Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алкановдун өмүрүнө кол салды деп шектелип кармалган 15 жаштагы Бегайымдын апасы: «ТҮН ИЧИНДЕ КАНДАЙ ОЙ МЕНЕН АЛАРДЫ ҮЙГӨ КИРГИЗГЕНИН ТҮШҮНБӨЙМ»

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

Октябрь айында Талас облусунун 70 жылдык мааракесине барган ишкер Райкан Алкановду өз үйүндө белгисиз адамдар бычактап кетишкендиги тууралуу кабар желдей тарады. Аз өтпөй милиция кызматы кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз, андан кийин эле 17 жана 32 жаштагы эже-сиңдилер кармалгандыгын жарыя кылды.
Мындай чуулгандуу окуя маалымат айдыңында ар кандай ой-пикирлерди жаратты. Алгач эле коомчулукта «ишкерди үчүнчү аялы бычактаптыр» деген кеп талкууланып, кийинчерээк «15 жаштагы кызды ишкер зордуктоого аракет кылган экен» деген кеп тарап, коомчулук бул версияны талкуулап эрмектей баштады. Дээрлик бардык маалымат булактарында окуя боюнча бир тараптуу жаңылыктар жарыяланып, ооруканада жаткан ишкердин жакындары менен милиция кызматкерлеринин чектелген гана маалыматы жарык көрүп турду. Ал эми 15те же 16да экени, зордук көрүп-көрбөгөнү, ишкерди бычактап же бычактабаганы ачыкталбаган кыз тууралуу маалымат берилбеген бойдон кала берди.
«Супер-Инфо» гезити бул кылмышка барды деп шектелип жаткандардын бири, 15 жаштагы Бегайымдын апасы менен байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу өз оозунан укту.

Шектелип жаткан Бегайымдын апасы:
– Мындай окуя болуп кетет деп эч ким күткөн эмес. Кызымдын аты Анаркан, документтерин которгондо Бегайым деп котортконбуз. Үч уктасам да кызым ушундай окуяга туш болот деп ойлогон эмесмин, үйдөн чыкпаган, эч шойкому жок болчу. Бегайым менен чогуу кармалган кыздар менен коңшу турабыз. Алар тууралуу эч жаман оюм жок эле. Ушундай окуяга аралаштырып жиберишерин билбептирмин.
Кызым 9-класста окуйт, 15 жашта, 16га чыга элек. Жаш бала да?! Мындай кылмышка бара ала турган адам эмес. Негизи, мага айткандары боюнча окуя мындай болгон экен. Менин кызым сабакта отурганда жанагы кошуна эки кыз мектепке менин кызыма барышыптыр. «Апасы жооп берип турсун деди» деп менин атымды жамынып, мугалиминен жооп сурашкан экен. Бирок мугалим жооп бербей коюптур.
Кийинки жумада кызым кечке маал үйдө отурганда анын телефонуна тиги эки кыз чалышып, «суу алган кудуктун жанына келип кал, сөз бар» дешкен экен. Аны мен билген эмесмин. Кызым 2 чаканы алып сууга кеткен. Үйдө күтүп отурабыз, ана келет жок, мына келет жок.
Көрсө, тиги 2 кыз кызымды тосуп алышып, анын «барбайм» дегенине карабай күчкө салып Одиссей унаасына отургузуп, Таласка алып кетишиптир. Бара жатканда кызым каршылык көрсөтүптүр, бирок аны кур менен муунтуп, бычак менен коркутушкан экен.
Ошентип Алкановдун үйүнө барып, жанагы окуяга кабылып жатышпайбы. Кызым балалык кылып алданып калды.
Мен түн ичинде Алканов деле кандай ой менен аларды үйүнө киргизгенин түшүнбөйм. Учурда кызым камакта, тергөө бүткөнчө жолуктурбайбыз деп жатышат. Тергөө учурунда «жактоочу жалдасаңар болмок» деп көбү айтышууда. Адвокат жалдаганга акчабыз жок. Коомчулуктан ушул жагынан жардам болсо... Бирок кызым мындай кылмышка барбайт болчу. Билишимче, берки кошуна эки кызга Алканов жакшы эле жардам берген. Алардын бир сиңдиси Алкановдордун үйүндө жардам берип жүрчү. Ортолорунда эмне болуп кетип ушуга жетишти түшүнбөйм. Менин кызым балалык кылып алданып гана окуяга аралашып калды. Окуусунан да калды. Кызыма күйүп жатам да?! Ошон үчүн ушунун баарын айтып жатам.
Бегайымдын апасы ыйга муунуп, мындан ашыкча сүйлөй албады. Бизде шектүү катары колго түшкөн биринчи адамга психикалык басым жасап, айрым учурларда уруп-сабап деле күнөөнү толугу менен мойнуна алдырып салып, ишти сотко жиберип ийген учурлар көп кездешет. Милиция кызматы бул окуяны так, байланыш-катышы күчтүү ишкердин же башка тараптардын таасиринде калбай, бейтарап иликтей алабы? Негизи, жабырлануучу Райкан Алканов деле «так иликтеп бергиле» деген өтүнүч менен ИИМ башчысына кайрылбады беле?

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(27)
17.11.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оозу кыйшык болсо да,байдын уулу суйлосун дегендей аяктайт го бул иш.16 жаштагы секелекте Алканов аганын бир эле иши болушу мумкун...
17.11.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aikera1992, туура
17.11.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии кудай таластын мен**ери кыйратышпайт эч нерсени.Ак да иштешпейт
18.11.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ariet7, Таластын эле эмес Кыргызстандын ХХХ десен болмок
Модератор admin_superstan түзөттү 18.11.2014 15:49
18.11.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emin, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз!
17.11.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми Бул Райкан Алканов деле жинди киши эмес...бизнесмен 70ге чыккан кишинин жаман ою болбосо керек...балким подстава кылышты...ким билет тергоо бутуп биздин милициялар ачык айкын баарын иликтешсе ошондо коробуз ким куноолу(
17.11.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул созго караганда Алаканов ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 17.11.2014 18:14
17.11.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_KipchaK_,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
17.11.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кыз экен. Үй камагына чыгарып турса деле эч жака качпайт го. Миллионду сиңирип койгондорду үй камагына чыгарасыңар го унчукпай эле. Эми апасына сабыр берсин! Тиги эже-сиңдинин эле кылыгы экен. 15 жаштагы кыз Алкановдо акча көп экенин билсе да, тоноого акылы жетпесе керек?!
17.11.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоноду деген кийин эле чыккан версия, менимче. Уят болбойлу дешип ушул версияны ойлоп таап, милицияны да көндүрүштү, ушул версияны таратууга. Жеке мен ишенген жокмун. Жанынан тойгон эле адам Алкановду кескилеп тоногонго батынбаса... Бул жерде иштин төркүнү такыр башкада...
17.11.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызга убал го. озун коргоп анан турмого тушсо. Уурусу куч болсо ээси доого жыгылат дегендей эле болуптур. Супер Инфонун кабарчыларынан ушул ишти дагы иликтеп аныгына жетип беруунуздорду отуном. бул ишти ар кандай айтышканы менен Алкановдун оюу кандай болгонун сокур деле тушунот.
17.11.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кызга дунуйону не кереги бар, 16 жана 32 жаштагы еже синдини камаш керек .
18.11.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче,Алканов анан тиги эки кыздын ортосунда суйлошуулор бар. Алкановдун озун да кысып,сурака алуу керек. Бирок,окунучтуусу бизде адилеттуу укук коргоочу,сот,судялар жок. Алкановдун акчасы суйлойт бул жерде.
18.11.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде эки кыз мн Алкановдун ортосунда бир нерсе бардай жаш кызды алдап салып беришмек окшойт максаты ишке ашпай калды анан ортодон жанагындай келишпестиктер болуп кетти
19.11.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurtilek001, менин да оюм сиздикиндей.
18.11.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ адамдар кобойдуго,акчага кооп,Жантайдан бешбетээр ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 19.11.2014 11:22
18.11.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ааа баарына тушунуктуу болуп турбайбы бул кызды ал жерге эмнеге алып барганы,Алканов да чоочун адамды киргизбесе керек уйуно,бул жерде Алкановдун кызыкчылыгы менен болгон да баары.Кандай болгондо да Алканов небересиндей жаш кызды куноосуз соттотуп жиберсе бул адамдык эмес го
18.11.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп баратабыз? Жаш кызга убал ортодон подстава кылып коюшкандайго.Торунон кору жакын Алканов мумкун акыйкаттык кылаттыр! Абийир картан кишини тынч уктатпаса керек.Жаш кыздын тагдырына балта чабылбаса эле болду.Супе-инфо мындан ары эмне болгонун чыдамсыздык менен кутобуз!
18.11.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жапжаш секелек,али бала бойдон го бул кыз. аны да тергоо буткучокту жолуктурбайт деген эмне шумдук. куурады го байкуш кыз.ал кыздын колунан эмне кемеа постава экени айдан ачык корунуп турбайбы.убалы уктатпасын куноолуулрду
19.11.2014. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ошондой деп ойлойм. Алканов менен эже синдинин ортосунда бир нерсе бар болсо керек да кызды коркутуп алып барып ушул ишке кириптер кылганына караганда. Эми торунон кору жакындап калганда аксакалын сылап жаштарга насаат айтып отурчу кезинде жаш кыздар менен мамиле тузбой теспесин тартып эле жон журушсочу ушу чалдар
19.11.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байды кудай ураарда оз элине кас болот,Чалды кудай ураарда жетимиште жаш болот!деген макалды гана айталам.Алакановгода кудай коргозуптур!
22.11.2014. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 жаштагы кызды кайсы ой менен уйуно киргизди тууганчылык жайы деле жок екен менимче алкановдун озун камаш керек бул биринчи жолку емес дайым еле кыздар тоноп кетет болгон да 15 16 жаштагы кыздар акча менен бул дуйнонун амалынан чыгып кетет алланын алдында кантип жооп берет шариятда да барго жашы жете елек талды кыйба деген
30.11.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй алла эми ошо Алкановго инсап ыйман берсин.Байкуш кызды кудай озу менттердин зордугунан сактасым.апасы 5-убак намаз тахажут намазын окуп алладан суранса кызы кудай буюрса тез бошойт
01.12.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Алканов бала-чакасынан тууган уруктан уялбай кантип журду болду экен, озунду озун эле сайып албайсынбы. Торунон кору жакын калган адам, кыскасы соз жок.
06.01.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ota.88, провокация жаратуудан алыс болууну сунуштайм! Тилекке каршы, сиз сураган маалымат берилбейт.
08.01.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх баары бир кылгандарыбызга жооп беришибизди билбей жатабыз да
11.02.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 жаштагы кызга Алкановдун олуу- тируусунун эмне кызыгы бар эле дейм да, же Алканов алжый баштаган го. Берки эки шуркуяны кысмактаса эле билинсе керек иштин чоо жайы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо