Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЧ КУРБУ (сериал)

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Алмаз... Менин жашоомдо бул адам капысынан пайда болду. Курбуларымдын чыккынчылыгын угуп, эс-мас абалда жолугуп калган учурда айтып бербедим беле. Ошондон бир аз күн өткөндөн кийин бир күнү телефон чырылдап калды. Алсам бейтааныш үн экен.
– Саламатсызбы? - деди кимдир бирөө буйдала.
– Сиз кимсиз?
– Мени унутуп койсоңуз керек, экөөбүз жолдон жолугуп...
Коңур үн кулагымда калган экен, дароо эстедим. Рахматымды айтып, акыбалым жакшы экенин билдирдим. Дым тартпай көпкө тыңшап туруп калганын байкадым. Ал тууралуу унутуп калган элем, негедир ал мени эсинен чыгарбаптыр. Күн алыс чалып жөн гана ден соолугумду сурайт да, телефонду тыңшап туруп коюп коёт. Дастандын кылыгы, курбуларымдын чыккынчылыгынан шок абалда жүргөн болчумун. Ошол маалда жашоодогу эркек аттуунун баарын жек көрүп калган элем. Бирок Алмаз мага жол тапты, караңгыда карайлап, көңүлүм ооруп турган маалда жолумду жарык кылды. Күн алыс чалып акыбалымды сураганында мен дагы ага жашоомдогу жаңы тилке тууралуу айтып бердим. Ким билет, балким, мен дагы кимдир бирөөгө датымды айтып алгым келсе керек. Ал үн катпай отуруп укту да, акырын үн катты.
– Күйөөңдүн акыбалына бир боорум ооруп, бир жиним келип турат.
– Эмнеге?
– Кучагында күн турганын билбеген бечаралыгына жиним келип, кайра ошонусуна боорум ооруду. Эмнени издеди болду экен? Эгерде менин балдарым, аялым тирүү болгондо...- деп барып токтоп калды.
– Эмне издегенин билбедим,- дедим оор үшкүрө.
Ал күлүмсүрөп койду да, акырын баш чайкады.
– Коркпо, ал баары бир сага кайтат.
– Мага кайтышынын кажети жок, мен кабыл албайм.
– Ишенип кой, ал кайтат, сен кайра кабыл аласың.
Алмаздын ошол сөзү жүрөгүмө октой тийди. Эрдимди кесе тиштеп отуруп калдым. Ал ого бетер жараатымды сыйрып, мага атайын оор болсун дегендей сүйлөдү.
– Мен сенден улуумун го, демек, жашоону да сенден жакшыраак билем. Эгерде азыр күйөөң кайтса, бир аз тултуңдамыш болуп туруп ичиңден кымыңдап кабыл аласың. Ал нерсеге арданбай эле кой, анткени силердин аялдык табиятыңар ошондой. Сен азыр жек көрөм деп ойлоп жатасың, бирок көзүңдөн күйөөңө болгон сезимиң төгүлүп турат. Жүрөгүң андан бир ооз жакшы мамиле, жакшы сөз күтүп дирилдеп, үмүт кылып турат. Кана, жалган дечи...
– Жалган!- бакырып жибердим. – Сиз мени кайдан билесиз? Мен тууралуу эч нерсе билбейсиз, антип айтканга акыңыз да жок. Жек көрөм силерди! Баарыңарды...
Ал эрдине сөөмөйүн такап, «чүш-ш, акырын, эл бизди карап калды» деп жоошута берди.
Бул жерден тезинен кетишим керек. Эмнеге буга арманымды айтып жатам? Деги ким бул мага? Мен да арманымды айтчу адамды тапкан экем.
Ошентип тез сумкамды алып кафеден чыгып кеттим. Алмаз артымдан жете келип, мени каруудан алды.
– Токто, жеткирип коём!
– Кереги жок!
– Алдагы ичиң менен түн ичинде жалгыз кантесиң? (Ичим билинип калган учур болчу). Көк беттенбей отур машинага.
Тобо, тим эле өмүр бою мени билгендей бийлеп алганын кара мунун. Таң калып тиктеп калдым, алгачкы жолу көздөрүнө карегим чалына түштү. Ошол учурда мен дагы анын жаралуу адам экенин түшүндүм. Каруумду жулка бошотуп машинасына отурдум. Көзүмдүн жашы чууруп, анын «жүрөгүң андан бир ооз жакшы мамиле, жакшы сөз күтүп дирилдеп, үмүт кылып турат» деген үнү жаңырып жатты. Чындык эмей эмне? Эртең Дастан келсе чындап эле сүйүнүп кабыл алганга даяр турбаймынбы? Ал келип тамак ичпешин билсем да, ага түрлөп тамак жасап жатпаймынбы. Түнү бою уктабай, анын телефонун күтүү менен канча түн өттү? Алсыздыгыма, аргасыздыгыма ичим ачышып бара жаттым. Алмаз мени качан сооронот деп күттүбү, жакын жолду алыс кылып шаар аралап жүрө берди. Бир топтон кийин машинаны токтотуп мага кайрылды.
– Баян, азыр эч кандай чечим кабыл алба. Аман-эсен көз жарып алсаң, калганы дайын болот. Мен колумдан келген жардамымды берип турам. Каршы болбосоң күн алыс чалып, кабарыңды билип турайын.
– Жок, мага чалбаңыз. Кереги жок...
– Болуптур, бир жумада бир жолу чалайын.
– Айттым го, таптакыр чалбаңыз деп. Мага кереги жок эч нерсенин, сиздин аяганыңыздын да кереги жок.
– Мага сен деп эле кайрыла бер, ортобуздагы 5 жаш эч нерсени чечпейт. Экинчиден, азыр сенин жаныңда эч ким жок, акыл айткан, кабарыңды билген жан адам калбаганын билип турам. Апаң айылда, ишенген курбуларың да жок. Мен сага жөн гана агалык жардамымды бергим келет.
Акыры көшөлүп жатып бир жумада бир акыбалымды сурап турмай болду. Алмаздын айтканында чындык бар эле, мен жападан жалгыз элем. Бул учурда дагы деле Дастандан үмүтүмдү үзө албай, аны көкүрөгүмдүн түпкүрүндө күтүп жүргөм. Менин дагы деле ага болгон сезимим күчтүү эле.
Бир күнү ааламымды аңтар-теңтер кылган, сүйүүмдү жүрөгүмдөн сууруп ыргыткан окуя болду.
Ошол түнү уктай албай басып жүргөм. Телефонума СМС келгенин туйдум. Ачсам Назиктен экен. «Биз бактылуубуз!» деген текст менен видео бар экен. Анда Дастан Назиктин курсагын сылап, эркелетип жатканы тартылыптыр. «Уулум менин! Биз апаң экөөбүз сени аябай күтүп жатабыз. Сен али биле элексиң, сага сонун бөлмө даярдап койдук. Мындан ары дайыма чогуу болобуз!» деп анын курсагындагы бала менен сүйлөшүп жаткан экен. Назиктин көздөрү мени мыскыл тиктеп турганы чоң кадр менен алыныптыр. Назиктин амалы экенин билсем да, көкүрөгүмдөн бир нерсе тырс үзүлдү. Эки баласын көтөрүп жарык дүйнөгө алып келген, дагы бир баласын курсагында көтөрүп жаткан, сүйүүсүн, өмүрүн курмандыкка чалган мени чындап алмаштырганын туйдум. Ыйлап жаттым, бирок ыйлаган сайын көкүрөгүм бошоп мени муунтуп, байлап келген сүйүү, кызганыч ый менен кошо жоголуп жатканын байкадым. "Ыйла,- дедим өзүмө өзүм. – Азыр ыйла, андан кийин ал үчүн бир тамчы жаш чыгарчу болбо!"
Ушул күнү менин сүйүүм өлүп, жерге көмүлүп, жаназасын жалгыз өзүм окуп, өзүм коштошуп жаттым. Эртең менен уулум сабакка турган экен, жанымда чочуп карап сербейип турат.
– Апа, эмнеге бул жакта жатасыз?
– Уктап калыптырмын, балам, азыр турам.
– Уктай бер, апа, өзүм чай ичип кете берем.
Тилек чоң кишидей төшөгүмдү кымтылап, чачымдан сылады да, бөлмөдөн чыгып кетти. Ошол күндөн баштап өзүмдү тарбиялай баштадым. Эми мага Дастандын келгени менен кеткени, анын бул жашоодо бары же жогу баары бир эле. Мендеги бул өзгөрүүнү өзүмдөн башка эч ким байкаган жок. Мен гана ага болгон сезимим өчкөнүн, эми артка таптакыр кайрылуу жок экенин сезип жаттым. Эркектер, силерге айтарым, эч качан сүйүү өчпөйт деп ойлобогула! Эч качан аялдын намысына шек келтирбегиле, аялдын көз жашын себепсиз агызбагыла! Ал үчүн баары бир жооп бергенге туура келет...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(22)
17.11.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ух бир жумаааа
17.11.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх, чындап бапестеп бакпаса сезим да очоору шексиз
17.11.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Баян кандай гана оор кунду откоргонсун башындан. Бирок аябай кучтуу аял экенсин. Мен андайга чыдабасам керек. Андайдан кудай сактасын.
17.11.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен суйгон адам ушунчалык башкача,журогу сонун,омурумдо андай жигит жолуктурган эмесмин.Бактылуумун!Куйоомдун алдында алсызмын,эчбир нерсе мени ойлондурбайт,суйуусу,эркектик кучтуу сапаттары менин катуу мунозумду аялдык алсыздыка,назиктике,кам корууго уйротту.Кыздар,биз ар бирибиз бактылуу болгону татыктуубуз!Жакшы жигит менен баш кошуп,энелик бакытка ээ болуп,суйгон адамдын кучагында ойгонуп,бейкапар жашоого баштан откоргонго арзыйбыз!!!Ишеним,Умут,Суйуу-жашоого дем берет!!!Чыгарма сонун!!!
17.11.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окууп жатып козумо жаш айланып кетти! сонун чыгарма!
17.11.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик бети жок Баянда эмне очу бар экен катындын...
Модератор admin_superstan түзөттү 17.11.2014 13:49
17.11.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баяндын айтканы да Дастандын айтканыда озунчо бир кино болуп калдыго
17.11.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бат бутсо болот эле озунчо эле жомок боло баштады акыры Алмазы менен калат экен да
17.11.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баян туура кылды Дастанды кечирбей.Айласы жок гана ал Баянга кайтып келди ,эгер Назик тируу болгондо ал торогондон кийин эртеби кеч таштап кетмек Баянды уч баласы менен.
17.11.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер 627 саны барбы же сиздер адаштыныздарбы
18.11.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilet_3234, 627 откон санында бар окубай калгансын го дейм
17.11.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх эркектер кандайгана акылсыз болуп кетесинер эээ
17.11.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Ушул күнү менин сүйүүм өлүп, жерге көмүлүп, жаназасын жалгыз өзүм окуп, өзүм коштошуп жаттым.) Бул созду автор кайдан таап алган? Ото кучтуу соз экен.....
17.11.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту гана оорутат да... качан бир жума отот эми...
18.11.2014. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Exx jurogum aaaai
18.11.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uwul sany aiabai jakty aial kiwinin sezimi achyk aikyndalgan,okusan jurokko jetet eken
18.11.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектер, силерге айтарым, эч качан сүйүү өчпөйт деп ойлобогула! Эч качан аялдын намысына шек келтирбегиле, аялдын көз жашын себепсиз агызбагыла! Ал үчүн баары бир жооп бергенге туура келет...Бул саптар мага ото таасир калтырды .Эн туура...
18.11.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяндын бактылуулугун коро полагает го курбулары,очу бардай
19.11.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болду кечирбей, бир жолу алмаштырды, экинчиси да болмок.
20.11.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек суйсо алат.Кыз суйсо калат деген соз туура.эркекти суйуп жашаш керек аял киши акырындык менен суйуп алат
20.11.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай аз гоооо
21.11.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коп жазгылачы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо