№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
Эркектер арасында "эпчил болсоң эжесинин да эбин табасың" деген тамашалуу сөз бар. Арабызда бул сөздү "чын" ойлоп алгандар да бар экен. Буга жакындаэле болуп өткөн окуя далил болду.
Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Чүй обулусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу айылынын 33 жаштагы Калипа (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызында ал 6-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында бир тууган сиңдисинин күйөөсү, тагыраак айтканда, күйөө баласы күч колдонуп зордуктап койгондугун айткан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип 34 жаштагы Алтынбек аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Ал кайын эжесин зордуктаганын моюнуна алып, учурда тергөө абагында.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Айбек Арзиматовдун айтымында шектүүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (адамды күч колдонуп зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал мурда соттолгон эмес.
«КАЙЫН ЭЖЕМ ЭКӨӨБҮЗ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ КОШУЛУП ЖҮРГӨНБҮЗ»
Кылмышка шектүү тергөө учурунда төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү берген:
– Келинчегим Москвада иштейт. Экөөбүздүн ортобузда 2 бала бар. 6-ноябрь күнү кайын эжемди үйгө алып келдим. Жаман оюм жок болчу, конок болуп кетсин дегем. Отуруп арак ичтим, ал болсо ичкен жок. Аягында мастыгымдын айынан ушул окуя болуп кетти. Негизи кайын эжем экөөбүз 10 жылдан бери эле кошулуп жүргөнбүз. Ал күнү деле күчкө салып зордуктаган эмесмин, эки тараптын каалоосу менен болгон. Эртеси эле милицияга арызданып коюптур. Азыр кылган ишиме аябай өкүнүп жатам. Бардыгынан кечирим сурайм.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!