МУЗ ЭРИГЕНДЕ...

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

Эмне болду мага? Качан мен ушундай жан элем? Эмнең менен, кайсы касиет сапатың менен өзүңө байлап алдың? Кандай болсо да байладың да койдуң. Бир учур болгон, жар алдында калган эликтей жалооруган. Бир учур болгон, жашоомду аңтар-теңтер кылган. Бир учур болгон, мени жар ылдый кулаткан... Ошондо мен ишенимден да, сүйүүдөн да айрылган элем. Ал жорукту унута да, кечире да албай койдум. Кекчил экенмин, ал адамды мен ыйлагандан да жаман боздоттум. Анда да көксөөм канбады. Дагы, дагы өч алгым келди. Ал тургай ал үчүн бүтүндөй эркек аттуудан өч алгым келди. Биринин да сезимин чын деп кабыл албаганга, эч кимге байланбаганга аракет кылдым. Ушуга чейин сезимге орун бербей жашап келгем. Кээде өмүр бою ушул боюнча каламбы деп коркуп кетчүмүн.
Ким билет, ошол жамгырлуу күнү экөөбүз капысынан жолугуп калбасак, кандай болмок. Тагдырдын тайгак жолдорунда темселеп жүрдүм, жаңылдым, мүдүрүлдүм. Канча адамды жолуктурсам да баш чайкай берчүмүн. Көрсө, мен сени гана эмес, өзүмдү издеп жүрүптүрмүн. Сени жолуктурганда гана өзүмдү таптым.
Жаным, сен мени ушунчалык өзгөрттүң. Бузулбайт деген принциптеримди түп тамырынан бери буздуң. Биринчи кезиккенде «убара болбо, мен эч кимди сүйбөйм, ал сезимди менден издеп убара болбо» дегем. Ошентсем күлүп, «мени менен бир күн гана чогуу бол, андан кийин сени жайыңа коём» дегенсиң. Бир күн – дүйнөдө жылуулук бар экенин, менин да жүрөгүм бар экенин, ал кээде-кээде түрсүлдөй турганын сездирген бир күн.
Экөөбүз сүйлөшө бердик, бала бакчага барганыбыздан баштап ушул кезге чейинки күндөрүбүздүн баарын айттык, ага да ыраазы болбой, тууган-туушкандырыбызга чейин айттык. Сөзүбүз бүтүп калдыбы, кол кармаша үнсүз кете бердик. Ошол учурда ушул жол эч качан бүтпөшүн, сен берген, сенден тапкан тынчтыгым бузулбашын тилеп жаттым. Колуңду колумдан бошоттуң эле, бир аздан кийин өзүм издеп колуңду кармадым. Ошондо шарт бурула мени тиктедиң да, «колумду эч качан коё бербе, мен дагы сеникин коё бербейм. Кандай күн, кандай шарт болсо да сенин колуңду коё бербейм» дедиң. Көзүңдөн мен качандыр бир кезде жоготуп жиберген сүйүүнү, ишенимди таптым. «Коё бербейм» дедим шыбырай...
Кайсы бир учурда алсыздыкка алдырат, сөзүнөн таят дегем. Моюнума алам, эчен жолу шектенип карагам. Бирок сен сөзүңдөн кайткан жоксуң. Сүйүүңдү коргой алдың, ошону менен менин жүрөгүмдүн тагына чыгып, махабат таажысын кийдиң. Сени издеп тапкан, акыры жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Көздөрүңдү тиктейм, андан мелт-калт төгүлүп турган бакытты көрөм. Демек, мен да бактылуумун!

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(13)
17.11.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана кооз создор! Бактылуумун.....
17.11.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуусунар!!!
17.11.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))мен да бактылуумун!
17.11.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле бактылуу болушсун...
17.11.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуумун - кандай гана сонун соз )) мен качан айтат болдум экен ушул созду????? ((((
18.11.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балам бар бактылуумун!
18.11.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тагдырым азыр ушундай койуп жиберсе колумду айла жок кайрылбайм баардык адамдар бактылуу болушса екен
18.11.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба адамдар качан гана суйгонун жанында гана озун бактылуу сезет бирок бул дуйнодо бактылуулук жок екен кубанычтуу кундор гана болот екен
19.11.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Если колумду азыр кое берип, басып кетсе, мурдагыдай кайгырып, эстеп жаман болбой мен дагы оз жолумда басып кете берем. Если, ишенимдуу кадам шилтеп аллына басса мен да оз колдоомду корсотуп, бирге кадам шилтейм.
21.11.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар нерсебиздин баркын билсек(жок нерсени издебей) баарыбыз бактылуубуз! Мен да чексиз бактылуумун!!!
25.11.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылууу бололучу барыбыз
28.11.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluumun-degen kandai soonon soz.Baarybyz baktyluu bololu.
15.10.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахка шугур мен да Бактылуумун.Колумду кармап кой бербей турган жигит мен учун эн эле кымбат адам)!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо