Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭЛДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ ЖУБАЙЫМДАН АЖЫРАДЫМ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж

«АТАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОБОЙМ ДЕЧҮМҮН»
Ажырашуу, атасыз өсүү эмне экенин жон терим менен сезип чоңойдум. Атам кызыл эт кезимде таштап кетиптир. Апам башка турмуш курган жок. Канчалык жеңилин жерден, оорун колдон алганым менен, апама бала катары гана ордумду көрсөтө алам. Көрсө, турмушта ар кимдин өз орду бар тура...
Атамды мектепти аяктап жатканымда тааныдым. Кичинемден мээримине бөлөнүп, ата жытын жыттап, акылын угуп чоңойбогон соң салкын мамиледе болуп калат экенсиң. Экөөбүздүн ортобуз жылып, ата-бала сезимибиз жанданып кетпеди. Жөн гана бейтааныш адамдардай көргөн жерде саламыбыз түз. Эч кимге айтпасам да өзүмө-өзүм «атамдын жолун жолдобойм, анын катасын кайталабайм» дечүмүн.
Мектепти аяктаган соң Бишкекке окууга тапшырдым. Апама салмагымды салбайын деп таежемдин чакан ишканасында иштеп, өз арабамды өзүм тартып окуумду аяктадым.
Иштеген жерибизге жакын дүкөн бар эле. Бир күнү кирип барсам жаңы сатуучу кыз келиптир. Көркөмү көзгө толгон сулуу кыз экен. Соодамды кылып чыгып кеттим. Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кабынан козголгондой болду. Бир көрүп сүйүү дегенге ошондо ынандым. Ал дүкөнгө күндө кирбесем көңүлүм жай албайт. Таанышуунун амалын таппайм. Ашыкча сөз айтууга дареметим жетпей чыгып кете берем. Бир күнү «таанышам» деп өзүмө сөз берип кирип бардым.
Кандайсыз, чоң кыз? Атыңызды сурабайм, сизди «Сулуу кыз» деп айтайын,- десем бетиндеги уячаларын чыгарып жылмайып койду. Мага ушул жылмаюудан өткөн жооптун кереги жок болчу. Сүйлөшүүнүн эбин таппай, ар кайсы сөздүн башын айтып жаттым. Бош болсом да, жумушум болсо да жыйыштырып, дүкөнүнө бара берчү адат таап алдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, кыз-жигит болдук.

«САБАЙ БЕРИП КЕЛИНЧЕГИМДИ КОРДОП ЖИБЕРДИМ»
Бир күнү мен ага сүйүүмдү билдирип:
– Мен сени бактылуу кылам!- дедим.
– Чын элеби?
– Чын.
– Кантип далилдейсиң?- деди ал. Бетинен акырын гана сүйүп, кулагына «мен сени сүйөм» деп шыбырадым. Адатынча унчукпастан уяң карап күлүп койду. Махабаттын табына эрип кеткендей болдукпу, никесиз байланыша баштадык. Мен ал үчүн биринчи эмес экенимди билсем да аны таштап кете алган жокмун.
Мезгил өз тизгинине жетеленип билинбей 3-4 ай өтүп кетиптир. Ал арада сулуум кош бойлуу болуп калганын айтты. Үйдөгүлөргө үйлөнөрүмдү айтсам, баары колдошту. Жаза басып ката кетирсек да, ата салтын кылып баш коштук. «Эл оозунда элек жок» дегендей, биз баш кошкондон кийин аялымдын мурунку жашоосун изилдегендер көбөйдү. «Жалгыз бала эле, апасынын мээнетин актабады. Чеке тердетип чай берер келин алып берсе болмок» деген сыяктуу кыңыр кептерди угуп жан дүйнөм жешилмей болду. Апам болсо үн катпайт, «эл караган бетимди жер караттың» деп башында эле айткан. Жамандыкты издесең чыга берет тура. «Кар жаады, из басылды» болот го деп чыдап жүргөм. Бирок андай болгон жок. Аялымдын мен билгенден дагы башка сырлары ачыла берди. «Бакыттын аялы мурда эки жолу турмуш куруптур, баласы дагы бар турбайбы» деген сөз айылга желдей тарады. Каным кайнап, чыдамым түтпөй калды. Үйдөгүлөрдүн дагы кабагы салыңкы. Айыл жери ошондой эмеспи. Эки адамдын башы бириксе эле биз тууралуу кеп кылышат.
Мен сүйгөн сулуу жүдөп, кыйналып кетти. Аныгын айтуусун талап кылсам, бардыгы эл айткандай экен. Көрсө, мен туманда адашып тапкан сулуум эки ирет турмуш куруп, 3 жашта баласы бар экен. Мунун баарын өз оозунан укканда ачууга ууланып, жубайымды сабап салдым. Иренжип, бара-бара мамилебиз сууй баштады. Мурункудан да сөздөр күч алып, «кыз калбагансып жубанга күнү түшүптүр» деген кептер көкөйдү кести. Кыжынып сабай берип келинчегимди кордоп жибердим. Кыскасы, турмушум өз нугунан чыгып кетти. Бир күнү «төркүнүңө кет» дедим да, шаарга кетип калдым. Менин артымдан үйдөгүлөр төркүнүнө жеткирип беришиптир.
Азыр шаарда иштеп жүрөм. Жүрөктөгү жакшы нерселерди бир заматта кара так басканына өкүнүп, каңырыгым түтөйт. Жакында ата болом. Балам дагы мен баскан жолду басат. Кимди ата дейт, кандай тарбия көрөт? Эң негизгиси, ата мээримин көрбөй өсөт. Ата жолун баспайм деген мен ушул жолго бардым. Атам кетирген катаны мен дагы кайталадым. Көрсө, тарых кайталанат деген чын тура... 

Бакыт
Абды Кадыров
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(56)
10.11.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен куноолуу. Аялы баарын айтыш керек эле. Бала билгендер кийин урбай эле торкунуно апарып коюл керек болчу.
10.11.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы адамдарга тушунуп болбойт бироо мн бироонун эмне иши бар,ар кимдин оз жашоосу озундо, ар ким коралбай ар кандай созду айта берет, андан коро кайра алып келип чогуу жаша баланды атасыз кылбай.
11.11.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ал кызга айран калдым бир баласы бар туруп никесиз дагы боюна бутуруп алганы эмнеси ойлонсо болмок
11.11.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сенин жашооно озун гана акылуусун! Жамандаган эл, азыр сен кан жутуп кыйналсан бир жардам калдыбы, тескерисинче чырагына май таамып, суйунуп отурат. Ар ким оз жашоосун, оз уй булоосун сыйласа, барктаса, аяса гана бакыт таба алат. Сен эл созу менен жашасан, эч качан бактылуу болбойсун!!!! Ката кетирбеген Адам жок, бирок катаны ондогонго да шарт тузуп бериш керек! Аялын менен бактылуу жашаш, бул сенин гана колунан келчуу нерсе, барып кечирим сурап, бактылуу болуп жашагыла!!!! А бирок, аны сабага
11.11.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабаганынды токтотпосон, аны кордосон кайтарбаганын эле жакшы. Ур токмок болуп турган уйдо бала жакшы оспойт, психологиялык травма алат. Негизи кыргыз нукура жигит аял кишиге кол которбойт, ал сенин алсыздыгын! Этим ты убиваешь в себе мужчину! Сураныч, аялынды кайтарсан суперге жазып кой, мы же переживаем за вас! Удачи и слушай свое сердце, оно не обманет!
07.01.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ryslife888, кыргызчан тугонуп калдыбы?
11.11.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйлонгонго чейин ,4,5айдын ичинде сурап албай каякта элен!!!Озундун мээн жок турбайбы!
11.11.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунонун баары озундо, бир аз суйлошуп журупсун ала турган оюн болсо суруштуруп билип анан алсан болбойбу?
12.11.2014. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обычно кыздар билбей тийишет го баланын мурунку жашоосун.А бул кыз аябай шустрая го) Негизи сыр жашырып,калп айтып башталган уй-булолор кобунчосунун аягы ушундай болот!Бардык нерсени "жээктен" эле чечишип алса жакшы болмок экен!Болгонун болгондой эле айтып койсо болмок кыз.Бала да кызык экен эй,балдар аябай ийне-жибине чейин териштиришет го!Эми ортодо бейкуноо наристеге кыйын болот,балана экинчиси табылат,кызга тортунчусу табылат дегендей!
12.11.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болоор иш болуптур отконго окунгон менен эч пайда жок. Эми бир гана баланызды озунуздой ата мээримине зар болуп, атасы барларга суктанып, сизди жек кору чонойуусу каалабасаныз келинчегиниз менен жарашыныз! Аллах тааланын сизге берген сыноосунан сынбай отуп мээримдуу балдарыныз(болочоктогу)сыймыктанган ата, суйкумдуу жар болунуз. Уй булолук бакыт каалайм!
12.11.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле пушистый боло бербечи, кантип эле айтты да менин тагдырым ушундай 2 эрден дебеседагы биронон чыккам балам бар деп. Алганга чейин сен алтынсын барына макул болуп, эми минтип ит болбой. Азыркы заманда биронун жашоосу м-н эч кимдин иши жок
13.11.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр элдер бирин бири соз кылбай деле койсо болот. Анткени ар бир семьяда мындай ажырашуулар бар. Бироонун башындагы чопту коро бербей озунордун башынардагы бокту тазалап алгыла! Эл оозунда элек жок. Аял кишини эле жамандай бербестен эки жакка тен кароо керек. Ошончо журуп бир ооз сурабаган озундо куноо. Анын кыз эмес экенин билип туруп унчукпай кантип жатып журо бердин? Биздин кыргыздардын эркектери болсо эле унчукпай калбайт. Туштон кийин аялынды жамандабастан эркекче бол! Баланы жетим кылба!
13.11.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кызга уйлонгондун биринчиси же акыркысы сен эмессин.Билбей жашап жургондор канча...Озун дале ойлонсон болмок,кыз эмес болсо мурун кийин созсуз бир ушак чыгаарын.Эрк озундо эл созуно чыдасан баарын женесин,баары убакыттын отушу менен унутулат.Эмнеси болсо да сенден тороп жатпайбы баланы,акыры бозуп келип тийген жок го сага.Бала кымбатпы же эл созу кымбатпы озун таразалап кор...
13.11.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne kyzga uilonordo kozun tanyp alyptyrby kalp ele ubara bolup ozun kyinait ,anda el tandagan kyzga uilon.Suiom kuem DEP koet.Oshol kezdegi baikush kyzdyn abaly al delle achyk aitsa bolmok eken.
13.11.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми эл "бул да атасынын жолун жолдоду" деп суйлошот ошондо кантесин, тегин сураштырбай уйлонуп бир кта кетирдин, аялынды кетирип дагын ката кетирбей, уулунду атасыз калтырбай келечеккке умут менен жаша убакыт баарын даарылайт.
14.11.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баштадынбы коркпо корктунбу баштаба. суйуп алгандан кийин жашада
14.11.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayaldy alsyz je arsyz erkek urat. Anyn da bakytka akysy bar, el bolso daiym tabat kimdi ushaktashty, balanyn ubaly kimge?
14.11.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял граната кармаган маймыл деген соз туура экен.озунун жашоосун айтып баланы жолотбой койуш керек эле.уч ээрден кур калды бирок бешене да кудайым бактысын ачат АЛЛАга ишеничи кенири болсо...
14.11.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куно озундо. иликтештирип туруп анан алышын керек эле. сулуулугуна кызыкансында бала. баланы калтырып болбойт эми кеч алышына туура келет.
15.11.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт эл эмнени гана айтпайт эркек 3 нерсени талкуулабашы керек 1-аялын ал оз тандоосу 2-баласын ал озунун каны 3-озунун уйун аны озу курган.
15.11.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndygynda kunoonun baary ayalynyzda eken. Birok, ech surashtyrbay, ech nersesi jonundo bilbey turup uylongon sizde da kunoo jok emes. "Enesin korup kyzyn al" dep bekerinen aytylbagan elibizde. Menin oyumcha al sizdi azgyryp jurgon. Bolboso aytpayt bele bashta. Demek sizge okshogon dagy biroonu azgyryp ala alat. Siz apanyzdyn jalgyzy bolgon son bir gana apanyzdy oylonuz. Apanyz emne dese oshony jasaganynyz jakshy. "katyn joldo, bala belde. Al emi ene biroo" chechim ozunuzdo...
15.11.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynygy erkek ech kachan "Аялзатына" kol kotorboit. Sizdi men aitaar elem,"Алсыз"erkektin birisiz.Omurluk jubaiynyn murunku jashoosuna kyzygyp emne kylat? Balaluu bolgucha bilbegenden kiiin.Otkon ish ottu-ketti.Okunup emne kylat? Biroonun bashy menen ishteit okshoit menimche.Erkek ozunun turmushun ozu chechip. Chechkinduu bolgonu jakshy emesbi???
15.11.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Egerde, ushul adamdyn orduna ozumdu koup koroun. Men, ui-buloomdu tandap, kandai kyiynchylyk bolso dagy chydaganga araket kylyp. Ozumcho ui-bulom menen jashamakmyn. Maga anyn okon omurunun kyzygy jok. Antkeni,Kudaiym bizdi jaratkan eken adam kylyp. Adam bolup torolgondon kiiin, adam bolup jashagym kelet. Bul omurdo tubolukko turkuk bolup kalbaisynda. Baaryn jurogundun kaaloosu menen jasasan bolot emesbi? Men kechiret elem.
16.11.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
At baspaim degen jerin min basat. Bir 4eti ekoonorgo ten jakwy boluptur eldin sozun ugup oilonup juro berbei.
16.11.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз ушундай абалда болуп калышыбыз мумкун...Аллах сактасын дейли баарыбыз...
16.11.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз башында жашырып туура эмес кылыптыр. Ажырашып бири аял алат, бири турмушка чыгат эртен эле, байкуш ортодогу балага эле кыйын болот атанын же эненин мээримин корбой.
16.11.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызга бергис жубан бар дейт..... кыз алып деле ажырашып кетип атышпайбы
16.11.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ адамдар каида баратабыз.
17.11.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алсыз эркек турбайсынбы, бул деген сенин жашоон элдер суйлоп суйлоп кала берет, элдешип жашасан гана баарын женесин. Экинчисин кыз алсан ал сага кыйын бп сен уйлонгонсун балана барба деп айта берсе не болосун ал дагы кызганат ортодо чайналасын. Биринчин мн жашай бер баарыбызга ыйман берсин.
25.11.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ехх турмуш не деген сынолор ее
12.02.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда мындайлар коп эл айта берет эн негизгисин сен озун чеч себеби сенин уйундогу жашоону эч ким билбейт да бир уйдун жарыгы экинчи уйго тийбейт деген соз бар эмеспи ошого ойлонуп анан бир чечимге кел аялынды жону жок сабай бербе.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо