Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗДАРДАН "КЛАССТАШТАР KG" КОМЕДИЯСЫ

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж

Режиссёру – Эрнест Уметалиев
Оператору – Мирлан Саткымбаев
Сценаристи – Сергей Королевич
Жанры – Сүйүү комедиясы
Тасманын узактыгы – 1 саат 20 минут
Тартылган жери – Бишкек шаары

Сахнанын белгилүү жылдыздарынын актёрдук чеберчилигин көргүңүз келеби? Анда учурда кинотеатрларда коюлуп жаткан «Классташтар KG» тасмасын көрүңүз. Дос болгон классташтардын 10 жылдан кийинки жашоосун сүрөттөгөн комедия сизди кайдигер калтырбайт.

– Эрнест, сени буга чейин продюсер катары билчүбүз. Кино тармагына өтүшүңө эмне себеп болду?
– 6-7 жылдан бери музыка дүйнөсүндө иштеп, сиз айткандай, жылдыздардын ырларына үн жаздырып жүрүп, көп досторду күт­түм. Ошентип жү­рүп жылдыздарды катыштырып кино жаратсак деген идея келип, Эрнест Абды­жапаров менен биргеликте алгачкы «До+Фа» тасмасын тарткан элек. Өзүм чыгармачыл адам болгондуктан кино тармагына бат эле кызыгып кеттим. Андан кийин «До+Фа-2» тасмасын элге тартууладык. Аз да болсо тасма талаасында жүрүп, тузун татып калгандан кийин өзүм кино тартып көрөйүн дедим.

– Режиссёр катары биринчи эмгегиң экен, жыйынтыгы купулуңа толдубу?
– Туура айтасыз, «Классташтар KG» тасмасы менин режиссёр, продюсер катары дебюттук эмгегим болду. Андыктан мүчүлүштүктөр болбой койгон жок, аны моюнга алам. Мурун тажрыйбалуу режиссёрлор менен иштегендиктен тасмаларды бир айда бүтөт деп пландасак, ошол убакытта жыйынтыктап калчубуз. Мында өзүм болгондуктан бир эпизодду тартып бүткөндөн кийин жакпай калып, кайра декорацияларын өз­гөртүп тартып убара болуп калдык.

– Тасманы тартуу идеясы кимдики? Кино аркылуу элге кандай ой берейин дедиңер?
– Чолпонайдын кыялы десем болот. Ал мурунтан эле ушундай тасма тартылса деп кыялданчу экен. Киного тартылган ырчылардын баары эле мени менен тыгыз иштешкен досторум. Аларга жаңы кино тартуу оюмду айтсам, баары колдошту.
Фильмдин башкы максаты – достукту көрсөтүү. Мектепте ынак достордун мамилеси мектепти бүткөндөн кийин кандай болушу мүмкүн? Чоёңдогон кыздар 10 жылдан кийин деле ошол бойдон кала береби, ушул нерселерди көрсөткүбүз келди.

– Ролдордо жалаң ырчылар экен, алар кастинг менен тандалдыбы, же сценарий аларга ылайыкталып жазылдыбы?
– Башында эле ырчылардын өзүнө жараша роль тандап, сценаристке жаздыргам. Ал эми, мисалы, татаал ролду жаратууда профессионал актёр Атай Өмүрбековду алдык. Калган ырчыларга өздөрүнө жараша турган ролдорду тандадык.

– Жылдыздар менен иштешүү кыйын болгон жокпу? Алар профессионал актёрлор эмес да...
– Образ жаратууда көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Анткени Замир Сооронбаев кайсы учурда кандай ойнош керектигин көрсөтүп, актёрлор менен тыгыз иштешип жатты. Эң эле кыйнаганы бул каармандарыбыздын кечиккендиктери болду. Баары жылдыз болсо да кыйын экен. Чогултуп бир эпизодго тартайын дегенде бешөө келсе, бирөө кечигет. Аны күтүп баарыбыз отуруп калып жаттык.

– Тасма кызыктарсыз тартылбаса керек. Тасма талаасындагы эсте калган окуялардан айта кетсең?
– Баарынан кызыгы, эсте калганы Чолпонай менен Мээримдин (Мирбек Атабековдун жубайы) согушканы болду. Замир агай аларга кантип урушуш керек, эмоцияны кантип бериш керек экенин көрсөтүп жаткан. Экөө болбой эле бири-биринин көзүнө карап назик «ой-ой» деп чапкылашып жатышкан. Бир маалда эле агай китеп менен Чолпонайды бир чапты. Чолпонай да жаман болуп кетти окшойт, колундагы шакеги менен Мээримдин бетине бир тийди. Анын бети тытылып, ал да Чолпонайдын чачынан тартып кирбеспи. Бул репетиция учуру эле. Андыктан, мындай кызык уруш киного кошулбай калды.

– Катарынан тасма тартып жатасың. Сага демөөрчү болгондор барбы?
– Бизде азыр эч ким деле ки­ноңду тартып ал деп көп акча бербейт. Ошентсе да мага де­мөөрчүлүк кылгандар бар. Нишарат Акчалов деген досум чоң жардам кылып, ушул тасма тартылып калды. Ага ыраазычылык билдирем.

– Рахмат маегиңе, жакшы тасмаларды элге тартуулап жүрө бер.

«Тасмадагы татаал ролду жаратуу үчүн профессионал деп Атай Өмүрбековду тандадык».

Гүлжамал Бөрүкулова


Жылдыздар бир тасмада роль жаратышты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
22.10.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
“Кайып булак” кинотасмасында деле жалан ырчылар катышпады беле. Эми бул Эрнистин идеясы деп айта албайбайм. Бул болгону колундагы ырчыларды колдонгону корунуп эле турат. Бироо девушкасы, экичниси досу, учунчусу девушкасынын дос кызы экен. Анан фильмди тартканга коп деле каражат кетпесе керек.
SUPER.KG видео
22.10.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акыркы кундору артистер оздорун аябай эле реклама кылып жатышат.Барибир таланттуу актер кыздар,балдарга жетпейсинер.Андан коро кинобуз сапаттуу болсун десенер,жаш сонун таланттуу актрисалар бар.Ошолорду тарткыла.Кайда жокторду тарта бербей.Ырчы,ырчы бойдон калсын.Элди тажатпай.
SUPER.KG видео
22.10.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы жанылык экен,анча мынча ката болсо эч нерсе болбойт,иши кылып алдыга жылып,аракет кылып онуго бергиле!
SUPER.KG видео
22.10.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самат Доолотбаковдун аялы аябай жасалмадай корунот го
SUPER.KG видео
22.10.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы эле окшойт кино ашар кино болуптур да, ии баса эмки кезек Чолпонайда болуш керек ээ тойлордун кезеги
SUPER.KG видео
22.10.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
уф ушу ырчылардан башка жанылык жокпу
SUPER.KG видео
22.10.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
коруш керек экен.
SUPER.KG видео
22.10.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
москвада кино театрга барып коргонго мумкунчулук жок супер инфо кинону киргизип койгулачы эртерек зериккенде коруп тулалы
SUPER.KG видео
22.10.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр саны бар сапаты жок кинолор кобоюп баратат. Кичине элге тарбиялык жактан да кинолорду тартса жакшы болмок. каяктагы артистерди эле курчак кылып чыгара бербей.
SUPER.KG видео
22.10.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эми сынды коргондон кийин айтабыз
SUPER.KG видео
23.10.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Назгул токтакунова койногун чечип эле албаптырда же кийинбей эле койсо
болмок койногун. Карасанар бут эле Дениса корунотко Кайда Бараташвили ээээ окунучтуу
SUPER.KG видео
23.10.2014. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Режисер озу айткандай достор менен суйлошуп олтуруп келгиле тартып корбойлубу деп эле тартып койгон турбайбы..... Буткул кыргыз элине коргозо турган болгондон кийин ойноп тартпай ойлонуп тартпайсынарбы
SUPER.KG видео
23.10.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздын кинолору идея жок эптемей эле ..уят эле башка олкого корсотуудон.озунда уй булон менен коруудон уяласын адам...бир кор суйлойт...киноо адамды озуно тартыш керек кызыктырыш керек .чыныгы турмуштан алынат
SUPER.KG видео
23.10.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик мындан да жакшы кинолорду жарата бергиле
SUPER.KG видео
23.10.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
j.julduz,
Саламатсызбы! Жакшы эле көрсөтүп жатат, интернетиңиздин ылдамдыгына жараша болушу мүмкүн. Катачылыктар кайталанса бизге купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
SUPER.KG видео
23.10.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр кыргыз шоу бизнесинен эптеп эле озун жарнамалап таанытып,акча табыштын айласы болуп калды. Эл киндин ким экендигин деле унутуп бараткандай...
SUPER.KG видео
23.10.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurtai,
Саламатсызбы! Башка видеолор көрсөтүп жатабы? Кэшти тазалап кайра аракет кылып көрүңүз.
SUPER.KG видео
23.10.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аман болушсун
SUPER.KG видео
23.10.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кинону коруп туруп анан сапатына сын айтсанар,алдынала козачыктык кылабербей.
SUPER.KG видео
23.10.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чолпонай жагатда)))
SUPER.KG видео
24.10.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зал толбой калыптырго?!
SUPER.KG видео
24.10.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Киного барып убактынарды акчанарды кетирбей эле койгула. Фильм фуфло полное!!!
SUPER.KG видео
25.10.2014. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мээримдин голосу соонунго
SUPER.KG видео
26.10.2014. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
назгул токтакунова чындап талант ээси ага ийгилик
SUPER.KG видео
26.10.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чолпонай эле сонун кыз, до+фа тасмасынан кийин жагып калган. аялыма Чолпонайды жактырып калдым деп тамашалап журом,ха ха.
SUPER.KG видео
30.10.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чолпонайды суйом да суйом бирок чач кантет??)))))))) озгочо болом деп стилин бузуп албаса болду карындашым
SUPER.KG видео
04.11.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Режиссеру биринчи кином деп жатпайбы.Значит каталар кечиримдуу. Жакшы кинодой корунот кызыгып калдым
17.11.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаккан жок бул кино. эптеп септеп эле бирдемке
17.11.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кино жакшы эле тартылган...эми бир коргонго жарайт..жеке мага жакты..айрыкча Назгул бензопила менен тушкон кадр жана да Фарида менен Мээримдин атаандашуусу, чачташканы...чынында эле 10жылдык 20жылдык жолугушуда адамдар бири бирин сындайт: ким кандай болуп калды, каерде иштейт деп. кинонун идеясы жакты)))кыскасы кинозалга барып коруп келиниздер)))позитивдуу маанай тартуулайт)))
18.11.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин байкашымча бул кинодо Роза(Зинанын ролун жараткан) актриса да журот го аны куйоого тийди деп атпады беле супер инфо бир маекке чакырып койбойсунарбы мага жагат ошол эже
18.11.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azizka94,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо