Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Рыскуля Намазбекова, сулуулар сынактарын уюштуруучу: «СЕН КЫЗ САТЫП ИШТЕЙСИҢБИ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ»

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Сулуулук. Бул сөз ичине кереметти да, касиетти да, улуулукту да камтыйт. Кыргызды кымча бел сулуулары, келишимдүү жигиттери аркылуу ааламга таанытам деген уул-кыздардан да куру эмеспиз. Алардын бири сулуулар сынактарынын уюштуруучусу Рыскуля Намазбекова «Аалам периси» сынагы 10-15 жылда Кыргызстанда өтөрүнө ишенем» дейт. Анда конокко сөз берели.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 16-январь
Билими – КМКТАУнун менеджмент жана башкаруу факультетин аяктаган
Ийгиликтери – «Жети-Өгүз периси», «Ысык-Көл периси» сынактарынын жеңүүчүсү
Учурда – «Кыргызстан сулуусу», «Кыргызстан мырзасы», «Кыргызстандын сулуу айымы», «Бишкек сулуусу», «Мисс бикини-КМШ» сынактарынын уюштуруучусу

– Рыскуля, сулуулар сынагын уюштурууну качан, кантип баштап калдың?
– 2007-жылы өзүм окуган КМКТАУда биринчи жолу окуу жайдын ичинде сулуулар сынагын уюштурган элем. Бутум-бутума тийбей чуркадым, нервим короду, бирок уюштуруу жагып калды. Анан бир гана өзүмдүн университетимде эмес, Бишкектеги жогорку окуу жайлар арасында өткөрсөм кандай болот деген ойго жетелендим. Уюштуруу жагынан жөндөмдүү экенимди байкашса керек, продюсер, режиссёр Нурлан Мамакеев, стилист Замира Молдошева, телеалпаруучу Алексей Филатов «жардам бере аласыңбы?» деп ар кандай долбоорлоруна чакыра башташты. Сынактарда калыс катары баасын берип, кеп-кеңешин айтып колдогон Замира эже «компания ачып, өзүңдүн атыңдан чыкпайсыңбы?» деп айтып жүрдү. Ошондон кийин «R style Beauty Company Kyrgyzstan» деген компания ачып, олуттуу түрдө ишке киришип, «Кыргызстан мырзасы-2013» деп жигиттер арасында сынак уюштурдум.

– «Кыргызстан мырзасы» сынагы жигиттердин кыздардай кийинип чыкканы менен көпчүлүктүн эсинде калды. Идея сеники беле?
– Орусиянын Биринчи каналындагы «Один в один» көрсөтүүсүндөгү атактуу жигиттердин айымдарды туурап чыгышканын көрүп, идея жагып калган. Ошондой кылалы десем катышуучу жигиттер да каршы болушкан жок. Бирок андай көрүнүш биздин элге жакпайт экен, катуу сындашты. Үстүбүздөгү жылы өткөн жигиттер арасындагы сынакта ал тапшырманы кошкон жокпуз.

– Өзүң уюштурган сынакка катышкан жигитке турмушка чыгыптырсың. Ошондо жолдошуң «Кыргызстан мырзасы» наамын алган жигитпи?
– Бул жагын жашырып коёюн десе, ал да чыгып кеткен турбайбы. Ооба, жолдошум ушул жылы өткөн сынакка катышкан. Аты – Ильяс. Бирок баш байгени алган эмес. Сынакка даярдык көрүп жүргөнүбүздө баары эле «ушул жигит алса сонун болмок» деп жатышкан. Мен анда деле көңүл бурган жокмун. 2-орунду алып калганда жанына барып «капа болгон жоксуңбу, баары жакшыбы?» десем, «мен утмакмын» деп калды. Ошондон тарта экөөбүз тез-тез телефон чалышып, СМС жазыша баштадык. Үйлөнүп калабыз деп ойлогон эмеспиз. Маңдайга жазганы экен, минтип баш кошуп калдык. Башында жолдошумду менин акчама кызыгып жатат деп чыгышкан, чынында, ал менден өткөн бай.

– Жеңүүчү дүйнөлүк сынакка катышуу үчүн кандайдыр бир сумманы төлөш керек, жол киреси да бар дегендей, бул жагын ким көтөрөт?
– Сынакка катышкандыгы үчүн төлөнчү сумма биздин компаниянын атынан кетет. Ал эми жол кире талапкердин чөнтөгүнөн. Мисалы, «Кыргызстандын сулуу айымы» сынагынын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова эсиңиздерде болсо керек. АКШда өткөн «Дүйнө жүзүндөгү эң сулуу үй-бүлөлүү айым» сынагына катышып, 2-орунду алып келди. Анын катышуусу үчүн биздин компания 2000 доллар төлөп берген. Мен жеңүүчүгө айтылган акчаны да, жолдомону да берем, убадамды аткарам.

– Демөөрчүлөрүң көппү?
– Менде ушундай талант бар экен, суранып барган адамдарымдын көпчүлүгүнөн колдоо табам, ишеничине кирем. Барганда аны сүйлөтпөй эле быдылдап жасаган иштеримди айтып кирем. Алардын айрымдары жадакалса жарнама да талап кылышпайт. Эгер биздин компания жаман болсо, бир жыл иштешкенден кийин, экинчисинде «рахмат, кереги жок» дешмек. Ишти баштагандан бери жыл сайын колдоп келе жаткан компаниялар бар.

– Дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарды да өткөрсөм дейсиң. Бул иш биздин, тагыраагы, сенин колуңдан келеби?
– «Мисс бикини КМШ-2014» эл аралык сынагын августта Ысык-Көлдө уюштурдук. Эл аралык деңгээлде уюштурулган алгачкы сынагыбыз жаман болгон жок. Жакынкы күндөрү «Мисс Евразиянын» лицензиясын алып, Кыргызстанда өткөрөм деп жатам. Эң башкы максатым – престиждүү делген «Аалам периси» сынагын мекенибизде өткөрүү.

– Сынактан жакшы эле акча түшөбү?
– Укмуш деле түшпөйт. Эң башкысы, кеткен чыгымды жабат. Акча жасагым келсе «баланча миң доллар берем, уткан кыз мени менен эс алып келсин» дегендерге дароо макул болмокмун. Бизде орундар да сатылбайт, сатылышы да мүмкүн эмес. Кээде айрымдар «мен баланча акча берем, мага мындай кыз таап бер» деп келишет. «Мен кыздарды сата албайм, таанышкыңыз келсе башка жолдорун издеңиз» дейм. Ал гана эмес, «сен кыз сатып иштейсиңби?» деп сурагандар да бар.
Бир жолу Астанага эл аралык сынакка барганымда уюштуруучулары «жүрсөң, өзүнчө сүйлөшөбүз» деп калышты. Барсам «кыздарыңды сатасыңбы?» дешет. Мен таң калып «кандайча?» десем, «бизде кыргыз кыздарын жактырган олигархтар болот» деп жатышпайбы. «Жок, сатпайм» десем, «азыр жашсың, сен деле кийин биздин даражага жетесиң» деп коюшту. Мен үчүн акча эмес, карьера бийик. 24 жашымда ишимдин артынан бир топ чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык сынактарга калыс болуп келдим. Бул мен үчүн чоң жетишкендик.

– Жакшы, маек соңунда бала чагың туурасында айта кетсең.
– Мектепти төрөлүп-өскөн Кызыл-Суу айылынан аяктадым. Окуучу кезде бош убактым такыр жок эле, музыкалык мектепте окуйм, кошумча англис тилин, бий үйрөнчүмүн. Үйгө беш мүнөт кечигип келсем уруш угат элем. Кичинемден эле ата-энемди сүйүнтө турган иш кылам дечүмүн. Борборго келгени окуу жайды эмне болсо да кызыл диплом менен аяктайм деп максат койдум. Президенттик стипендияга жетиштим. Роза Отунбаеванын колунан убагында «Мыкты студент» деген наам алдым. Кичинемден эле коомдук иштерге активдүү катышып келем.

– Маегиңе рахмат, ой-тилектериң ишке ашсын.

«Мисс бикини-КМШ» эл аралык сынагы мен үчүн чоң тажрыйба болду».

«Кичинемден эле ата-энемди кубанта турган иш кылам дечүмүн».

«Жолдошум бою узун, келишимдүү болсо деп тилечүмүн, тилегим орундалды».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Сүйүүмдү өзүм уюштурган сынактан таптым" дейт Рыскуля Намазбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(91)
25.11.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ото улуу корунот экен озунун жашынан...анан ашкан деле сулуу эместей... жылдызы жок экен.
SUPER.KG видео
26.11.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо,сураныч съездбек искеналиев,замир арыкбаев,султан садыралиев,эрмек нурбаев,сема,Маскат бегалиев,мирбек иманбеков,Бакыт байсариевдин жубайлары жондо жазбайсынарбы
26.11.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyialdaryn orundalsyn!
SUPER.KG видео
26.11.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koburook maktanat eken. Anan da kocho sozdordu kop koshup suyloyt eken. Kyskasy, ayta berse kop... Ishinizge iygilik!!!
SUPER.KG видео
26.11.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
faha,
Сын-пикир же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
26.11.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кыз,ушул даражасы менен биздин сулууларды тарбияласа, алар чет жакка уят болуп чыкпай эле коюшсун. суйлогонду уйронуу керек мммм

SUPER.KG видео
26.11.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече сүйгөнү менен баш кошуптур! Боюнда да бар окшойт. Бактылуу болушсун!
26.11.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик гана каалап кетем!
SUPER.KG видео
26.11.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят
SUPER.KG видео
26.11.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу бираз улуу корунот экен
SUPER.KG видео
26.11.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантсе да озу билет максатына жетише беришсин
27.11.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
89мун дейт окшобойт го,мактанганы жакбады
SUPER.KG видео
27.11.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай адамдар болсо кыргызстан бат еле которулмок ийгилик ишине
27.11.2014. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
демоорчулор ооруган,майып,балдар уйлоруно жардам беришсе ээ(((
SUPER.KG видео
27.11.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улуу корунот экен
SUPER.KG видео
27.11.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боже тетя
27.11.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой уйбулоодон чыккан кыз эмгектенип ушул даражага жетти.Уважаю людей ,которые сами чего-то добились в этой жизни.
27.11.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец всего добилась сама..и красавица и умница..
28.11.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul_esengulova89,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
SUPER.KG видео
28.11.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле улуу корунот экен
28.11.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жолдошу, сынака сары май шыбанып чыккан жигиттердин бири турбайбы! ! !
SUPER.KG видео
29.11.2014. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынчалык пас кетпейличи донго чыкса буттан тартып анга таштайсынарго,жаштарды котормолоп койсок осуу деген болсо керек бизде деле кыргыздарда
29.11.2014. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сразу видно, ложилась под нож хирурга, исправила не только нос... искренности не хватает в выражении лица... хотя у деловых женщин она должна быть именно для интервью
29.11.2014. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
01.12.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PATRICK,
Далили жок билдирүү жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! 5 күн банга!
SUPER.KG видео
03.12.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рыскуля канча жаш чон жигитинен?
SUPER.KG видео
07.12.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым,мен мен мен эле болсом дейт го бул айым.азыркы учурда кыргызсанда сынакты уюштурса,келээрки жылда аалам сулууларына катыштырып же катышып калса мен эле деп асманга учуп мурду менен тошун которуп болбой калса керек.Эмнеси болсо да жолдошун менен бактылуу бол,ийгилик...
08.12.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Без макияжа ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 10:45
08.12.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
devushka-zagadka,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болгула! Эскертүү!
SUPER.KG видео
27.12.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Мисс болгом дейт.бир мектепте окуучубуз вообще мисс болгону эсимде жок.Негизи Рыскуль катышкан жылы мектептен Алтынай Чикаева деген кыз уткан.Анан качан болуп журот
Медиа-портал
06.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ишинерге бирок эркектердин кызча кийингени кыргыздын менталитетине жатпайт уялбай кантип чыгышты же гейби булар?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо