Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАМБАЕВ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КААТЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУНУН БАШКА ЖОЛУН ТАПТЫ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн номур биринчи маселе энергетикалык каатчылыкты чечүү болуп турган чагы. Андыктан өлкө башчы Алмазбек Атамбаев акыркы апталардагы иш сапарларын дал ушул маселелерди чечүүгө арнады.

Алгач Казакстанга жол алган ажо эки маселени чечип кайтты. Биринчиси: Казакстан 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын бизге экспорттой турган болду. Экинчиси: жарым жылдай убакыттан бери өткөрүлбөй турган күйүүчү май куюлган вагондорду Кыргызстанга өткөрүүгө казак туугандар макул болуп, анын биринчи партиясы 11-ноябрь күнү Кыргызстанга келди.
Ажонун экинчи расмий иш сапары Түркмөнстанга болду. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга 700 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттоо маселесин карап көрмөй болду. Түркмөнстандын электр энергиясы Кыргызстанга кандай жол менен жеткирилет, же чектеш жайгашкан өлкөлөр менен алмашуу жүрөбү, анысы азырынча айтылбады.
Ажонун Казакстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыктарына токтолгон Нурсултан Назарбаев "Быйыл Кыргызстанга 400 миллион киловатт-саат, кийинки жылы 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын бөлүп берүү боюнча келишимге келдик. Ал эми кыргыз тарап ортобузда болгон макулдашууларга ылайык, 400 миллион киловатт-саат электр энергиясы боюнча сугат суу менен камсыздоого ишендирди",- деди.
“Супер-Инфо” өзүнүн иликтөөлөрүндө Кыргызстанда суу тартыштыгы 4-5 жылда бир кайталанып турарын, сууну үнөмдөө азыр эмес, мындан 2 жыл илгери башталса, бүгүнкүдөй каатчылык жаралмак эместигин жазган.
Кыргызстан мындай маселеге биринчи жолу туш болуп отурган жок. Адатта Токтогул суу сактагычындагы сууну электр энергиясын өчүрүү менен үнөмдөчүбүз. Осмонбек Артыкбаев башында турган Энергетика жана өнөр жай министрлиги абалдан чыгуунун башка жолун таппай, балким, издештирбей, кайрадан электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү башталган эле. Атүгүл 3 фазалуу абоненттерди 1 фазага өткөрүү, үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга атайын уруксаты барларды чектөө, айтор, быйылкы кыш кыргызстандыктар үчүн “чектөөлөрдүн маалы” болгону калган. Өлкө башчысы мындай чечимдерди кескин сынга алып, “чектөөлөр, өчүрүүлөр менен биз Кыргызстанды таш дооруна сүйрөйбүз, башка жолун табуу керек” деп чыкты. Ошол эле күнү аталган министрлик башчысы өз арызы менен жумуштан кетти. Парламенттик башкаруу деген менен парламент, ал кураган өкмөт минтип чабал болуп, чечилбей жаткан маселелер боюнча сындар түз эле президентке тийүүдө. Ажо энергетиктердин ордуна минтип чарбалык иштерди өзү аралашып чечүүгө аргасыз. Андыктан сындап эле тим болбой, абалдан чыгуунун жолун да тапты. Кыргызстан сырттан электр энергиясын сатып алмай болду. Буга чейин дипломатиялык иштешүүлөр жолго коюла элек Түркмөнстан менен алака түзүү башталды. Белгилеп өтчү жагдай, кадимки колдонуучуларга, демек, карапайым калкка сырттан кымбат баада сатылып келинип жатканына карабай, электр энергиясы азыркы баада калмакчы. Өкмөт сунуштап жаткан айына 700 киловатт-саат электр энергиясы кадимки күнүмдүк тиричилик үчүн жетет. Эгер абоненттер айына 700 киловатт-саатка чейин колдонсо, ар бир киловатт үчүн 70 тыйындан төлөйт. Ал эми электр энергиясын айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонуп жаткандар болсо хан сарайлардын же өндүрүш ээлери. Калктын бул катмарында электр энергиясына акча төлөөгө мүмкүнчүлүк жетиштүү.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
24.11.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кылыктарын кошумча кесипке айландырып алышты биздин чондор. Мен уялып кетип жатам.
24.11.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оо приздентибиз жакшы иш кылыптыр эми ошо ишинер ишке ашсында айткан созунордун устунон чыкыла бензин арзандабайтко
24.11.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.kg,
Саламатсызбы! Билдирүүңүздү жакшы сактабай калсаңыз керек, кайрадан жазып көрүңүз.
24.11.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президентибиз ар кимден карыз сурай берип опытный болгонго дейм, ийгиликтүү келиптир.
24.11.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса быйылкыдай суу жетпей кургайт экенбизда
24.11.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо саламатсыздарбы
24.11.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksat2016, саламатсызбы!
24.11.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тооба бизге эч нерсе жакпайт. Жарыкты очурсо башка жол издебейби дейт элек, эми эптеп суйлошуулорду жургузуп келсе, аны да жактырбай карыз болгон экенбиз дейбиз. Адам онолмоюнча коом онолбойт. Ар бирибиз озубузду оносок жакшы болоор эле
27.11.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meka, Ошол эмеспи, эла да мээси айланып көрүнгөн саясатч, эл бузар, жер бузарлардын тескери сын-пикирин алып жүрбөй, туура, дурус, калсы өздүк дүйнө карашы менен жашасачы.
24.11.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
700 кв/ саатан ашкандар канча толойт жазылбаптыр го
25.11.2014. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azura, 2,05 сом кылабыз деп жатышат, 1-декабрдан баштап...
25.11.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен австрияда энергетика жагында окуйм.Биздин агай ,Германия комурду австралиядан сатып алат деди.энергетика биздин эле эмес,дуйнолук проблема.
25.11.2014. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок кымбат алып жатабыз да - 5 сомдон ашыкка (Казакстандан).
Ал эми 700 КВатт жетпейтко, мисалы Ошто газ жокто...
25.11.2014. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андан көрө тегиз эле 1 сом кылса болмок.
25.11.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келерки жылы суунун баарын Туркменистанга жонотуп бизге суу жок, андан кийинки жылы да электр энергиясы тартыш
25.11.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр газ деги жокко эсе суу водоканалдар деги жокко эсе отопление жокко эсе Эми бишкек шаарда эле болбосо коптогон Шаар статусун алып жургон бир канча шаарларыбызда жок бул нерселер болсо дагы жооп бербейт оз ишине мен эптеп бир генератор алып алсам башкасын уруп ойнобойт элем
25.11.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолун таап сатып алууну окмотко дайындаганы жакшы бирок окмот 5-6 миллион $ды кайдан табабыз деп башы катып отурат го
25.11.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША иним азаматсын свет очпой элге жакшы эле болду буйруса кыштан чыгабыз.
26.11.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажобуз жакшы иштерди бутуруптур!
26.11.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atambaevge iwenip koygula.al dagy bawka jerden karyz taap bizdi baga beret.
26.11.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм,кээ бир сын пикирлер,туура бирок..башка айла жок,бирок карыз алынган акчаларды,туура пайдаланайлы..супер инфо,эгер мумкун б.со.Атамбаевдин жамандагандарды жазбайле койгулачы,ал жаман б.со да ажобуз..сыйлап урматтайлы.
26.11.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan elektir energiasyn konshularga satsa ozvno jetpeit, satpasa dele Toktogul suu saktagychynyn ondvrgon elektir energiasy jetpeibi? Kambar Ata gesi kurulup bvtso Kyrgyzstan konshulardan satyp albai ele oz maselesin ozv chechet degen vmvttomvn.
26.11.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan elektir energiasyn konshularga satsa ozvno jetpeit, satpasa dele Toktogul suu saktagychynyn ondvrgon elektir energiasy jetpeibi? Kambar Ata gesi kurulup bvtso Kyrgyzstan konshulardan satyp albai ele oz maselesin ozv chechet degen vmvttomvn.
26.11.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan elektir energiasyn konshularga satsa ozvno jetpeit, satpasa dele Toktogul suu saktagychynyn ondvrgon elektir energiasy jetpeibi? Kambar Ata gesi kurulup bvtso Kyrgyzstan konshulardan satyp albai ele oz maselesin ozv chechet degen vmvttomvn.
27.11.2014. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oa atambaev ajobuz. birok al maktoogo tatyktuu jumuw jasaganyn koro elekmin.
27.11.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"БАШКА ЖОЛУН" тапкан коро,боктон мончок тапканы он болмок. Канчалык даражадагы шерменделик ээ,туугандар,даяр ГЭСтеги сууну сокур тыйынга сатабыз да,бироодон олчойгон акчага жалдырап сатып алабыз.
29.11.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jetinur90, 100 % кошулам.. Ажообузга соз жок.. Анан жазгандар Атамбаев проблемадан чыгыштын башка жолун тапты деп жазбай койсонорда болотко..бул проблемадан чыгуунун убактылуу отложенный проблема деп койсок болот.. Озубуздон чыккан электр энергиясын жетпегени себеп чондор сатат аны. Даяр чыккан нефтини токтоттук.. Мумкун болсо азыркы кундо чыгып атабы ошо жонундо жазып койсонуздар.
28.11.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алгандын бермеги бар дейт. Баарынан эле карыз алып жатат ошол карызга алган акчаны туура колдонбой чиновниктер букадай семирип эле жатат.
28.11.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asilkg, эн туура соз.
29.11.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asilkg, Эн туура.. Ал жактан мынча беретурган болду , бул жак мынча берди деп эле телектен коробуз..бирок элге 200000 миллион$ дон 2 долларлык пайдасы жок. Карызга алып алып кетет бул чондор баары..
28.11.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев жакшы иштерди кылып жатат. Отуруп алып эле жамандай бербегиле да озунор анын ордунда болсонор кыйратып салчудай
29.11.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursss_Real_Madrid, Эл оз ойун айиууга укуктууго же сага окшоп чынында кыйн болуп атсада равнодушно кыйрата албайбыз деп койо берелиби..
29.11.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарга эл. энергиясын 1.92сомдон экспорттоп, кайра 5.13сомдон импорттоп алуу деген кандай эрдик?
29.11.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отукчу отуксуз дегендей экен да.
30.11.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры барып кыргызстанды жеп, туготуп, карызга батырып ,жерлерди алдырып жани тынатго булардын.
Озубуздон свет чыкса аны башка мамлеккетерге саатып эми башкалардан свет сурап журот уялгандын оордуна. Башка мамлеккетерде мындай проблема деле жок кыргызстанда эле.
30.11.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар жазган созунорду окусада таасир этпейт чондорго беттери да чымырабайт
30.11.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozubuzdun gesterdegi suu, jaiynda bawka olkolorgo satylyp jatpady beken ???
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо