Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖОГОЛУП БАРАТАБЫ?

№368 20-26-ноябрь, 2009-ж.

Маанилүү маселе

Жер шарындагы 6 миллиарддан ашык эл болжол менен 6 миң тилде сүйлөйт. 21-кылымдын аягына чейин тилдердин 40 пайызы жоголуп кетиши ыктымал. Алардын ара­сында кыргыз тили да бар.

"Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет" деген кооптонуунун жаралышына, биринчиден, өлкөбүздөгү экономикалык абал себепкер. Көпчүлүк кыргыздар акча таап, өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн Орусия, АКШ өңдүү өлкөлөргө кетип жатышат. Ал жакта эл кайсы тилде сүйлөсө, барган кыргыздар да ошол тилде сүйлөөгө аргасыз. Экинчиден, Кыргызстанда туруп эле "киргизге" айланган кыргыздар бар. Бул да эне тилдин жоголуу коркунучун күчөтөт.
Изилдөөлөргө таянсак, тилдер көбүнчө эки тилдүү өлкөлөрдө жоголот. Үстөмдүк кылган тил мектептерде, телевидениеде жана соодада экинчи тилди кысып, акырындап сүрө баштайт. Кыргызстан да кош тилдүү мамлекет.

"Тилибиздин жоголушуна негиз жок"
"Кыргыз тили жоголуп кетиши мүм­күнбү?"­ деген суроо менен Маданият агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Азимжан Ибраимовго кайрылдык.
– 1 миллион калк сүйлөгөн тил эч качан жоголбойт. А бизде 3-4 миллиондон көп эл кыргызча сүйлөп, окуп, жазат. Демек, кыргыз тили жоголуп кетпейт.
“Кыргыз тили жоголуп баратат” деген маалымат БУУнун резолюциясында көрсө­түл­гөн. Анда "дүйнөдө жоголуп бараткан 50 тилдин ичинде Кытайда жашаган фуюй кыргыздары колдонгон кыргыз тили да бар" деп көрсөтүлөт.
Учурда Түндүк Кытайда 3 миңдей фуюй кыргыздары жашайт. Алар кытайча, дунганча сүйлөп калгандыктан, алар сүйлөгөн кыргыз тили жоголуп баратат деген маселе көтөрүлгөн. Демек, бул сөз Кыргызстандагы жана Кытайдын СУАРында жашаган кыргыздарга тиешеси жок.
Азыркы мезгилде тилдердин жоголушуна глобалдаштыруу да таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, дүйнөдө 3 чоң тил: кытай, орус, англис тили үстөмдүк кылууда. Мисал келтирсек, орус тилинде дүйнөнүн 150 миллион эли, кытай тилинде 2 миллиардга жакын эл, англис тилинде 750 миллионго жакын адам сүйлөйт. Бул 3 тил майда тилдерди кысып, алардын жок болушун ылдамдатат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
23.11.2009. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тили жоголушуна барыбыздын тиешебиз бар, ошондуктан барыбыз оз эне тилибизде суйлош керек, озгочо коомдук жайларда мисалы:маршруткада кыргыздар эле бири-бирине орусча суйлошот, азыркы жаш муундар орусча билбесе цивилизациядан артта калгандай сезишет, оз эне тилибиз менен эле барын жасаса болот, кыргыз тилинде эмне деген маданияттуу создорубуз бар, ошондуктан бала бакчаны, мектептерди,чон окуу жайларды кыргызчага басым жасатыш керек, ата-бабабыз кайсы тилде суйлосо ошол тилде суйлойлу,кырг
23.11.2009. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кыргыз тили жоголсо (Кудай анын бетин нары кылсын!),чалчыңдап, кыргызчаны "жарды" деп жээрип, башка тилдерге телинген өзүбүздүн кандаштарыбыздын көбөйүшөн эле издөө керек!..
26.11.2009. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлош керек деген эле киши, суйлогону аз.
Кыргызча суйлой турган КТРибиздин абалын коруп турабыз, жакшы эле кыргызча беруулор кобойуп келе жатты эле кайсы кара теке сузду кайра артка кетекндей корунуп жатат, бирок, мен ушул кунго чуйин бир дагы орустун КТРди коргонун же ошол жонундо суйлошконун билбейм.
Баарыбыз эле КЫРГЫЗ тилинин азыркы абалына кейип жатабыз, кейип кейип барып эле остановите деп жатпайбызбы! Буга ким куноолуу? Бакиевби, же Усеновбу? Же мумкун Пушкиндир?
29.03.2010. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин уйдо (Бишкекте)эч кандай кыргыз каналдары корсотпойт.
кыргызстандын №1 болуп алган каналы КТРда жок
жалан казактардын 3-4каналы
россиянын 3-4 каналдары туптунук корсотот.
туштукто болсо озбектердин каналы болсо биздин
кыргыз тили жоголбой кимдин тили жоголот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо