдын быт-чыты чыгып, келгениме өкүнүп жүрдүм.
Бир күнү мен иштеген объектинин короосуна бирөөлөр келип, ар түрдүү шаймандарды орнотуп калышты. Кызыгып карап турсам кадимки камераны жылдырчу рельстер, штатив, кран, жарык берүүчү шаймандар, айтор, жаңы дүйнөгө баш баккандай болдум. Колумдагы курулуш шаймандарын ыргытып ийип, бир күн кечке ошол процессти карап отурдум. Анткени менин бала чагымдагы кыялым кино жаатына аралашуу болчу.

«МЕНИ КИНО ТАРМАГЫНА ДОСУМ АЛЫП КЕЛДИ»
– Ошентип бир айдай курулушта иштедим. Баягы кино тартуучулардын аянтта иштеп жүргөндөрү көз алдымдан кетпей койду. Бир күнү Кыргызстанда оператор болуп иштеген классташыма жолугуп калдым. Ал Москвага ВГИКке (Бүткүл Орусиянын мамлекеттик кинематография университети) тапшырганы келиптир. Досум менен табышып калганыма сүйүндүм. Тилекке каршы, ал окуу жайга өтпөй калды. Экөөбүз тааныштар аркылуу кино жаатында иштеген кыргыз балдар менен жолуктук. Алар аркылуу тартуучу топтун администрациясына жардамчы болуп ишке орноштум.
Кино тартылуучу аянтта режиссёр, операторлорго шарт түзүү, мониторлор коюлуучу столдорду орнотуу, ошол мониторлорду карап, кадрларды көзөмөлдөп отурган топтун мүчөлөрүнө отургучтарды коюп берүү – менин милдетим. Анан компьютер, принтер, интернетти кошуу, эгер кино ачык асман алдында тартылып жатса, тартуучу топко жайылма чатыр тигип берүүнү да мен аткарам. Кыскасы, мен баштамайынча режиссёр да иш баштабайт. Албетте, жалгыз эмесмин, бул жалгыз кишинин колунан келчү иш эмес да.
Мен бул жакка келгенде бир жарым жылдын ичинде ар башка тартуучу топ менен 10дон ашык долбоордун үстүндө иштедим. Кино жаатында эмгектенген кыргыз балдар жалпысынан 100гө жакынбыз. Бири-бирибиз менен таанышып, чет жакта жүргөндүктөнбү, ынтымактуубуз. Мындан улам бир нече жылдан кийин Орусиянын кино тармагын кыргыз балдар багынта алат деп ишенип кетем.
Орусиянын бир топ эле атактуу режиссёр, актёрлору менен иштешип, сериалдарды тартууга катыштым. Арасынан «Анжелика» аттуу телесериалы эсимде калды. Анда биздин жердеш, «Ашкана» («Кухня») телесериалына катышып, Орусияда белгилүү болуп калган Жаңыл Асанбекова да эпизоддук роль жаратты. «Мосфильмде» жана «Мектеп» («Школа»), «Баары өлөт, жалгыз мен калам» («Все умрут, а я останусь») кинолорунун режиссёру, белгилүү Гай Германика жетектеген тартуучу топто да иштедим.

«КЫРГЫЗДАРДЫ КӨРӨ АЛБАСТЫК АКСАТАТ»
– Орусияда мени көп нерсе түйшөлттү. «Тыйындын эки бети бар» дегендей, кол сунуп жардамга келген кыргыз балдары бар экенине сүйүнүп келе жатсаң, алдыңдан бутун тосо коюп көмкөрөңдөн жыккан көрө албас мекендештер да четтен чыгат. Кыргыздын жигиттери коомдук жайларда өздөрүн алып жүрө албай көзгө илинип калышат. Орустарда деле маданиятсыз, кайрымсыз, ишке так эмес, жалкоо адамдар толтура. Алар менен жөн гана мамиле түзбөй, иштешпей коюп гана кутулуу керек. Ал эми мен иштеген топтор жалаң чыгармачыл адамдар болгондуктан, баары жылуу мамиле кылышат. Орустарга жумушуңду так аткарып, жоопкерчиликтүү болсоң болду, мактап башына көтөрүп алышат.

«ҮЙДҮ САГЫНГАНДА ЭЧ КИМГЕ КӨРСӨТПӨЙ ЫЙЛАП АЛАМ»
– Москвага келгени мекенди, ата-энени баалоону үйрөндүм. Бул жактан кыргыздарды көрсөм кубанып, жаңы келгени болсо жардамдашканга аракет кылам. Кыргызстанга барып, кайра келген балдар кыйла агрессивдүү болуп келишет. Отурган жерде саясатты сүйлөшүп, бийликке нааразычылыгын айтып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, ар кайсыга кыжырданып жагымсыз талкууларды жаратышат. Ансыз деле мекенди сагынып жүргөн бизге мындай көрүнүштөр жакпайт.
Ата-энемди, мекенимди сагынганда эч кимге көрсөтпөй ыйлап алам. Буюрса, 3-4 жылдан кийин мээримин төгүп, мени күтүп жаткан Ысык-Көлүмө барсам деген тилегим бар.

«Тасма тартууда кадр артындагы иш учурунан. Бир күндө камера үчүн мындай рельстин бир нечесин курабыз».

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(25)
10.11.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелди азаматсыз.
10.11.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз байке ишинизге ийгилик
10.11.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай адамгерчиликтуу экенсиз.сиздей адамдар коп болсун?!!
10.11.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишине ийгиликтер!Москвада тасма тартуу тармагында.Чындыкта кара жумуштарын Кыргыз балдар колго алган. Айлыгы ар кандай!Баардыгы ошол тармактын каражаттына жараша эмгек акысын алышат.Кучтуу тасма тартуучу ишкана кунуно,жумуштун узактыгына карай жумушчусуна 2000-3500р чейин акы толоп 3 маал тамагы менен каржылайт!Келечекте биз азыркы ушул жумушчулук денгеелден бир эки кадам жогору которулушубуз зарыл!! Мисалга оператор, ун жазуучу керек болсо режиссер.) Кубандырганы Кыргыздардын иштегени.Алга!
11.11.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, азыркы орус кинематографына кыргыздардын салымы орчундуу эле. Жумушчу, буфетчи болуп баштап, постановщик, реквизитор, оператор, администраторго чейин оскон балдар коп. Алды Жаннат, В.Куценкого окшоп сценарист, креативдуу продюсерлер. Нурбек Эгендей режиссер. Жаныл эже Айнуранын образын жаратып журот))) Ал эми канча канчалаган кыргыз балдар-кыздары массовкада иштеп журот айтпай эле коеюн)))))
11.11.2014. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RUSLAN.KG, Айтып айтбаганда деле.Бул кылмыштуу иш эместиги ачык! Болгону тасма дуйносу. Озунчо бир кызык.))) Менин оюмча иштен сырткары:Кошумча жумуш катары кыш кынап,жук которгучо же пицца жеткирип чарчаганча.)) Тасмада адамдын санын кобойтуп.1000 ден-2000р чейин алып. Чайын тамагын ичип.Тасма карманына айланып.Суротко тушуп келе берууго не жетсин.) Эми Жаннат, Жаныл эжелер аз санда. Биз Кыргыздар бутундой Орус тасмасын колго алалы.Куч бирдикте!Кийин Озубуз "экшен" тарсак кыйналбайбыз.)
10.11.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да подроботкага барам, жакшы төлөп беришет. Бир -эки кинодо роль да жаратканы жетиштим.
10.11.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz, мени да айтып алчы,мумкун болсо?
13.11.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz, бизди да айтып алгылачы, сураныч! Макулбу? Пожааалуйста
10.11.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а эмне учун уч торт жылдан кийин мекениме барам дейт....
10.11.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aisuluusha, Эмнеге тушунбойсунор.... Жашоо шарты жакшы болсо ошол жакта журмок беле ата энесин мекенин сагынып... 3-4жыл алсыта журуш ага деле оной эмес да...
10.11.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейбиз мекендешибиз айтмакчы бизда кыйын кездерди откоргонбуз россияда иштеп журуп. Бул жигит айткан создору баары чын откон омурум ошол жакта жургон абалым эске тушту. Кухня дегеген сериялда катышкан биздин мекендештер,аларды когон сайын озумчо кубанам ана биздин мекендештер биздин деп. Россияда жургон биздин мекедештерге кааларым аман болушсун бар балээден алыс болушсун деп каалар элем.
10.11.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yidy sagynganda ech kimge korsotpoi yilap algany ,okwow sezimder eken...
kanchoobuz yilap jattyk eken,bilgizbei
10.11.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кухня соонун чыккан кундо коромго. ))
10.11.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сагындым ата энемди Бир туугандарымды
11.11.2014. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга балдар жакшы экен
11.11.2014. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Массовкага болсо айтып алгылачы ким болсо дагы
11.11.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени дагы айтып койгулачы,
11.11.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Эмил, Орустардан телесериал,кино тартышты уйронуп келип, Кыргызстанда мыкты тасмаларды жаратасыз деп ойлойм.Российсий телесериалда роль жаратып калышыныз деле толук ыктымал да. Кичинекей роль болсо деле,сыймык эмеспи.Кухнядагы "Айнура" (Ж.Асанбекова) сериалда сонун кылып кыргызча суйлоп койсо эле канча мардайып калабыз. Эн негизгиси эмгекчил, адамкерчиликтуу,ак конул жигит экенсиз. Сизге ден-соолук жана ишинизге ийгилик каалайм.
11.11.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ишине ийгилик. Баары ошол жака кеткенин себеби Буш жакта айрым мамлекеттик мекеме иш каналардын бухгалтерлери алган айлыкты орусияда дворниктер алат даже кобурок алат.анан кантип кыргызстанда иштейсин. Он жыл Бул Жактс иштеп тапканынды уч жылда табасын. Барбайын десен иш док.барсан мекенин алыс.
13.11.2014. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mani, эн туура айтасын mani. мен да айлам жок жумушумду таштап ошол жактарга барат окшоймун
11.11.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде!!!
13.11.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldarymdyn atasy Moskvada kinogo tartkanga algylachy,ondu tustu,talanty bar!
14.11.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар неге бирин-бири коро албай бут тосушат.Орустарга жамандап шеригин анын ордуна мени коюп койчу деп суранышат.А орустар тан калат "кыргызы"деп Кайра бизден сурашат неге оз жердешинерди жамандайсынар деп.
15.11.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ. сиздерден сураныч менден да интервью алгылачы, Москвада кыргыздарды гезитинде иштейм журналистмин. айта турган создор коп жооп кутом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо