ИШКЕРДИ АЯЛЫ МЕНЕН БЫЧАКТАП КЕТИШТИ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Баткен шаарындагы үйлөрдүн биринен 16-ноябрда шаардык ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жардам суроо иретинде коңгуроо келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бычакталып, кансыраган 61 жаштагы үй ээсин, ошондой эле жаракат алган үй ээсинин 56 жаштагы аялын көрүшкөн.

«КАРАКЧЫЛАР ТАБЫЛА ЭЛЕК»
Бул боюнча ИИМдин маалымат кызматы төмөнкүчө маалымдады:
– Окуя 16-ноябрда таңга маал саат 05:30 чамасында болгон. Бет капчан, бычак менен куралданган белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип барышкан. Алар үй ээсин коркутуп, алгач эсин оодара уруп, андан соң аялына кол салышкан. Эсине келген үй ээси тоноочулар 3 киши экенин көргөн. Аны байкап калган шылуундар жабырлануучуга бир нече ирет бычак сайган. Ал учурда жабырлануучунун аялы уктап жаткан 8 жашар небересин жууркан менен жашырып жаба койгонго жетишкен. Ошол себептен балага зыян келтиришкен эмес. Үйдөн алчусун алып, кылмышка шектүүлөр из жашырып кетишкен. Жаракат алган үй ээлери саат 07:00 чамасында ооруканага жеткирилген.
Учурда бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, Шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы шектүүлөрдү издөө амалдарын жүргүзүп жатышат. Жабырлануучу жеке ишкер болгон. Болжол боюнча анын үйүндө акчалай каражат бар экенин билген адамдар киришкен. Үйдөн канча суммадагы акча уурдалгандыгы азырынча белгисиз. Сумманы аныкташ үчүн үй ээси суроолорго жооп бергидей абалга келип, ден соолугу турукташуусун күтүү керек болууда.

«БЕЙТАПТАР ООР АБАЛДА КЕЛДИ»
Жабырланган ишкердин абалын билүү үчүн Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси ТУРГУНБАЙ АЙЖИГИТОВГО байланышканыбызда, бейтаптын абалы турукташып калганын билдирди:
– Бейтап Адыкутус Шүкүров 16-ноябрда таңкы саат 07:40та облустук оорукананын травматология бөлүмүнө оор жаракат менен келип түштү. Ал эми жубайы Асылкан Шүкүрова да бир нече жеринен учтуу нерседен жаракат алган, моюнуна бычак сайылган. А.Шүкүровго шашылыш операция жасалып, жарааттары тигилди. Анын көкүрөгүнө, баш сөөгүнө бычак урулуп, мурдун да тилип кеткен. Денесинде уруп-сабоонун дагы издери бар, мээси чайкалган. Учурда комадан чыгып, абалы турукташа баштады. Жубайынын жарааты жеңилирээк, ошондуктан палатага которулду. Эми А.Шүкүровду да жубайынын жанына которолу деп турабыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
24.11.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э куда заманыбыз эмне болуп баратат азыркы заманда адам омурунонда акча кымбат болуп каптыр э аллахым жиндилерге инсап бере кор кудайым озу корсотсун ага
24.11.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ниети бузулган адамдарга айланайын деп калдыкго кудай сактасын. Оздорун жакшы билген эле адамдар кылды мындай айбанчылыкты.
24.11.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы мыкаачылар кылсада өз жазаларын алатго жараткан өзү жазалайт,алып кеткен акчалары тешип чыгат бир жеринен.айбандар десе...жакшы небересин жашырып койуптур болбосо аныда бир нерсе кылат эле акмактар.
24.11.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билген адамдар эле кылат да мындай кыянатчылык менен. Суткорлук менен алектенген дешет же ошол карыз алып толойалбай калгандар кылган.
24.11.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны уйго сактаьай банкта сакташ керек,акчасы бар экенин билген адам жасаган да
24.11.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогондор,акмактар!!
24.11.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулардын жазасын кудайым озу деле берет . Акмактар бекер оокатка уйронгондор. Эми табылып жазаларын алышса экен
24.11.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акча болсо дагы бале жок болсо дагы бале
25.11.2014. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Кудайым озу жазасын берсин ошо каракчылардын.Асылкан эже коз жумду адамдын жаны акча алдында эч нерсе эмес болуп калды.Жаткан жайы бейиш болсун.
27.11.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anyta2202, жаман иш болуптур, аялы жакшы палатага котордук деп жазган экенго,кылмышкерлер табылып калсын
25.11.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toboo adamdar ne bolup baratat jazany ku4otuu kerek
25.11.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар оздорун жакшы билген, тааныган адамдары эле жасады.
25.11.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тез табыш керек
26.11.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо!томондо биро асылкан Эже коз жумду деп жазыптыр го тактап бериниздерчи?
26.11.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз. Соңку кабар http://www.super.kg/kabar/ бөлүмүнө баш багып туруңуз.
28.11.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду аябай Абдукутус аке да коз жумду. Балдары чыркырап сыздап кала беришти.Жаткан жери жайлуу болсун. Балдарына сабыр берсин аллахым.
28.11.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каракчылар
28.11.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудайым биз кайда бара жатабыз? Адамдарга ыйман, сабыр, акыл бере кор!
29.11.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол адамдарды таап жазалаш кере
30.11.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карыларга ыйман,жаштарга ынсап берегор Аллахым,биздин Кыргыстанда да оор кылмыш жасагандарга атууга окум чыгарса мындай журок ушун алган окуялар азаймак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо